Жаңылыктар

Бул аракет режимди өзгөртүү үчүнбү же анын башын гана өзгөртүү үчүнбү?! Мисирдеги кризиске анын башы эмес, түзүмү себепкер

Маалымат билдирүүсү

Бул аракет режимди өзгөртүү үчүнбү же анын башын гана өзгөртүү үчүнбү?!

Мисирдеги кризиске анын башы эмес, түзүмү себепкер

Мисир башынан өткөрүп жаткан кризистер жаңылык да, кокустук да эмес. Тескерисинче, бул – бири экинчисин сүйрөп келе жаткан кризистер тизмеси болуп, мунун себепкери – ондогон жылдар бою Мисирде өкүм сүргөн капитализм жана анын саткын малайлары. Режим түпкү маңызы жана чыгарган батыл мыйзамдары же калктардын калган байлыктарын ысырап кылып, алардын киреше жана эмгегин чайнабай жутуп жаткан токтомдору о.э. мамлекеттин бул кризистерден куткара турган чечимдери жок болгондугу менен ушул кризистердин күчөшүнө себепчи болууда. Балким, режимдин бардык «чечимдери» адамдардын желкесине дагы да оор жүк болуп түшүүдө, кризистерге кризис кошуп, ал тургай, ушул режимдин азаптарына чыдап келе жаткан Мисир калкынын калган сабыры да түгөнүп барууда.

Ошондуктан, Твиттер аркылуу «Чык 11-11 жана өлкөңдү куткар» хештеги менен Мисир көчөлөрүндө козголоңду күчөтүү жана режимдин зулум-зомбулугуна ачууланып жаткан жаштарды тартуу үчүн нааразылык демонстрациясына тынымсыз чакыруулар болууда. Ко-ош, бул аракет кандай жана качан жеңишке жетет? Мисирди түпкүлүгүндө эмне азат кылышы мүмкүн? Демонстрация ийгиликке жетиши үчүн эмнеге муктаж?

Биринчи: Сисийдин ушунча кылмыштарына карабастан, түпкүлүгүндө проблема Сисийдин өзүндө эместигин түшүнүүбүз керек. Анын аскерий болушу да, жарандыкка таандык болушу да бизди кызыктырбайт. Себеби, проблема мурун Абдуннасир, кийин Садат, андан кийин Мубарак жана Мурсийге чейин колдонулуп келген жана бүгүн Сисий башкарып жаткан түзүмдө. Ийгиликсиздик артынан ийгиликсиздик келүүдө, бир кризис кийинки кризистерге жол ачууда. Ошондуктан – мурун болгондой – учурдагы режимдин башын өзгөртүп, бирок режимди сактап калуучу ар кандай чечим козголоңду тизгиндөө, демонстранттарды талаптарынан чалгытуу жана дагы башталгыч чекитке кайтаруу болуп кала берет. Кудум 2011-жылы январда болгондой. Ушул себептен улам, режимди бүтүндөй түп-тамыры менен кулатуу зарыл.

Экинчи: бул режимди да, исламий өлкөлөрдөгү башка режимдерди да колдоп турган күч – колонизатор кафир Батыш. Өлкөлөрүбүз аларга көз каранды болуудан чыга албашы, байлыктарыбызды талап-тоноп, калктарыбызды дагы да жакыр кылуу аракети токтоп калбашы үчүн ушундай кылышат. Ошондуктан, Батышка жана анын бардык көрүнүшүнө байланыштуу бардык нерселерине болгон көз карандылыкты токтотуу жана биздин ичибизде жүргөн Батыш өкүлдөрүн кууп чыгаруу шарт.

Үчүнчү: ар кандай козголоң же аракет эгер өлкөлөрүбүздө колдонулуп жаткан капитализм демократиясына альтернатива долбоорго ээ болбосо же ээ болгону менен аны бийликке алып келүүнү жана колдонууну аң-сезимдүү түрдө түшүнгөн жетекчилер бул аракетке жетекчилик кылбаса, шек-күмөнсүз мындай аракет башынан эле ийгиликсиздикке учурашы анык, андан душмандары гана пайдаланат. Америкага малай режим кантип мурдагыдан да жагымсыз жана жийиркеничтүү түрдө кайра тикеленгенин өз көзүбүз менен көрдүк. Ал тургай, айрым аңкоо адамдар кылмышкер Мубарак заманын эңсеп калышты!

Мусулман өлкөлөрүндөгү ар кандай козголоң үчүн жалгыз ийгилик жолу – Уммат долбоорун т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык долбоорун көтөрүп чыгуу жана армиядагы калыс күч-кудуретке ээ Уммат перзенттеринин ага нусрат бериши. Мындан башка ар кандай жол бош чөйрө ичинде текке айлана бере турган жана мамлекет колонизатор кафир Батышка көз каранды болуп кала бере турган жол. Рошид Халифалык долбоорун Хизб-ут-Тахрир көтөрүп чыгууда. Хизб Умматты ушул долбоорду кучагына алууга чакырууда жана эч кемчиликсиз толук түрдө колдонуу үчүн армияларыбыздагы калыс адамдардан нусрат талап кылууда. Хизбдин идеясы өз динин сүйгөн жана анын көлөкөсүндө жашоону каалап жаткан Умматтын коомдук пикирине айланды.

Эй, Кинана өлкөсүндөгү армия сабындагы калыс мусулмандар!

Силер бул режимдин ар бир кылмышы үчүн Аллах Азза ва Жалланын алдында жоопкерсиңер. Себеби, бул режим маяналар, гранттар жана укуктар менен силерди алдай алганына кадыржам болгону үчүн Аллахка жана динине күнөөкөр болууга, пенделерине зулум кылууга батынып жатат. Негизи, режим силерге берип жаткан нерселер түпкүлүгүндө Мисир калкын курман кылышыңар жана алардын байлыктарын Батышка тапшырышына унчукпай карап турушуңар үчүн пара болуп эсептелет. Силер Мисир калкы азап-кыйынчылыкка туш болуп жатканын, ар тараптан мүмкүнчүлүктөрү азайып жатканын көрүп турасыңар. Демек, алардын куткаруучусу силер болгула, аларга жана диниңерге нусрат берип, Умматыңардын тарабына өткүлө. Силер жаңы козголоң толкунунун босогосунда турганда, Хизб-ут-Тахрир силерге ушул долбоорду сунуш кылууда. Бул альтернатива долбоор адамдардын үмүттөрүн жүзөгө чыгарат жана бардык проблемаларын – капитализм силерге сунуш кылган кыялдагы уу менен эмес – туура реалдуу чечет. Демек, ушул долбоорду кабыл алгыла жана ага нусрат бергиле, себеби, силер буга ылайыктуусуңар жана акылуусуңар. Бул долбоор силердин андан кымындай четке чыкпай турган талабыңарга айлансын, анткени, аны менен Роббиңер силерден ыраазы болот, анын жардамында Мисир жана Ислам Умматы Батыштын жана арамза режимдеринин, ыплас малайларынын чеңгелинен кутулат. О.э. бул долбоор силердин максатыңар болсун, Аллах силердин колуңар менен Өз убадасын жүзөгө чыгарып, экинчи рошид Халифалыкты тикелөө менен чоң ийгиликке ээ болушуңарды силерге насиб кылар.

﴿وَالَّذِينَ آمَنُواْ وَهَاجَرُواْ وَجَاهَدُواْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالَّذِينَ آوَواْ وَّنَصَرُواْ أُولَـئِكَ هُمُ الْمُؤْمِنُونَ حَقًّا لَّهُم مَّغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ

«Ыйман келтирген, хижрат кылган жана Аллах жолунда жихад кылган жана (мухажирлерге) үй-жай берип, жардам кылып нусрат бергендер – дал ошолор чыныгы момундар болуп, алар үчүн кечирим жана улуу ырыскы бар»                                                                                      [8:74]

Хизб-ут-Тахрирдин Мисирдеги

маалымат бөлүмү

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

5 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago