بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Түркия расмийлеринин Шам тогуту менен жарашуу жөнүндөгү билдирүүлөрү Түркиянын Сириядагы түпкү ролун ачыктоодо
Кудсул Арабий гезити хижрий 1444-жылы 16-рабиулаввал, миладий 2022-жылы 12-октябрда жарыялаган кабарда мындай делет: Түркия президентинин маалымат катчысы Ибрахим Калин түрк өкмөтүнө жакын болгон «TV24» телеканалы менен өткөргөн маегинде Эрдаган менен Башар Асаддын ортосундагы жолугушуу ыктымалына байланыштуу суроого жооп берип, мындай деди: «Учурда андай саясий абал жок жана биз буга умтулбай жатабыз, болгону президентибиз дипломатия эшигин бүтүндөй жаба албайбыз, деп келет. Ушул себептен улам, анын тапшырыгына ылайык, разведка кызматтарынын жетекчилери даражасында жолугушуулар өткөрүлүүдө». Калин Эрдагандын Сирия режими менен саясий байланыш каналдарын ачуу боюнча көрсөтмө бербегенин, бирок, муну «запаска коюп койгонун» баса белгиледи. Ал эки тараптын жолугушуусу – качан Түркия кызыкчылыктары талап кылса – бүгүн же эртең эле ишке ашышы мүмкүн деп кошумчалады.
Эрдаган жана анын расмийлеринин мындай билдирүүлөрүнөн жолугушууну жөнөкөй абалга айлантуу көздөлгөн. Ал эми, Эрдаганга көз каранды Сириядагы согушкер топтор жана өкмөттөр бир тараптан адамдарды тиричилик басымы жана экономикалык курчоо аркылуу, экинчи тараптан бири-бири менен уруштуруу, террор кылуу жана ооздорун жабуу аркылуу аларды режимдин чеңгелине кайтаруу үчүн рухий даярдап жатышат. Түрк режиминин тогут режим менен жарашууга болгон аракеттери жана ушул жөнүндөгү билдирүүлөрү сыр болбой калды. Бирок, буга албетте жооп берилиши керек. Жооп болсо, козголоңдун түрк режими менен болгон алакасын үзүү о.э. ушул режим тарабынан тартып алынган саясий жана аскерий эркин өч алуу ээлери болгон Шам калкына кайра алып берүү. Анткени, Шам калкы түрк режими жана ага малай топтор бузган иштерди оңдоолору керек. Шексиз, козголоң «бул режимди кулатуу жана Ислам башкаруусун тикелөө» болгон өз максатына кайтаруу менен болот.
Роя гезити, №413, 2022-жыл, 19-октябрь.
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…