Курбан айт куттуктоосу

272
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Курбан айт куттуктоосу

Аллоху акбар, Аллоху акбар, Аллоху акбар, ла илаха илла Аллох, Аллоху акбар, Аллоху акбар, ва лиллахил хамд…

Ааламдар Роббиси Аллахка мактоолор болсун, бүткүл ааламга рахмат болуп жөнөтүлгөн Пайгамбарыбызга (с.а.в.), анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аны дос туткандарга саламдар болсун…

Ассаламу алайкум рохматуллоох уа баракатуху.

Момун-мусулмандарды ушул он күндүктө таат-ибадаттар менен шаттуу кылган мубарек Курбан Айт майрамына да жетип келдик, Аллоху акбар. Биз, Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрир, бүткүл Ислам умматын, анын ичинде Кыргызстан мусулмандарын мубарек Курбан Айт майрамы менен куттуктайбыз. Аллах Таала кылынган ибадаттарыбызды, ажылыктарыбызды кабыл алып, бул Айтты жакшылыктарды алып келген Айттардан кылышын сурайбыз!

Алхамдулиллах, Кыргызстанда мусулмандар өз Исламына талпынуусу күчөгөндүктөн, жашоо-турмушубузга улам бир Исламий көрүнүштөр кайтып келүүдө. Эгерде умматыбыз эч кандай каршылыксыз өз абалына таштап коюлганда, алда качан толук Ислам менен жашоолору керек экенин билишип, алда качан ал жашоону куруп алышмак. Бирок, белгилүү болгондой, азыр дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан империалист кафирлер тарабынан Исламга жана мусулмандарга ар кандай чабуулдар болууда. Алардын мындай карасанатайлыктарын өлкөлөрүбүздөгү малай акимдер ишке ашырып беришүүдө.

Кыргызстанда алмашкан бийликтердин бардыгы тең бул кампанияга “активдүү” катышып келди. Мисалы, калыс мусулмандарды экстремистке чыгарып куугунтуктоо, ал эми, кафирлер менен алардын малайларынын иштерине шарияттан “жол таап” бергендерди “умеренный” атап, аларды колдоо; хижабга каршы чыгуу; пандемия шылтоосу менен жамаат намаздарына тыюу салуу ж.б.у.с.

Мындай аракеттерге азыркы бийлик тушунда да күбө болуудабыз. Мисалы, калыс мусулмандар дале куугунтукталып, камактарга алынууда. Бул бийлик калкты “умеренныйлаштырыш” үчүн “ыйман сабагын” убада кылган эле, эми болсо аны дагы да демократиялаштырып, “диндер тарыхына” айландырды. Казино мыйзамын болсо өкүмзордук менен өткөртүп салды ж.б.у.с.

Кадырлуу мусулмандар, бүгүн дүйнө туруксуз абалда турат. Муну Украина окуясынын айланасында көрүп турасыңар. Мунун алкагында колонизаторлор Орто Азияда таасир талашууларын күчөткөнүн да көрүп турасыңар. Алар биздин исламий өлкөлөрдү кайрадан олжо катары талашууну баштап жатышат. Мунун каршысында биздеги бийликтер кожоюн тандоо менен алек: Россиядан АКШга өтсөмбү же Кытайгабы деп. Эй мусулмандар, бирок силердин тандооңор бөлөк болушу керек. Б.а. силер Исламыңарды тандашыңар керек. Ал үчүн өз Исламыңарды үйрөнүшүңөр зарыл

Урматтуу мусулмандар – дүйнө жана акыретиңер үчүн – силер чыныгы Исламыңарды толук түрдө үйрөнүшүңөр зарыл. Силер аны демократияны туу туткан, капитализм түзүмү аркылуу каныңарды соруп жаткан кафир колонизаторлордон үйрөнө албайсыңар. Аны намаз окуса да, бирок, демократиясы менен сыймыктанган, орозо тутса да, бирок, капитализм менен башкарган жетекчилериңерден да үйрөнө албайсыңар. Аны силер мабдаий саясий партия болгон – Хизб ут-Тахрирден гана үйрөнө аласыңар. Мына ушундан улам да, кафирлер менен алардын малайлары силер менен биздин ортобузду бөлүүгө жан үрөп аракет кылып келүүдө. Ошондуктан да, пикир күрөшүнө чыдабай, арабызды камактар аркылуу бөлүп салууда. Биз го бул залимдердин зулумдарын көзгө илбей, силерге карай талпынуудабыз, силерге өз Исламыңарды жеткирүү аракетиндебиз. Эми бул тосукту алып таштоого силер да аракет кылууңар керек. Куду, Пайгамбар алайхис-саламга мушриктер койгон блокаданы Мекке калкы алып таштагандай, бул тосукту алып ташташыңар керек. Эгер эки дүйнө азиздигин издесеңер ушуну кыласыңар, болбосо колонизатор кафирлер менен алардын малайларынын арасында колмо-кол болуп, кул бойдон кала бересиңер. Бирок, силер азиздикти тандайт деген үмүттөбүз, анткени, силер адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөттүн өкүлдөрүсүңөр!

Дүйнөдө жүрүп жаткан өзгөрүү абалы да силерден ушуну талап кылууда! Аллах Таала айтат:

} žcÎ) ©!$# Ÿw çŽÉitóム$tB BQöqs)Î/ 4Ó®Lym (#rçŽÉitóム$tB öNÍkŦàÿRr’Î/ 3 {

«Акыйкатта, коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Алла аны өзгөртпөйт».        [13:11]

Аллах Таала чалган курбандыктарыңыздарды кабыл алсын. Дагы бир ирет Курбан айтыңыздар мубарек болсун.

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

  1. 07. 2022

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here