Басма сөз баянаты

Сирия режими – канкор малай Ага жакындашуу – кылмыш жана Умматка каршы туруу

Сирия режими канкор малай

Ага жакындашуу – кылмыш жана Умматка каршы туруу

Хамас кыймылындагы бир булактын айтымында, бул кыймыл Сирия менен он жылдык үзүлүү жана көп жыл өкүм сүргөн сүкүттөн кийин мамилелерди кайра жолго коюуну максат кылган. Булак Шаркул Авсатка берген интервьюсунда «алакаларды тикелөө Иран жана анын Ливандагы Хизби менен көп жыл алып барылган талкуулардын бир бөлүгү болгонун» кошумчалады. О.э. «Хамастын бейтарап туруп, аралашпаганын, бирок, бардык ортомчуларга жакшы сигнал бергенин, өз кезегинде, Сирия да жакшы сигнал бергенин» баса белгиледи.

Шексиз, ушул Сирия режими Ислам Умматына каршы кылмыштарды жасап, Шамдагы мусулмандардын канын ичти. Ал Батыштын буйруктарын аткарган малай жана Умматтагы өзгөрүү жасоо аракетин жырткычтык менен бастырган курал болуп, ушул аркылуу терроризмди жаратуу жана Асаддын кылмышкер тобу аркылуу коркууга салуу, исламий дүйнөдөгү калган тогуттарга каршы козголууну каалагандарга «сабак» берүүнү көздөдү!

Канкор Башар жана анын малайлары о.э. Исламды жек көрүп, Батышты жакшы көргөн малай текчил аскерлери ушундай бир үрөй учурган кыргындарды жасашты… Алар порох бочкаларды жаадырып, чар тарапты кыйратышты, бүткүл дүйнөнүн көз алдында наристелерди коркутуу, намыстарга тийүү жана миллиондогон адамды качкынга айлантуу сыяктуу кылмыштарды жасашты… Дүйнө Башардын мындай токтоосуз кылмыштарына унчукпады, ал тургай, тескерисинче канааттанышты… Мисалы, Батыш жана дүйнөлүк системанын жетекчилери, негизинен АКШ жана Россия Асадга пландарды түзүп берип, бомбаларды жаадыруу, ойрондулуктарды жасоо жана долбоорлорду түзүү боюнча кызматташты. Мына, бүгүнкү күнгө келип алар мына ушундай канкор режимди кайра тикелөөгө аракет кылышууда.

Канды дайра кылып төккөн жана намыстарды тебелеген Асад режимин кайра тикелөө буйругу албетте анын кожоюндарынан т.а. АКШ жетектеген мамлекеттер аралык системадан келүүдө. Биздин өлкөлөрүбүздөгү Батышка малай режимдер буйрукту аткарышууда. Асад режиминин Умматка каршы ушунча кылмыштарынан кийин араб өлкөлөрү, Түркия жана башка исламий өлкөлөрдөгү режимдер Америка сызган планга моюн сунуп, «Сирия режимин кайра тикелөө» жөнүндө сүйлөй башташты… Негизи, Шамдагы калкыбыздын каны Фалестин, Ирак, Афганистан сыяктуу өлкөлөрүбүздөгү мусулмандардын канынан айырмаланбайт. Себеби, мусулмандар башка адамдардан өзгөчөлөнгөн бир Уммат.

Бүгүн Батышка малай исламий жана араб режимдери ыплас канкор Асад режимине жакындашуу менен өз милдеттерин аткарышууда. Колонизатор Батыш аларды ушул максатта пайда кылган т.а. Умматты бөлүү, биригишин алдын алуу жана колонизаторлордун буйруктарын аткаруу максатында. Демек, бул режимдердин Асад режимин колдошу жана жан тартып турушу таң калычтуу эмес. Себеби, алар да Асад режиминин затынан болуп, Умматты тизгиндөө жана адаштыруудагы ролдору гана айырмаланат. Мисалы, Сирия режими кыргын, кыйноо, намыска кол салуу жана качкынга айлантуу менен алектенген болсо, Түркия режими козголоңчуларды тизгиндөө, адаштыруу жана алардын арасындагы ыйманы алсыздарды сатып алып, Сайкс-Пико чегараларын улуулаган жалданма аскерлерге айлантуу менен алектенди. Катар режими адамдарды сатып алуу жана адаштыруу, Иордания режими курчоого алуу жана тыңчылык кылуу, Иран режими кыргын жана кол салууда кызматташуу менен алектеништи. Ушул бир бүтүн малайлардын оркестри колонизатор Батыштын колундагы куурчактар болуп эсептелет. Ошондуктан, малайлык жана Ислам Умматына каршы тил бириктирүүүдө ушул режимдерге тууган болгон Асад режими ортосунда мамилелердин кайра тикеленип жатканы табигый.

Саптар бири-биринен ажырап, бейтараптык үчүн орун калбаган. Америка жетектеген колонизатор Батыш жана анын малай режимдери Ислам Умматына каршы бир сапка өтүштү… Максат – Умматтын биригишине, батышчыл режимдер тобунан кутулуп, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу өз бийлигин кайтарып алышына жол бербөө. Кимде-ким канкор Асад режими сыяктуу батышчыл малай режимдерге жакындашып жаткан болсо, ал да Умматтын душмандарынын аңына түшкөн болот, ал тургай, Батыш Умматка каршы согуштун биринчи сабына тизген арзан куурчактардын сабына өткөн болот!

Асад режимине жакындашуу, шексиз, эң мункар кылмышка баруудан жана малайлардын катарынан орун алып, Умматтан алыстап, бул дүйнө жана Ахыретте Аллахтын каарына учуроодон башка нерсе эмес. Ага жакындашып жаткандар азиздик жана жеңишке жетише алышпайт, тескерисинче, кор болуп, Аллахтын, Расулунун жана Умматтын каарына учурашат.

Асад режиминин үрөй учурган кыргындарын эч качан унутпаган бул Умматка Аллах нусрат берүүгө убада берген. Дамаск жана Куддус… үстүнөн Укаб байрагы желбиреши, Фатихтер кошуундары бутка туруп, Римди фатх кылып, тарыхтагы позициясын кайра ээлеши туурасында да Ислам Умматына убада берилген. Демек, акыйкат тарабына өтүп, Умматтын катарына өткөндөргө бейиш болсун! Акыйкаттан бүтүндөй кабарсыз калып, тогуттардын жана алардын куралдарынын лагерине өткөндөргө о.э. Умматка каршы алдыңкы сапта турган жалданган малайлардын катарында тургандарга кордук жана шерменделик болсун, Аллахтын каарына учурашсын!

Аллах Таала айтат:

﴿وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ

«Зулумдук жолун туткан адамдарга таянбагыла, антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге (Аллах тарабынан) нусрат берилбейт»                                                                                    [11:113]

 

Хизб-ут-Тахрирдиин мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмү

 

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

19 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

19 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

3 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

3 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

3 days ago