Электр энергия тармагына кезектеги кредит алынат
Парламент депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналында билдиргендей, Бюджет жана финансы боюнча парламент комитетинин мүчөлөрү «Электр энергия секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоору жөнүндө Дүйнөлүк Банк менен түзүлчү келишимди карап чыгат. Депутаттын айтымында, сунушталган келишимге ылайык Кыргызстан 50 миллион доллар кредит алат. «Келишимде электр энергия жаатында тариф саясатын өзгөртүүгө ишара кылынган. Кредит электр энергия секторун модернизациялоого жумшалат», – деп түшүндүрдү Дастан Бекешев.
Бул – кезектеги электр энергия секторун камтыган келишим. Себеби электр энергия боюнча түзүлгөн келишимдер абдан көп. Мисалга алсак, акыркы 15 жылда эле бул тармакка 2 млрд доллар көлөмүндө кредиттер алынган. Бул көлөм электр энергия сектору эң көп кредит алынган тармак экенин көрсөтүүдө. Анткени Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд доллардан ашат. Демек алынган кредиттердин дээрлик жарымы ушул тармакка жумшалган. Ар сапар бул жаатта кредит алуу боюнча келишим түзүлүп жатканда бул тармакты «модернизациялоо» деген нерсе шылтоо катары айтылат. Бирок ушунча үлкөн көлөмдөгү кредиттерге карабастан өлкөнүн электр энергия сектору оор абалда. Алынган кредиттер кумга сиңгендей жок болууда. Бул да электр энергия тармагы коррупциянын чордону экенин ырастап турат.
Негизи Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык каржы уюмдары колонизаторлордун куралы экендиги шексиз. Колонизаторлор алардын жардамында өлкөлөрдү карызга батырып, саясий жана экономикалык кызыкчылыктарына ишке ашырышат. Ушул Дүйнөлүк Банктын жана уюмдардын сунуштары, долбоорлору негизинде өлкөбүздөгү мамлекеттик саналган электр энергия секторун жеке тараптарга өткөрүү башталган. Бул үчүн атайын программалар түзүлүп, тийиштүү мыйзамдар кабыл алынды. Колонизаторлор бул тармактан өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланууну көздөшөт. Бул секторду модернизациялоо долбоорлорун сунуштап жаткандар да мына ошол колонизаторлор. Түпкүлүгүндө, модернизация – бул колонизаторлордун кирип келишине шарт жаратып, жол ачуу дегени. Модернизация да, электр энергия тарифтерин жогорулатуу да – колонизаторлордун талабы. Андан тышкары бул тармактагы коррупция аларга абдан жакшы маалым болсо да, алар кредит берүүнү токтотпой келишет. Кредиттин кайда жумшалганы дайынсыз жана модернизациянын жакшы натыйжасы жок. Демек, максат бул тармакты модернизациялоо же өнүктүрүү эмес. Алар үчүн маанилүүсү – өлкөнү карызга батыруу жана электр энергия секторун жасалма банкротко учуратып, “инвестиция” пардасы артында бул тармакка ээлик кылуу.
Көрүнүп тургандай, бул модернизация долбоорлору жана электр энергияга бааны жогорулатуу талабы электр энергия секторун кыйроого кептеп жатса, башка тараптан элибизди оор абалга салып, электр энергиядан жетиштүү пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууда.
Харун Абдулхак