Орто Азия

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери Чолпон-Атада жолугушат

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери Чолпон-Атада жолугушат

Кабар: 20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик кеңешмеси өтөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын билдиришинче,жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышат.

Жыйында аймактык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашуу о.э. аймактагы мамлекеттердин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын талкуулоо пландаштырылган.

Жыйындын алкагында президент Садыр Жапаров айрым президенттер менен жекече жолугушат.

Комментарий: 2018-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулган Борбор Азия өлкө башчыларынын консультативдик кеңешмеси аймактагы мамлекеттерди Россиянын таасиринен алыстатуу үчүн ишке ашырылып жаткан Америка долбоорлорунун бири болуп эсептелет. АКШ бир тараптан Түркия жетекчилигинде Түрк тилдүү мамлекеттер уюму аркылуу региондогу түрк тилдүү мамлекеттерде таасирин бекемдөөгө аракет кылып келет. Белгилүү болгондой, АКШ Борбор Азияга карата саясатын Түркия аркылуу ишке ашырат. Мында Түркия жана аймактагы Тажикстандан башка мамлекеттер түрк тилдүү экендиги пайдасын тийгизет. Ал эми, аймактагы жалгыз гана перс тилдүү болгон Тажикстанды консултативдик кеңешмеге тартуу менен аймактагы мамлекеттердин интеграциясын колдоп-кубаттап жатат.

 Консультативдик жолугушуунун биринчи жыйыны болуп өтөрү менен АКШ мамлекеттик катчысынын Чыгыш жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Элис Уэллс Ташкентте өткөн аталган жолугушууну алкыштаган. АКШнын ошол кездеги Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм болсо: “С+1” жакшы, бирок, С5 эч кандай кошумчасыз андан да жакшыраак! Өзбекстандын аймактык кызматташтык тармагындагы жетекчилиги мактоого татыктуу”, – деген. Мындан тышкары, 2021-жылдын 5-августунда өткөн консультативдик жолугушууга БУУнун өкүлү Наталья Герман да катышкан. Ушулардын бардыгы бул жолугушуунун артында АКШ турганын түшүндүрүп турат.

Борбор Азия мамлекеттеринин интеграция аракеттери АКШнын кызыкчылыктарына туура келет. Ал “С5+1” форматынан Борбор Азия мамлекеттерин Афганистан аркылуу дүйнөлүк базарга алып чыгууну о.э. ушул аркылуу аймактагы саясий-экономикалык кызыкчылыктарга ээ болууну көздөйт. 2021-жылдын 15-16-июль күндөрү ушул максатта конференция өткөрүп, анда аймактагы мамилелерди бекемдей турган “Термиз-Мазари-Шариф-Кабул -Пешавар” темир жолун курууга чакырыктар болгон.

Консультативдик жолугушуу экономикалык жактан региондогу мамлекеттерге пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок,ал үчүн аймактагы өлкөлөр колонизатор мамлекеттер жетекчилиги же таасири алдындагы уюмга эмес, тескерисинче калкынын көпчүлүгүн түзгөн мусулмандардын акыйдасы негизинде биригиши керек. Бүгүнкү күндөгү бардык эл аралык уюм жана бирикмелер колонизатор мамлекеттердин же алардын биринин биринин кызыкчылыгы жолунда түзүлгөнү жашыруун сыр болбой калды. Бул уюмдар кандай иш алып барбасын жана кандай гана убадаларды бербесин, бардыгы бузук негизге курулган. Биз бул уюмдардын ордуна – мусулмандарды эле эмес, бүтүндөй адамзатты колонизатордуктун зулумунан Ислам нуруна алып чыгуучу – Ислам мамлекетин тикелөөгө аракет кылышыбыз керек!

Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

5 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

5 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

5 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

5 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

6 days ago