بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Судандагы кезектеги өкмөт аскерий өкүмдарлык менен жарандардын карама-каршылыгы ортосунда
Партиялардын жетекчилери, аалымдар, журналисттер жана саясатчыларга толгон залда Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты 2022-жылы 6-август күнү өзүнүн айлык форумун өткөрдү.
«Судандагы кезектеги өкмөт аскерий өкүмдарлык менен жарандардын карама-каршылыгы ортосунда» деп аталган бул форумда устаз Насир Риза ири колонизатор мамлекеттердин (өзгөчө АКШ жана Британиянын) өлкө иштерине аралашуусун ачыктап, Абдуллах Хамдук 2019-жылы августта конституциялык документ түзүлгөндөн кийин бийликти кантип алганын баян кылды. Андан соң Аскерий кеңеш 4-июлда үчтүк механизми алкагындагы сүйлөшүүлөрдөн чыкканы туурасындагы берген Бурхандын кайрылуусуна токтолуп өттү. О.э. Насир Риза Суданда Америка тарабынан аскерийлер аркылуу ташталган бул кооптуу саясий кадамдын Британия элчилиги тарабынан колдоп-кубатталган жарандык күчтөргө каршы ташталганын да баса белгиледи.
Мухандис Басил Мустафа «Исламдагы башкаруу түзүмү» деген баянында жаңы хижрий жылдын башталганын баса белгилеп, Аллах Субханахудан бул жылды Ислам Умматы үчүн үстөмдүк, нусрат жана Халифалык жылы кылышын сурады жана ушуларды айтты: «Пайгамбарыбыз ﷺдын хижратынын башкаруу түзүмүнүн Судандагы башкаруу кризиси жөнүндөгү бул темабызга алакадар тараптары бар. Анткени, хижрат бийлик жана мамлекетти тикелөө жана мусулмандардын жаңы мыйзам, конституция жана мамлекеттин армия, полиция, элчиликтер, ички жана тышкы алакалар, сот сыяктуу түрдүү апараттарын түзүү үчүн жасалган хижрат. Ошондо негизи Ислам болгон 30-беренеден турган Мадина документи түзүлдү. Эгер, ошол кезде күтүлгөндөй Ясрибге Абдуллах ибн Абу Салул бийликти өз колуна алганда өзгөрүү адамдарды гана камтымак жана коом таптакыр өзгөрмөк эмес. Бирок, Пайгамбарыбыз ﷺ Ясрибге келери менен бүткүл коом түптөн өзгөрдү.
Биз да бүгүнкү күндө конституция, мыйзам жана колонизаторлор калтырган башкарууну түптөн өзгөртүүбүз шарт. Өлкөбүздөн колонизатор чыгып кеткенден бери болуп өткөн окуялар жасалма өзгөрүүлөр гана болду. Анткени, бизди мыйзам, конституция жана мыйзамчылыкта башкарып жаткан түзүмдөгү проблема алар инсандын нафсинен келип чыккандыгында».
Форумдагы талкуу, түшүндүрмөлөр бөлүмүндө бир катар саясатчылар, аалымдар жана журналисттер катышты: «Реформа жана Өнүгүү үчүн Келечек» кыймылынын саясий катчсысы доктор Нажий Мустафа, Судан Федералдык күчтөрү партиясынын төрагасы Хамид Мухаммадали Турин, Ирригация министрлигинин мурунку өкүлү, мурунку суу ресурстары директору мухандис Хайдар Юсуф, Ихванул Муслимин башкы күзөтүүчүсү шайх Сайфиддин Арбаб, Ихванул Муслимин саясий катчысы устаз Хасан Абдулхамид, журналист жана жазуучу устаз Мухаммад Мабрук, Судан Биримдиги порталынан устаз Жибрил Дав, университет профессору доктор Сидий Абу Зафир жана Исламий лидер Саййид Хитаб.
Роя гезити, №405, 2022–жыл, 22–август.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…