Азия

Эрдоган: (Израиль) менен кызматташтыкты өнүктүрүү тарапкерибиз

Эрдоган: (Израиль) менен кызматташтыкты өнүктүрүү тарапкерибиз

 Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган (Израил)дин президенти Ицхак Герцог менен телефондо сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда президент Эрдоган яхудий кесиптеши менен Түркия-(Израиль) ортосундагы алакаларды жана аймактык маселелерди талкуулады. Бул тууралуу Түркиянын байланыш министрлиги кабарлады.

Министрликтин билдиришинче, президент Эрдоган Түркия-(Израиль) ортосунда элчи дайындоо чечимин, эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелердин оң жакка өнүгүшү жолундагы маанилүү кадам катары көрөрүн баса белгилеген. О.э. (Израиль) президентинин админстрациясы да Эрдоган президент Герцогго “Израиль-Түркия мамилесин жакшыртуу багытындагы маанилүү аракеттери” үчүн ыраазылык билдиргенин кабарлады.

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия өкмөтү Тель-Авивге элчи дайындоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирген эле. Буга жооп иретинде (Израил)дин тышкы иштер министри Яир Лапид: “Бул Израиль жарандары үчүн маанилүү экономикалык жаңылык”, “Биз (Израил)дин дүйнөдөгү позициясын бекемдемекчи болуп жатабыз”, – деп Түркиянын бул чечиминен кубанычта экендигин жашырбаган эле.

Комментарий: Түркия өкмөтү (Израил)ге элчи дайындоо чечимин, кудум үзүлүп калган мамилелер кайра калыбына келтирилип жаткандай кылып көрсөтүүгө аракет кылууда. Негизи, Түркия-(Израиль) ортосунда мамиле 1948-жылы яхудий вужуду ыйык жерге зордукчулдук менен менен орнотуп коюлган күндөн бери бир күнгө да токтогон эмес. Ал тургай, Эрдоган-Перес ортосундагы чоң ызы-чууга себеп болгон “Ван минут” окуясы же Түркия-(Израиль) ортосунда олуттуу тирешүүгө себеп болгон “Мави Мармара” окуясы учурунда да бул эки мамлекет ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде уланып турган.

 Мындан тышкары, эки мамлекет ортосундагы мамиле элчи дайындоо менен эле чектелбейт. Мисалы, разведкага тиешелүү мамилелер, мамлекеттик уюмдар ортосундагы мамилелер, компаниялар ортосундагы мамилелер сыяктуу аскерий, саясий жана экономикалык мамилелер да бар болуп, мындай абалдар эки мамлекет ортосунда мамиле бар экендигин көрсөтүп турат. Түркия менен яхудий вужуду ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде уланып жатканын, керек болсо күн сайын күчөп бара жатканын ушул тармактар боюнча министрликтердин билдирүүлөрү көрсөтүп турат. Демек ушундай болгон соң, эки мамлекет ортосунда элчилердин жоктугу – бул эки мамлекет ортосунда таптакыр мамиле жоктугун түшүндүрбөйт. Тескерисинче, элчиликтин жоктугу сыртынан гана нааразылык билдирүү маанисин түшүндүрөт.

 Бул маселенин этибардуу тарабы мындай, Исламий өлкөгө зомбулук менен орнотуп коюлган яхудий вужуду эки апта мурда Газадагы мусулмандардын үстүнө бомбаларды жаадырып, 49 мусулманды, анын ичинде бейкүнөө наристелерди өлтүрдү, 360тан ашуун мусулманды жарадар кылды. Бул кыргындан эки апта өтпөй туруп, Түркия өкмөтү Тель-Авивде элчикана ачуу жөнүндө чечим кабыл алды. Негизи, бул өкмөт ар дайым Палестина калкы менен бирге экендигин жар салып келет.

 Киямуддин Шариф

 

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

14 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

15 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago