Басма сөз баянаты

Касаба аянты аскерий жана коопсуздук казармасына айланганына карабастан, Хизб-ут-Тахрир өлкөнүн Эл аралык Валюта Фондуна жана анын филиалдарына сатылышына каршы саясий позициясын көрсөтүүдө

Маалымат билдирүүсү

Касаба аянты аскерий жана коопсуздук казармасына айланганына карабастан, Хизб-ут-Тахрир өлкөнүн Эл аралык Валюта Фондуна жана анын филиалдарына сатылышына каршы саясий позициясын көрсөтүүдө

Президенттин администрациясы өлкө жана калк үстүнөн көзөмөлүн күчөтүү максатында Эл аралык Валюта Фондунун өлкөгө кирип келишине уруксат берүү менен чектелбеди. Эл аралык Валюта Фондунун шарттары жана «өлтүрүүчү дозаларын» кабыл алуу кылмышына Жалпы Тунис Эмгек Конфедерациясын шерик кылуу үчүн андан «пара алуу» менен да чектелбеди. О.э. колонизаторлор жана алардын финансы уюмдары менен өкмөт ортосундагы тил бириктирүүнү ачып таштабашы үчүн Хизб-ут-Тахрирди алдан тайдыруу жана өзү менен өзүн алек кылып коюу максатында Хизб мүчөлөрүнө доомат кылуу менен да чектелбеди. Тунис президентинин администрациясы булар менен чектелбестен, 2022-жылы 25-октябрь күнү Касаба аянтын аскерий казармага айлантып, өкмөт үйүнүн майданына чейин бардык кирүү жолдорун жаап койду жана Хизб-ут-Тахрир Тунис вилаяты «Тунисти колонизаторлорго сатуу саясатына каршы» уюштурган демонстрациядан тосуу максатында адамдардын топтолушуна тыюу салды. Ушуларга карабастан, Хизб өз демонстрациясын өткөрүүгө жана ушул даъватын жолдоого жетишти:

  • «Ооздорду жабуу жана Хизб-ут-Тахрирдин бийлик менен Эл аралык Валюта Фондунун ортосундагы келишимге каршы пикир билдиришине уруксат бербөө саясатынан көрүнүп тургандай, мамлекет өзүнүн саясий чечимине ээ эмес. Чет мамлекеттердин элчиканалары бийликин Батыш жана ага караштуу финансы уюмдарынын өкүмдарлыгына каршы пикир билдирүүчүлөрдү жөн таштап коюушуна уруксат бербейт. Батыш өзүнүн өлкөгө хазарий жана материалдык жактан өкүмдарлык кылышына ыраазы болгон кишилердин демонстрация өткөрүшүнө гана уруксат берет, андан башкасына уруксат бербейт.
  • Чет элдик кредиттерден өлкөнүн эгемендүүлүгүнө жана саясий токтомдоруна зыян келиши анык. Себеби, каржылоочу чет элдик кредиттер – өлкөнү түздөн-түз колония кылуунун жолу. Француздар Тунисти ушул жол менен колония кылышкан. Бүгүн да ушул кредиттер өлкөдө өз таасирин орнотуунун жана өлкөгө каршы тил бириктирүүнүн жолу болуп калууда. Мындан таптакыр өлкөгө жакшылык келбейт.
  • Биз үчүн чыныгы чечим – капиталисттик системадан жана анын финансылык, экономикалык түзүмүнөн о.э. эл аралык жардамдардан жана кредиттерден баш тартуу. Мунун тушунда, Исламдагы адилеттүү экономика түзүмүнөн көлөкөсүндө, финансылык жана экономикалык кризистерсиз, бейпил, коопсуз жаңы жашоо баштоо үчүн Исламдын хазарий долбоорун кайра тикелешибиз зарыл».

Демонстрацияда бир катар баяндар болду, бийликтин өлкө жана жарандарды колонизаторлорго туткун кылып берген саясатына каршы ураандар айтылды. О.э. Хизб-ут-Тахрир Тунис вилаятынын делегациясы бийликке Хизб атынан «Эл аралык Валюта Фонду менен түзүлгөн кредиттик келишим – Тунисти колония кылуунун дагы бир каражаты» деген ачык катты берди.

Сөзүбүздүн аягында Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты өлкө жана жарандар Батыштын уюмдарына күрөөгө коюлушуна, ошол эле учурда өкүмдарлар-оппозициядан турган саясий класс Батыштын кучагына кирип, Батыштын өлкөдөгү өкүмдарлыгына ыраазы болууларына каршы өзүнүн саясий позициясын көрсөтө алды деп баса белгилейбиз. Бүгүн Хизб-ут-Тахрир Батыш жана анын жергиликтүү куурчактарынын өкүмдарлыгын жок кылуу о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө Ислам башкаруусун тикелөө аркылуу Тунисти кризистерден чыгаруу үчүн мурдагыдан да чечкиндүү жана кескин аракет кылууда. Аллах Таала айтат:

﴿الَّذِينَ إِنْ مَكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنكَرِ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ

«Эгер Биз аларды жер жүзүнө үстөм кылсак, алар намазды толук аткарышат, зекетти беришет, жакшылыктарга буйрушат, жамандыктан кайтарышат. (Бардык) иштердин акыбети Аллахтын (ыхтыярында)»                                                                                              [22:41]

Хизб-ут-Тахрирдин Тунистеги

маалымат бөлүмү

 

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago