بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Ирак калкы өз эркине ээ болуусунун, коррупционер режимден жана анын малай жетекчилеринен баш тартуусунун убагы келди
Хизб-ут-Тахрир–Ирак вилаятынын маалымат бөлүмү баса белгилешинче, Муктада Садр ички басым жана коркутуулар о.э. Иран жана баскынчы АКШ тарабынан болгон басымдардын натыйжасында пикетти таратуу позициясына өттү. Бул позиция садрчылар колдоочусу Казим Хаирий өз мартабасынан чегинишинен башталып, Садр айтып жаткан «ыплас куралдуу топтордун» садрчылар менен калыгышуусу менен бүттү.
Билдирүдө мындай делет: «Ар кандай байкоочу Муктада Садрдын бир пикирде турбаган адам экенин түшүнүп алышы кыйын эмес. Себеби, аны курчап алган нерсе – башкалар сыяыктуу – жеке кызыкчылык. Мисалы, ал ар сапар парламенттен чыгышын же шайлоолор жана саясий амалиятты бойкот кылышын билдирет. Кийин көп убакыт өтпөстөн, сөзүнөн кайтат. Кийин келишүүгө жетишип, кепилдиктер берилгенден кийин о.э. коррупцияны жоюу, коррупционерлер менен сүйлөшүүдөн баш тартуу туурасындагы ураандар абага учуп кеткенден кийин сөзүнөн кайтат!».
Билдирүүдө дагы мындай делет: «Иракта болгон жана болуп жаткан нерсе – кылмышкерлердин кызмат, карьера жана уурулук үстүндөгү күрөштөрү. Алар өз кызыкчылыктары үчүн бүткүл өлкөнү өрттөөгө да даяр. Ушул себептен улам, нажатты алардан күтүү мүмкүн эмес. Алар ушул сасык демократиялык түзүмдү сактап, андан өкүм сурап, аны коргоого чакырышууда».
Билдирүүнүн аягында мындай делген: «Жетишет, ойгонгула, көзүңөрдү каптаган парданы алып, Роббиңерге кайткыла жана мындан башка нажат жолу жок экенин түшүнгүлө. Силер «Умматтын башы эмне оңдолгон болсо, акыры да ансыз оңдолбойт» деген акыйкатты эбак эле түшүнүшүңөр керек. Бул болсо, Аллахтын динин жана шариятын бекем кармоо менен болот. Себеби, Исламсыз силер күч-кубатка да, улуулукка да жете албайсыңар. Билип койгула, эй мусулмандар, биз силерди бул дүйнө жана Акырет азиздигине чакырып жатабыз о.э. исламий жашоону кайрадан баштап, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө Роббиңердин шариятын өкүмдар кылууга чакырып жатабыз».
Роя гезити, №407, 2022-жыл, 7-сентябрь.
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…