Макала

Жасалма эгемендүүлүк жагдайы

Жасалма эгемендүүлүк жагдайы

Акмак адамды акылдуусуң деп койсо, ал өзүн өтө акылман сезип алат. Так эле ушул сыяктуу, колонизаторлор үчүнчү дүйнө өлкөлөрү калктарын “эгемендүүсүң” деп койсо, кожоюндары айтпаган ураандарды айтып, эгемендүүлүк тууралуу ырларды жазып-ырдашат, кинотасмалар тартып, параддар өткөрүшөт… бирок турмуш чындыгында алар кул бойдон калышат.

Кыргызстанда 31-август мына ошондой “эгемендүүлүк” күнү. Быйыл да аны белгилөөгө даярдыктар алда качан башталып, эртең анын тыянактары чыгарыла турган күн болуп турат. Мунун каршысында – эгер адам акмак эле болбосо – анда албетте өзүнө “эгемендүүлүк эмне”, “чындап эле эгемендүүбүзбү” деген суроолорду берет.

Эгер эгемендүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү болгон саясий, экономикалык жана аскерий көз карандысыздык болбосо, анда ар кандай мамлекеттин герби – бир сүрөт; гимни – бир ыр; туусу – бир чүпүрөктөн башка нерсе эмес!

Эгер буларга учкай токтоло кетсек, саясий жактан бир нече мисалдар эле Кыргызстан эч кандай эгемендүү эмес экенин көзгө сайып көрсөтүп турат. Мисалы, “роза ыңкылабы” аркылуу Батыш кадрлары бийликке келип калышынын алдын алып, Россия өзүнө жакшы малай болуп берген Акаевди жылуу-жумшак алып чыгып кетти да, ордуна Бакиевди коюп койду. Кийин Бакиев АКШ жана Кытай менен да иштешип, “көп векторлуу” саясатка ыктагандыгы себептүү, козголоң аркылуу аны төңкөрүп, батышпарас кадрларды чөгөлөтүү менен убактылуу өкмөттүн башкаруусуна “уруксат” берди. Жана да Путинге каяша кылгандыгы айынан Атамбаев камакка алынды, Жээнбеков ишин эптей албай калганда болсо, азыркы бийлик да Россиянын “добро”су менен мансапка келди… (Бу малайлар ушулардын баарын кимдер уюштуруп жатканын көрүп-билип турса да, аларды ачык айта албай жалтактап “сырткы күчтөр” деп тергешет жана адамдарды акмак кылып, эч бир жарашпаса да “экстремизм жана терроризмге” жабыштырышууга жандалбасташат).

Экономикалык жактан Кыргызстан карыздар кылтагына кекиртегинен илинип турганы эч кимге сыр эмес. О.э. Россиянын өкүм-зордугу астында ЕАЭБге киргизилип, анын зордук-зомбулугун тартып келет. Башка жактан болсо Кытайдын экономикалык экспансиясы башын кылтыйтып, карызга батырууда жана анын аркасынан кендерди жана жерлерди “инвесторлук” аркылуу чекесинен ээлеп келүүдө. О.э. Батыштын кредит жана гранттары да колколоп турат…

Аскерий жактан болсо Россия Кыргызстанды басып турат. Ал “экстремизм жана терроризм” жомоктору менен коркутуп, Кыргызстанга аскерий базасын куруп алган. Негизи, мындан АКШ жана Кытайдын аскердик жактан кирип келүүсүнүн алдын алуу көздөлгөн.

Жогорудагыдай саясий, экономикалык жана аскерий көз карандылык колонизаторлор түзүп алган дүйнөлүк жана жергиликтүү эл аралык уюмдар аркылуу ишке ашып келет. Анан бул малайлар кайсы эгемендүүлүк тууралуу айтып жатышат?!

Эй мусулман бир туугандар, ошондуктан, жасалма “эгемендүүлүк” сыяктуу жалгандарга алданып жүрө бербей, демократия зулматынан – Ислам нуруна, капиталисттик империализм зулумунан – Исламий Халифалык адилеттигине чыккыла! Силерди буга Аллах Таала буйруган жана бул нерсе силердин эки дүйнөңөр үчүн пайдалуу.

 Туркистон

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

1 day ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

1 day ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

1 day ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

1 day ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

1 day ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

3 days ago