Тажикстанда АКШнын борбордук командачылыгы уюштурган машыгуу башталды
Кабар: 10-августта Тажикстанда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы уюштурган аскердик машыгуу башталды. Бул тууралуу АКШнын Тажикстандагы элчилиги кабарлады.
20-августка чейин улана турган “Аймактык кызматташтык – 2022” деген аталыштагы машыгуунун катышуучуларын АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм тосуп алды.
О.э. Поммершейм бул АКШнын Борбордук жана Түштүк Азия мамлекеттери катышуусундагы эң ири аскерий машыгуу экенин белгиледи.
“Бул машыгуу аймактагы өнөктөштөрүбүз менен мамилени бекемдөө үчүн укмуштай мүмкүнчүлүк жаратты”, – деди ал.
Элчиликтин кабарына таянсак, алты күндүк командалык-штаб машыгуусуна АКШ, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Пакистан жана Монголиянын аскерлери катышат.
О.э. Тажикстан менен АКШ Фахрабад полигонунда талаа машыгууларынын беш күндүк эки тараптуу компонентин өткөрүшөт.
Комментарий: Россиянын Украинага баскынчылык согушу созулуп, Россия аскерий жана экономикалык жактан алдан тайып барган сайын Борбор Азияда АКШ менен Кытайдын активдүүлүгү күчөп барууда.
АКШ аймактагы мамлекеттерди экономикалык жактан “ТАПИ” жана “CASA-1000”, “Термез-Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жол долбоорлору аркылуу өзүнө байлап алууга аракет кылып жаткан болсо, саясий жактан “С5+1”, Түркия башчылыгындагы “Түрк тилдүү мамлекеттер уюуму” аркылуу аймактагы түрк тилдүү мамлекеттерде таасирин бекемдөөгө аракет кылып келет. Америка аймакты аскерий жана саясий тараптан өзүнө тартуу менен эле чектелбестен, аскерий жардам көрсөтүү менен алардын аскерий жактан көз карандылыгын да күчөтүп барууда. Мисалы, 2018-жылы АКШ өкмөтү Тажикстандын коопсуздук мекемелерине жалпы баасы 8 миллион доллардык жабдыктарды тапшырган. Бул Америка өкмөтүнүн тажик өкмөтүнө бир жылдын ичинде берген аскерий жардамы болсо, буга чейинки 26 жылдын ичинде АКШ Тажикстанга 1,8 миллиард доллардык “жардам” берген. Америка 2015-жылы Өзбекстанга 300дөн ашуун бронетехника (MRAP) о.э. брондуу куткаруучу машиналарды (ARV) жеткирип берген болсо, быйыл Өзбекстандын коопсуздук кызматына караштуу чек ара аскерлерине жалпы баасы 2 миллион 250 миң доллардык 50 даана “Toyota Hilux” жана “Fortuner” унааларын жеткирип берди. Белгилүү болгондой, аскерий техника жана курал-жарак менен бирге аны колдонууну үйрөтө турган адистер, жергиликтүү аскерлерди даярдоочу инструкторлор, техникалар үчүн запастык бөлүктөр, ок-дарылар керек болот. Ошентип, аймактагы мамлекеттер аскерий тараптан да АКШга байланып барууда.
Кытай азырынча аймактагы мамлекеттерде саясий жактан активдүүлүк көрсөтпөй жатканы менен, ар түрдүү экономикалык долбоорлор аркылуу аймакта экономикалык экспанциясын кеңейтип жатат. “Бир алкак – бир жол” стратегиясынын алкагында “Жаңы жибек жолу” долбоорун ишке ашыруу, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору жана бул долбоорду дагы да кеңейтүү ушулар түркүмүнөн. 11-августта “Өзбекстан темир жолдору”нун жетекчисинин демилгеси менен Кыргызстан жана Афганистан темир жолдорунун жетекчилери видеоконференция өткөрүштү. Анда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан” жаңы коридорун түзүү жана ушул багыт менен жүк ташуу үчүн өз ара пайдалуу шарттарды түзүү, атаандаштыкка туруштук берүүчү тарифтерди киргизүү маселелери талкууланды. Көптөгөн жылдардан бери Россиянын каршылыгы себептүү токтоп турган темир жол долбоору жандана баштады. Кечээ күнү “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу курулушунун алкагында кытайлык 80 эксперт жол картасын даярдоо жана аталган темир жол курулушунун техникалык-экономикалык негиздемелерин тактоо үчүн Бишкекке келди жана бул документке сентябрь айында Самаркандда өтүүчү ШКУ саммитинде кол коюу пландаштырылган. Мындан тышкары, Кытай аймактагы мамлекеттердин тоо-кен өнөржайына инвестиция жаткыруу о.э. түрдүү грант жана карыздарды берүү аркылуу экономикалык таасирин да кеңейтип жатат…
Акыреттин түбөлүк неъматтарын бул дүйнөнүн убактылуу матасына алмаштырган аймактагы мамлекет башчылар болсо Борбор Азия калкынын акыйдасынан келип чыккан Ислам мамлекети байрагы алдында биригүүнүн ордуна, өлкөлөрүн колонизатор мамлекеттер үчүн саясий жана экономикалык таасир талашуу майданына айландырып берүү жана бир колонизатордон кутулуу үчүн башка колонизатордун кулдук кишенин өлчөп көрүү менен убара болушууда.
Туркистон