Макала

Кыргызстанда квартира ижаралары кымбаттады, бей-бечара квартиранттар кайда баш калкалайт

Кыргызстанда квартира ижаралары кымбаттады, бей-бечара квартиранттар кайда баш калкалайт

Россия Украинадагы согушуна байланыштуу жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин, тизмеге кирип калуучу Орусия жарандары мамлекеттен шашылыш кача башташты. Алардын ичинен Кыргызстанга келгендери да болуп, бул жагдай Бишкек жана Ысык-Көлдө мейманкана менен квартиралардын ижара акысы көтөрүлүшүнө алып келди. Акыбетте квартира ээлери жергиликтүү мурунку квартиранттарын үлкөн ижара акы төлөөгө же квартирадан чыгып кетүүгө мажбурлашууда. Мына ушинтип, кылычын алып кыш келе жатканда Кыргызстанда эптеп-септеп баш баанектеп жашап жаткан Кыргызстан жарандары баш калкасыз калуу коркунучу туулууда.

Азырынча Кыргызстанга качып келгендердин көпчүлүгү орус улутундагы орус жарандары болууда. Анткени, орус жарандыгын алган мигранттарыбыздын көпчүлүгү Россиядан ипотекага үй алган болуп, ал себептүү Россиядан чыгып кетүүгө батынбай турушат. А бизге качып келген россиялыктар болсо бизди квартираларыбыздан сүрүп чыгарып олтурушат. “Кептин кези келгенде айтпасаң, сөздүн атасы өлөт” демекчи, кече эле улутчулдук жана мекенчилдик ураандары менен элди удургутуп жаткан “патриоттор” бүгүн квартираларын орустарга берип, өз элинин өкүлдөрүн көчөгө айдап чыгышууда. (Биз муну менен “улутчулдук” жана “мекенчилдик” жалган ураандар экенин, чындыкта болсо мамлекет пайдага негизделген капиталисттик идеология менен жашап жатканын о.э. “патриот”-чиновниктер болсо, силерди чыныгы ойгонуудан алаксытып, ушул ураандар аркылуу “уктатып” жатканын айтмакчыбыз).

Эми кептин ток этер жерине келсек, Кыргызстандагы квартиралар негизинен бир ууч чиновниктерге таандык. Алар курулуш компанияларына “доля”га олтуруу аркылуу коррупциялык жолдор менен жана өздөрү курулуш компанияларын куруп алуу менен көптөгөн квартираларга ээ болушкан. Алар квартираларын кымбат саткан соң, калгандарын чет элдиктерге ижараларга беришет, андан калгандарын суткасына ижарага беришет, андан калгандарына жергиликтүү акчалуу квартиранттарды олтургузушат. Бул батирчилер “жогорку кастадагы” квартиранттар болуп саналышат. Андан кийинки “каста” да бар. Алар азыраак акчалуу жергиликтүү квартиранттар. Мына эми орустардын келиши менен “жогорку кастадагы” квартиранттар кийинки катмардын квартираларын алып коюшуп, куулуп чыккан ортоңку кастадагылар  болсо эң төмөнкү катмардагылардын квартираларын талаша башташты. Эми бул эң төмөнкү катмардагы бей-бечаралар каяктан башкалка издешет?! (Мунун үстүнө, жумушсуздук, кымбатчылык да калкыбызды колколоп турат).

Мындан сырткары, Россия жарандыгын алган мигранттарыбыздын да кайтып келүү агымы күтүлүүдө. Негизи, алар ушул Кыргызстанда үй-жайга ээ болуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан Россияга кетишкен эле. Көбүрөөк акча топтоо үмүтүндө орус жарандыгын алышкан эле. Мына эми алардын көпчүлүгү үй-жайга жетиштүү каражат топтой албай, кайра эле кайтып келүүгө мажбур болуп олтурушат. Келген соң алар каякка баш калкалашат?

Бул турак жай жетишсиздиги маселеси бүгүн эле пайда боло калган жок. Бу союз учурунда да болгон, ал эми, капитализм келгенден бери андан бетер күчөп кетти. Демократия маскасын жамынган капитализм келгенде, “менчиктештирүү” реформасы аркылуу бир ууч чиновниктер союздан мураска калган бардык байлыктарды бөлүштүрүп алышкан. Анын алкагында жалпы элге тиешелүү болгон жерлер да “жаңы кыргыз” капиталисттердин колуна өтүп кеткен. Ошондуктан да, азыр көпчүлүк карапайым калк 4 сотых участокко жете албай, ага жетүү үмүтүндө Россияда тентиреп жүрсө, ал олигархтар гектарлаган жерлерди энчисинде басып жатышат. Ар келген бийлик ар түрдүү убадалар бергени менен, булардын баары алдоодон башка нерсе эмес. Ал тургай, “жаңы конуштар” деп аталган жайлардын үй ээлери да, алигече колдоруна документ алыша элек. Бийликтер алардан саясий упайлары үчүн пайдаланып гана коюп, бирок, аягына чыгарбай создуктуруп келишет.

Демек, үй-жай жетишсиздиги – бул капитализмдин табийгый “жемиши”. Силер капитализмде эле жашап турсаңар, эч качан бул көйгөйдөн кутула албайсыңар. Андыктан, азыркы учурда да, бул көйгөйдөн шарият өкүмдөрүнө амал кылуу менен гана чыга аласыңар.Эгер силер Исламыңарды жакшылап үйрөнсөңөр, андан бардык көйгөйлөрдүн чечимдерин табасыңар. Анын алкагында, мына ушул маселенин да чечимин табасыңар. Шарият боюнча, мамлекет ар бир жарандын негизги мухтаждыктарын: туракжай, зарыл азык-түлүк жана кийим кече менен камсыздап бериши керек.

Эгер камсыздап бербесе, аны талап кылып алуу силердин шаръий укугуңар.

Ал эми түпкү чечимге келсек, капитализмди бүтүндөй жоготуп, ордуна өз Исламыңарды алып келишиңер керек. Ал үчүн Исламыңарды терең үйрөнүп, аны алып келүүнүн шарияттагы жолун билип, ага ылайык аракет алып барышыңар ваажиб. Аллах Таала силерден талаб кылган нерсе да ушул. Аллах Таала айтат:

$pkš‰r’¯»tƒ} z`ƒÏ%©!$# (#qãZtB#uä (#qç7ŠÉftGó™$# ¬! ÉAqߙ§=Ï9ur #sŒÎ) öNä.$tãyŠ $yJÏ9 {öNà6‹ÍŠøtä†

«Эй момундар, Аллах жана Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда аны кабыл алгыла»                                                                                                                  [8:24]

Аллах Таала дагы айтат

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكًا﴾

«Кимде-ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, албете, ага таң-бактысыз турмуш болот»

Абдулхакийм Караханий

turkistonkg

Recent Posts

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

10 hours ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

1 day ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

1 day ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

1 day ago

«Яхудий жана насронийлер – алардын динине кирмейинче – эч качан сенден ыраазы болушпайт»

Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…

1 day ago

Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп эсептелет

Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…

1 day ago