Байден Завахиринин өлүмү аркылуу рейтингин көтөрмөкчү
АКШ расмийлери “Ал-Каиданын” лидери Айман Завахири жок кылынганын билдирди. Завахири уюмду 2011-жылы Усама Бин Ладенден кийин жетектеп калган.
Маалыматка ылайык, уюмдун лидери 31-июлда Кабулда дрондун соккусунан өлтүрүлгөн. Борбордук чалгын кызматы жүргүзгөн операцияда ал жашырынган турак үйгө эки ракета тийген. Анын үй-бүлө мүчөлөрү, же айланасында жашагандар жабыркаган жок. А бирок, AКШ 2001-жылы Кандагар шаарындагы операциясында Завахиринин жубайы, уулу жана эки кызын өлтүргөн. Муну менен эле чектелбей, Завахири шылтоосу менен жүз миңдеген мусулмандарды жок кылган.
АКШ президенти Жо Байден буга байланыштуу кайрылуусунда, террористтердин лидери жок кылынганын, алар кайда жашырынбасын, канча убакыт өтпөсүн, АКШ алардын артынан сая түшүп жок кыларын айтты. Байден маалымат каражаттарында бул окуяны өч алуу катары чагылдыруу менен өзүнүн түшүп бараткан аброюн тикелемекчи болууда. The Harvard CAPSтын 11-июлдагы иликтөөсүнө ылайык, жыл башынан бери Байдендин ишмердүүлүгүнө карата ишеним 49%дан рекорддук түрдө 30%га түшүп калган.
Ал эми “Талибан” өкмөтү Завахиринин өлүмү боюнча төрт күндөн кийин билдирүү жасады. Анда басма сөз катчы Забихулла Мужахид Талибан өкмөтү Завахиринин Афганистанда болгонунан кабарсыз экенин жана чабуул дрон аркылуу жасалганын айтты.
«Америка баштаган эч бир өлкөгө Афганистандан коркунуч жок. Ислам Эмирлиги Доха келишимин ишке ашырууну каалайт. Мындай чабуул кайталанса, анын кесепетине Америка жооптуу болот», – деди Мужахид.
Белгилей кетсек, 2020-жылы Дохада түзүлгөн Талибан менен АКШ ортосундагы келишимде “Талибан” Ооганстандын аймагын АКШ жана анын союздаштарынын коопсуздугуна коркунуч жаратууну көздөгөн «террористтердин» колдонуусуна жол бербөө жоопкерчилигин алган. Мына ушул келишим аркылуу Талибан АКШ тузагына түшкөн эле. Башкача айтканда, 20 жылдан кийин шерменде абалда жеңилүү алдында турган АКШ Талибанды сүйлөшүү столуна тарта алган эле. АКШнын Афганистанга согуш ачышынын чыныгы себеби – эл аралык күрөштүн борборунда жайгашкан аймактын үстүнөн өкүмдарлык кылуу эле. Ошондуктан, Америка сүйлөшүү аркылуу бул стратегиялык аймакта өз вужудун сактап калуу менен бир катарда афган баткагынан да кутула алды.
Жыйынтыктап айтканда, Талибан эл аралык эрежелер күчтүү мамлекеттер тарабынан орнотулаарын түшүнүшү керек. Эгер, бул эрежелер Исламга тескери келсе, аларды хикмат жана күч менен өзгөртүү важиб болот. Эл аралык эрежелер өзгөрбөй турган, алмашпай турган стандарт деп карабоо керек. Тескерисинче, Талибан бийликке келген алгачкы күндө эле эл аралык мыйзам-эрежелерди өзгөртүүгө аракет кылышы шарт.
Мумтаз Маверанахрий
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…