Таъзия
Көптөгөн жылдардан бери Ислам жана мусулмандарга каршы душмандык менен күрөшүп келе жаткан диктатор, залим Эмомали Рахмон режими камагынан дагы бир даъватчы боордошубуздун мубарак жасаты чыкты. Эмомали Рахмон бийликке келгенден бери Ислам динине, баалуулуктарына, айрыкча, исламий даъват жүгүн көтөрүп чыгып жаткан мусулмандарга каршы күрөшүн бир ирмемге да токтотпой улантып келет.
Тогут Эмомали Тажикстан коому исламдашып барышына, коомдо исламий көрүнүш жана баалуулуктар жайылышына чыдай албаганы себептүү калыс даъватчы боордошторду узак мөөнөттөргө камакка алуу, жалган жалаа менен менен жаза мөөнөтүн узартуу, дининде бекем тургандарды жок кылууда Өзбекстандын өтмүштөгү президенти канкор Ислам Каримовдон кыпындай да калышпайт.
11-июлда анын камактарында дагы бир боордошубуз Абдулхамидов Собиржон Шамсиддинович шейит болду. Боордошубуз 1962-жыл, 1-март күнү Тажикстандын Хисор (Гиссар) районунда төрөлгөн. Ал мусулмандардын учурдагы кордук абалын, мусулмандар үстүнө орнотуп коюлган малай өкмөттөр Ислам жана мусулмандарга каршы ишке ашырып жаткан залимдик саясат натыйжасында мусулмандар өз динине эркин амал кыла албай жатканын көргөн соң, буга чек коё ала турган чечим жана жол издей баштады.
Тажикстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизб ут-Тахрир пикирлери менен таанышкан соң, исламий жашоону кайрадан баштоо жана мусулмандарды азыркы кордуктан азат кылуу максатында 2000-жылы Хизбге мүчө болгон. Даъват жолунда боордошубуз залимдин зулуму, жаманатты кылуучунун жаманатты кылышына кыпындай да көңүл бурбады. Анын даъват жолундагы аракети диктатор режимдин этибарынан четте калбады. Диктатор режим анын даъватына чек коюу ниетинде 2005-жылы бооордошубузду Хизбут-Тахрирге мүчө болгондук айыбы менен 4 жылга эркинен ажыратты. А бирок, боордошубуз 2009-жылы эркиндикке чыккандан кийин да даъватын токтотподу. Арадан 13 ай өтүп, 2010-жылдын май айында кайра эле ошол айып менен камакка алынып, 13 жылга эркинен ажыратылды. Боордошубуз камакта да даъватын токтотподу. 2014-жылы жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Вахдат районундагы №6-абакта “даъват иштерин улантып жаткандыкта” айыпталып, кайрадан кылмыш иши козголду, аны менен бирге 12 кишиге кайрадан өкүм окулуп, алар узак мөөнөткө эркинен ажыратылышты. Абдулхамидов Собиржон ушул жаңы кылмыш иши боюнча 21 жылдык жаза мөөнөтүн алды жана Курган-Тепа районундагы оор шарттагы колонияга этап кылынды.
Абактагы оор шарт, адамгерчиликсиз мамилелер боордошубуздун ден-соолугуна таасирин тийгизди. Боордошубуз медициналык жардамга муктаж болушуна карабастан, ага жетиштүү медициналык жардам көрсөтүлбөдү. Абактагы жашоо шарты да өтө оор болгон. Жакындары абактын жетекчилигине бир нече жолу жашы жана ден-соолугуна байланыштуу аны башка жакка которууну суранып кайрылышкан. Бирок “статьясы себептүү биздин колубуздан эч нерсе келбейт” деген жоопту алышкан.
Өнөкөт оору, абактагы оор шарт натыйжасында Абдулхамидов Собиржон агабыз 2022-жылдын 11-июлунда каза болду. Абдулхамидов Собиржон каза болгондо 60 жашта эле жана дагы акыйкатсыздык менен дайындалган 13 жылдык жаза мөөнөтү калган эле.
Биз Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтан Абдулхамидов Собиржон агабыздын тарткан азаптарын күнөөлөрүнө каффарат кылышын, күнөөлөрүн магфират кылып, Өзүнүн кеңири бейиштеринен орун беришин сурайбыз.
Боордошубуздун артында калган перзенттери, тууган-уруктары жана жакындарына сабру-жамил тилеп, терең кайгыруу менен таъзия билдиребиз. Аллах сиздерге көркөм сабыр берсин жана анын артынан сиздерди жакшылыктары менен сыйласын.
Албетте, ар бир мусулмандын, айрыкча, даъват аманатын көтөрүүдө үзөңгүлөш болгон боордошубуздун каза болушу бизди терең кайгыга батырса да, биз Аллахты ыраазы кыла турган сөздөн башкасын айтпайбыз:
الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ
“Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз”. [2:156]
Хизбут-Тахрир – Тажикстан
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу27-декабрда башталат Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу 20-декабрда президент…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…