Жаңылыктар

Карабахтагы чек ара чырынын артынан АКШ делегациясы Арменияга келет

Карабахтагы чек ара чырынын артынан АКШ делегациясы Арменияга келет

         АКШ Өкүлдөр палатасынын төрайымы Пелоси баштаган делегация Арменияга келет. Бул тууралуу Politico гезити жазды.

         Маалыматка ылайык, Пелоси сапардын алкагында Армения премьер министри Никол Пашинян баштаган өкмөт мүчөлөрү менен жолугат. Ал Арменияга Улуттук Кеңештин (парламент) төрагасынын чакыруусу менен келе жатат.

         Улуттук Кеңештин төрагасы Ален Симоняндын айтымында, Армениянын ЖККУдан күткөн үмүтү акталбай жатат. Учурдагы чыңалуунун азайышына АКШнын аралашуусу маанилүү ролду аткарган. Ошондуктан, Пелосинин сапары Армения коопсуздугунун кепилдиги үчүн маанилүү.

         Белгилүү болгондой, 13-сентябрда азер-армян чек арасында жаңжал чыгып, Армения тараптан каза болгондор 135 адамга жеткен. Ал эми, Азербайжандын 77 аскери каза болгон. Арменияда чек арадагы чыңалуудан улам Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өтүп, ЖККУ жана Орусиядан расмий түрдө аскерий жардам суроо чечими кабыл алынган. А бирок, ЖККУнун онлайн кеңешмесинде чек арадагы абалды баалап, объективдүү маалымат топтоо үчүн миссия жиберүү чечими чыгып, аскерий жардам жөнөтүү сунушу четке кагылды.

         Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкон. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Бул окуяда негизинен Түркиянын учкучсуз учактары колдонулуп, Азербайжандын үстөмдүгүн камсыздаган. Мындан маалым болгондой, АКШ Түркия аркылуу 2020-жылдан берки жаңжалдарды чыгарууга шыкак берип келет. АКШ Армениядагы таасирин арттырууда чек ара маселесинен пайдалангысы келет жана Орусиянын, ал жетектеген ЖККУ уюмунун жөндөмсүздүгүн ашкере кылмакчы. Муну менен Армения бийлигинде Америкага ыктаган саясатчыларды арттырып, аймактагы Орусия таасирин алсыратууну максат кылууда.

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

2 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

6 days ago