Халифалык аркылуу колонизатор кафирдин таасирин Судандан сууруп чыгарабыз

265
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Халифалык аркылуу колонизатор кафирдин таасирин Судандан сууруп чыгарабыз

 

Устаз Абдуссалам

Хизб-ут-Тахрирдин Судан

вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Шаршемби күнү үч тараптуу биргелешкен механизм (БУУ, Африка Союзу, Өнүгүү боюнча өкмөттөр аралык орган жана IGAD) жардамында Судан-Судан диалог сүйлөшүүлөрүнүн алгачкы сессиясы башталды. Анда Судан өткөөл кеңешинин төрагасынын орун басары генерал-лейтенант Хамидатий жетектеген Суверендүү кеңеш комитети, Элдик Конгресс менен бирге Демократиялык Союздаштар партиясы, Азаттык жана Улуттук Ылайыкташуу күчтөрү, Улуттук Кыймыл коалициясы, Ыңкылап Жабхасы, Либералдар партиясы катышты. БУУнун Судандагы атайын өкүлү Фолькер Пертес өз сөзүндө өткөөл өкмөттү колдоп-кубатташын айтып, акыркы чечим судандыктардын колунда экенин баса белгиледи. «Биз бул диалог аркылуу чыныгы өзгөрүү жасоону каалайбыз, милдетибиз диалогду жеңил өткөрүү», – деди БУУнун өкүлү. Хамидатий диалогдун сессиясына катышуудан баш тарткан тараптарды өлкөнүн жогорку кызыкчылыктарын биринчи орунга коюуга жана диалогго катышууга чакырды.

Суданда үч жылдан бери уланып жаткан азыркы саясий кризиске себеп, түпкүлүгүндө, бир тарапта Америка, экинчи тарапта Британия жетектеген Европа ортосундагы болуп жаткан мамлекеттер аралык күрөш. Ичкериде күрөшүп жаткан тараптар: аскерий кеңеш өкмөтү, жарандык өкмөт, куралдуу кыймылдар, кээ бир партиялар, каршылык комитеттери жана Баширден кийин пайда болгон уюмдар.

2021-жылы 25-октябрда Бурхан жарандык башкарууга каршы төңкөрүш кылышынан бир нече саат мурун АКШнын өкүлү менен жолугушту жана мындан Европанын канатын кыркып, адамдарын бийликтен алыстатуу максат кылынды. Бурхан төңкөрүштөн кийин Хамдукду үй камагына алып, катуу басым өткөрдү жана министрлерин камакка алды. Муну көргөн Европа элчилигин зыярат кылган судандык жетекчилер акылдан азышты о.э. Азаттык жана Өзгөрүү күчтөрү аскерийлер менен «Сүйлөшүү жок», «Кызматташтык жок», «Мыйзамдуулук жок» деп үч «жоктук» ураанын көтөрүп чыгышты… Ал эми, күндөр жана айлар өтүшү менен Америка өз өкүмдарлык чеңгелин бекемдеп алды. Европа малайларына басым кылуу үчүн көчө демонстрациялары менен биргеликте башка куралдарын т.а. үч тараптуу механизмди да ишке салды. Андан мурда Фолькер бардык күчтөр, мисалы, каршылык кыймылынын комитети сыяктуулар менен жолугушуп, аларды ушул кризистен чыгуу үчүн сүйлөшүү жана диалог өткөрүү зарылдыгына ишендирди. АКШнын Мамлекеттик катчысынын Африка иштери боюнча жардамчысы Молли Ви бул диалогдун сессиясы башталышынан мурда Суданга келип, Батыш элчиликтери менен алака кылган малайларды колдоп-кубаттады. Аскерийлер менен сүйлөшүү өткөрүүдөн баш тартып жаткандар Молли жана Саудиянын Хартумдагы элчисинин катышуусунда диалогго отурушту жана жолугушуу түздөн-түз сүйлөшүү деп каралды.

АКШнын Хартумдагы элчилиги жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Бүгүн 9-июнь күнү Саудия элчилигинин жардамы менен АКШ делегациясы, Судан Аскерий кеңеши жана борбордук Азаттык күчтөрү жолугушуу өткөрүштү. Жыйында кантип учурдагы саясий кризисти чечүү жана демократиялык өтүүгө алып келүүчү саясий амалиятка жетүү боюнча пикир алмашылды». Анда минтип кошумчаланат: «Биз тараптар өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюу жана башка кызыкдар тараптар менен диалог өткөрүүгө амал кылынышынын тарапкерибиз. Бул жолугушуу үч тараптуу механизм үчүн таптакыр альтернатива эсептелбейт. Бирок, ал тараптар ортосундагы ишенимди бекемдөөгө каратылган бардык аракеттерди колдоп-кубаттоого кызмат кылат».

Азаттык жана Өзгөрүү күчтөрүнүн маалымат катчысы Умар Дакир бул үч тараптуу механизмдин жардамындагы бул жолугушуудан кийин: «Биз Азаттык жана Өзгөрүү күчтөрү менен биргеликте бул механизмге жакшы мамиледе болууга даярбыз, максатыбыз «Төңкөрүшкө жана анын акыбеттерине чекит коюу» о.э. жарандык демократиялык өзгөрүүлөр жолун баарын айгинелеген толук бийлик жардамында тикелөө», – деди.

Көзгө ачык-айкын көрүнүп турган акыйкат ушул – бул саясий элита адамдардын турмушун ойрон кылып, Батыштын бузгунчу пикирлери, ач көз капиталисттик түзүмү жардамында жан чыдагыс тозокко айлантты. Ал тургай, муну менен да чектелбей, бийликке жетүү жана майлуу жайларды бөлүп алууда күнөөсүз адамдардын канынан пайдаланышты. Эмне үчүн, себеби, алар саясатты ката түшүнүштү, бийлик бул айлакердик, эки жүздүүлүк, жалган жана батыштык кожоюндарынын буйруктарын аткаруу деп билишти… Бийлик бул адамдарга камкордук кылуу жана кызыкчылыктарын коргоо деген түшүнүктөрдү бүтүндөй унутушту.

Америка Суданда туруктуулук болушун эч качан каалабайт. Тескерисинче, аны бөлүп, ыдыратууга урунууда. Буга Судандын түштүгү бөлүнгөнү ачык далил. Ал Дарфурдагы калган жерлерди, Мавий Нил, Судандын чыгышын жана түндүгүн бөлүп салуу схемасы боюнча аракет кылып жатат. Бул ага Судан байлыктарын талап-тоноо жана динди турмуштан бөлүүгө негизделген өзүнүн мабдасын жаюу үчүн өкүмдарлык чеңгелин бекемдешине жана Суданга жеке аким болуп алышына жардам берет. Кээ бирөөлөрдүн Америка демократиялык өзгөрүү жасамакчы деп ойлоп жатышканына келсек, бул куру кыял жана америкача алдоодон башка нерсе эмес. Себеби, бул колонизатор мамлекет кайда болбосун анын кызыкчылыктарын ишке ашырып бере турган малайларды издейт жана мында диктаторлордун болушун абзел деп билет. Негизи, демократия башынан аяк жалганга, адаштырууга негизделген. Трамп менен Байдендин тарпакерлери конгресстин имаратынын кандай абалга түшкөнүнө күбө болдук. Демек, Америка жана бүткүл куфр улуту билип коюшсун, зулум-караңгылык жана күчтүү Америка заманы аяктагына жакын калды, бүгүн Судан калкы Америка кандай мамлекет экенин тааныды жана колонизатор Батышка тарапкер пайдачыл саясий элитаны түкүрүп салууга аракет кылышууда.

Судан калкы ушундай бир түзүмдү каалашууда, ал адилетти жүзөгө чыгарат, залимдерден өч алат, коррупционерлерди жана өлкө-жаранга каршы кылмыштарды жасагандарды жазага тартат, акылууларга акысын алып берип, мазлумдарга жардам берет. Бул каалоо адам ойлоп тапкан, кафир Батыштын мыйзамдарына негизделген жана парламенттеги орундарды бардык нерседен жогору койгон түзүмдөр менен эч качан ишке ашпайт. Судандыктардын бул каалоосу өз мыйзамчылыгында адам, тирүүлүк жана ааламдын Жаратуучусуна таянган түзүм менен гана ишке ашат. Бул түзүм:

﴿وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ﴾

«Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын»                                    [5:49]

деген Аллах Субханаху ва Тааланын түзүмү. Бизге Расулуллах ﷺда чырайлуу үлгү бар. Ал мамлекет тикелеп, артта калган коомду өнүккөн жана бүткүл дүйнөгө он үч кылым жетекчилик кылган коомго айлантты. Бүгүнкү күндө биз да, эгер аскерий мекемедеги калыс офицерлер Хизб-ут-Тахрирге нусрат беришсе, ошондой мамлекетти тикелөөгө кудуреттүүбүз. Негизи, Хизб Умматка дастур долбоорун сунуш кылды, Халифалык мамлекетинин дастурун жана ал үчүн керектүү каражаттарды о.э. мамлекет жетекчилерин, мамлекеттин структурасын, башкаруу жана администрация аппаратын баян кылган дастурды, окшошу жок экономика түзүмүн жана пакиза ижтима түзүмүн, таалим программасын даярдап койгон. Хизб умтулуп жаткан жашоо таризи бүткүл адамзат жашоосун тынч-кадыржам жашоого айлантуу менен рошид халифалар жана фатих командачылар сийратын кайтарат, инша Аллах.

 

Роя гезити, №395, 2022-жыл, 15-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here