Басма сөз баянаты

Жозеп Боррелдин билдирүүсү Европа Союзунун алсыздыгын ачыкка чыгарууда

Маалымат билдирүүсү

Жозеп Боррелдин билдирүүсү Европа Союзунун алсыздыгын ачыкка чыгарууда

Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин 2022-жылы 13-октябрдагы сөзү текчилдик мазмунда болду. Анын айтымында, Европа «бак», дүйнөнүн калган бөлүгү болсо «чытырман токой» имиш. Ал сөзүн улантып, Европа мамлекеттерине эмне кылууну да белгилеп өттү: «Бул чытырман токой бакка чабуул кылышы мүмкүн. Багбандар буга этибар бериши керек. Бирок, багбандар дубал куруу менен аны коргой албайт. Себеби, кичине бир кооз бакты токойдон коргоо үчүн бийик дубалдар менен коргондоо туура чечим эмес. Балким, багбандар токойго барышы т.а. европалыктар дүйнөнүн калган бөлүгү менен дагы да көбүрөөк сүйлөшүүлөрү керек. Антпесе, дүйнөнүн калган бөлүгү Европага жүрүш кылышы турган кеп». Ал эми, ал Эмираттар сыяктуу бир нече мамлекеттерден сындарды уккан соң, бул билдирүүсү үчүн кечирим сурады жана билдирүү туура эмес түшүнүлгөнүн, массалык маалымат каражаттары бул билдирүүнү өз багытынан буруп жибергенин айтты.

Бул билдирүү Европанын чыныгы жүзүн т.а. Европа гүлдөп-өсүшү жана дүйнөнүн калган бөлүгү колония болушу керек деп билишин ачыкка чыгарды. Европалыктардын тынчтык жана туруктуулук жөнүндөгү ураандардан максаты биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштарда Европа мамлекеттери ортосунда болгон согуштарды токтотуу эле. Дүйнөнүн калган бөлүгү ойрондулуктар астында калабы, коррупция жана талап тоноого дуушар болобу, алар үчүн мунун мааниси жок!

Европа Союзу түзүлгөндөн бери өз ара чыр чатак жана калктар ортосунда бөлүнүү сыяктуу кризистерден башы чыкпай келет. Бул кризистердин биринчиси ушул – Европа Союзу жалгыз вужуд эмес, бир союз. Бул болсо аны калктардын өзүнө тиешелүү өжөрлүктөрү менен ар дайым мунаса кылууга мажбур кылат. Ошондуктан, эч бир мамлекет союз түзүлгөндөн бери ага жетекчилик кыла албаган. Ар ирет алардын бири жетекчиликти ээлөөгө урунганда, анын алсыздыгын ачып таштай турган чыр-чатак жүзөгө келет. Британиянын 2020-жылы Союздан чыгышы да анын алсыздыгынын бир бөлүгү гана. Учурда Европа калктары үстүнөн коркуу чөйрөсү өкүм сүрүүдө. Себеби, алар да башкалар катары «Түндүк агым-1» жана «Түндүк агым-2» түтүктөрү жабылып, Россиядан газ агымы токтотулгандан кийин нефть жана газ баасынын өтө жогору көтөрүлүшүнө туш болушууда. Өз кезегинде, бул аларды кышта талап кылынган жогору ысытуу каражаттарына даярдык көрүү үчүн нан продукцияларын иштеп чыгаруучу цехтерин жабууга о.э. индивидуалдык даражада экономикалык үнөмдөө иш-чараларын көрүүгө мажбур кылууда.

Ооба, чындыгында бул кырдаал ата-бабалары эки дүйнөлүк согушту башынан өткөргөн калктар үчүн өтө коркунучтуу. Азыркы муун согуштан, ал тургай, ал жөнүндө ойлоодон өтө алыс. Согуштун ордун жашоодон ырахаттануу, бейпилдик ээлеген. О.э. жакырчылык эшик кагып жатканын сезип жаткан калктар үчүн да бул кырдаал өтө коркунучтуу.

О.э. 2020-жылы коронавирус эпидемиясы учурунда өзүн «бак» деп жаткан Европанын чатырлары кулап, бошоп калды. «Бак» «малканага» айланганын көрөсүз. Ар бир «малкана» Союздун курамындагы улуттук мамлекет тарабынан өз алдынча башкарылат. Алар «саламаттыкты сактоо чараларын» шылтоолоп кошуналары менен чегараларды жапты. Бул болсо, медициналык жардамдардын эркин аракетине тоскоолдук болду. Натыйжада «Европа калктары биримдиги» деген ураандын жалгандыгы көрүндү.

Акыркы күндөрдө Европанын позицияларында пайда болгон Батыштын эки жүздүүлүгү болуп көрбөгөн даражага жетти. Бул да ушул мамлекеттер кабыл алган жана кызыкчылыктардын өзгөрүшү менен мамилелер да өзгөрө турган капиталисттик идеологиянын чыныгы жүзүн ачыкка чыгарууда. Себеби, бул идеология материалдык баалуулуктан башка баалуулуктарды тааныбайт. Ал үчүн адамдык, ахлакый жана моралдык баалуулуктардын эч кандай мааниси жок. Коронавирус пандемиясынан мурда Иран менен болгон экономикалык алакалар буга далил. Акча, ресурстар жана чийки сырёлорго ээ болуунун ыңгайлуулугу же ликвиддүүлүгү – капиталисттик мамлекеттердин тили жана дини. Бул алардын Европа самолётторун Иранга сатуу келишимдеринде ачык көрүнүп турат.

Мындан тышкары, акыркы жылдарда Европа Союзуна мүчө мамлекеттер кабыл алган идеологиядан келип чыккан сакафатка тиешелүү проблемлар да көрүндү. Бул проблемалар ушул мамлекеттерди интеграция саясатын колдонууга үндөдү. Ушул саясат боюнча негизинен мусулмандар Батышка таандык акыйда жана жашоо таризине аралашпай, алар менен биргеликте жашоонун ордуна, Батыш баалуулуктарына моюн сунууга мажбур кылынууда. Муну менен«бактын» ар түрдүүлүктү коргоо жана ар кимге ылайыкташуу сыяктуу коргой турган жана мактана турган жогорку баалуулугу калбады. Бул баалуулуктар кээде пайда болсо, муктаждыкка карап, капыстан жок болуп калат!

Эй мусулмандар!

Жозеп Боррель катардагы бир европалык расмий эмес. Ал Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү. Анын билдирүүлөрү бардык европалык расмийлердин көз караштарын билдирет. Туурасы, Батыштын дүйнөгө, өзгөчө, мусулман өлкөлөрүнө карата көз карашын билдирет. Бул – анын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгара турган болсо бүткүл токойду да өрттөөгө даяр колонизатордун көз карашы. Демек, силер Халифалыкты кайра тикелөөгө шашылышыңар зарыл. Себеби, Халифалыктын армиясы гана Европанын ач көздүгүнө жана анын кресттүүлүк кол салууларына каршы коргоо калканы боло алат. Аллах Таала айтты:

﴿قَدْ بَدَتِ الْبَغْضَاءُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ قَدْ بَيَّنَّا لَكُمُ الآيَاتِ إِن كُنتُمْ تَعْقِلُونَ

«Алар силерди жаман көрүүсү ооздорунан ашкере болду. Жүрөктөрүндөгү душмандыктары болсо андан да чоңураак. Эгер, акыл жүргүзсөңөр силер үчүн аят-аламаттарды ачык-айкын кылып бердик»

                                                                                                                                   [3:118]

Жозеп Боррель жана анын артында турган европалык жетекчилерге келсек, аларга Аллах Тааланын ушул аяты менен кайрылабыз:

﴿فَعَسَى رَبِّي أَن يُؤْتِيَنِ خَيْراً مِنْ جَنَّتِكَ وَيُرْسِلَ عَلَيْهَا حُسْبَاناً مِنَ السَّمَاءِ فَتُصْبِحَ صَعِيداً زَلَقاً + أَوْ يُصْبِحَ مَاؤُهَا غَوْراً فَلَن تَسْتَطِيعَ لَهُ طَلَباً + وَأُحِيطَ بِثَمَرِهِ فَأَصْبَحَ يُقَلِّبُ كَفَّيْهِ عَلَى مَا أَنفَقَ فِيهَا وَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَى عُرُوشِهَا وَيَقُولُ يَا لَيْتَنِي لَمْ أُشْرِكْ بِرَبِّي أَحَداً + وَلَمْ تَكُنْ لَهُ فِئَةٌ يَنصُرُونَهُ مِن دُونِ اللَّهِ وَمَا كَانَ مُنتَصِراً

«Балким, Раббим мага сенин багыңдан жакшыраак (бир бак) берээр, (сенин багыңа болсо) асмандан чагылган жиберээр, анан, ал (сениң багың) теп-тегиз жерге айланып калаар. Же болбосо анын суусу (жер астына) сиңип кетип, сен аны эңсеп да таба албай калаарсың». (Чындыгында) анын мөмө багы жок кылынды. Өзү болсо куулдап (бош) калган (жүзүм) тирөөчтөрүн (көрүп) жана аларга жумшаган нерселерин (ойлоп), алаканын шак коюп (өкүнгөн бойдон): «Аттиң, кана мен да Раббиме эч кимди шерик кылбагандыгымда!»- деп кала берди»                                      [18:40-42]

 

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук маалымат бөлүмү

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago