Роя гезити

Хизб-ут-Тахрир даъватты уланта берет, камакка алуулар тоскоолдук кыла албайт

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизбут-Тахрир даъватты уланта берет, камакка алуулар тоскоолдук кыла албайт

2022-жылы 7-май күнү Тунис коопсуздук кызматы Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бири устаз Тарик Рофиъни камакка алды. Устазга 2021-жылы 2-апрелде биринчи инстанция соту «саясий атаандаштарын жок кылуу аракети» деген кара ниет айып менен сырттан өкүм чыгарылган эле.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи:

«1 – Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн камакка алынышы эч кандай террордук уюмга тиешеси жок. Тескерисинче, алар исламий фикирлери үчүн куугунтукталышууда, бул Тунис жана калктын тагдыры менен ойношуп жаткан арамза режимдин Исламга каршы саясаты алкагында ишке ашырылууда. Устаз Тарик Рофиъ да пикирлери үчүн камакка алынды.

2 – Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө «терроризм» айыбын жабыштыруу катардагы адамдарды Хизбден коркутууга жана Тунис калкын Хизб менен биргеликте жашоону Ислам өкүмдөрүнө ылайык кайра баштоосун алдын алууга багытталган шерменде аракет.

3 – Бул камакка алуу 2022-жылы 26-февралда Хизб мүчөсү Ахмад Латифтин ушул айып менен камакка алынышы артынан болду. Мындай камакка алуулар режим Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайра баштоо даъватына басым өткөрүп, жалган айыптарды коюп, бул даъватка каршы күрөшкөн мурунку өкүмдарлардын саясатын улантып жатканына мисал болот. Ислам мамлекети чечим кабыл алууда көз каранды болбойт, байлык жана ресурстарды колонизаторлорго тапшырып койбойт, тандалган жигиттерин зулум жана жалган жалаа менен камакка таштабайт».

Билдирүүдө Тунис калкына кайрылуу жасалды: «Силер Тунис режимине ушул нерселерди уктуруп койгула: Хизб-ут-Тахрир Расулуллах ﷺдын Мадинаи Мунавварада алгачкы Ислам мамлекетин тикелеген тарыйкатына амал кылууда. Хизб ошол тарыйкатты кабыл алып, Расулуллах ﷺ башарат берген Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөөгө даъват кылууда жана көптөгөн исламий жана исламий болбогон өлкөлөрдө олуттуу иш алып барууда. Тогут ибн Али режимине каршы козголоңго күбө болгон Тунис да ошол исламий өлкөлөрдүн бири. Хизб-ут-Тахрир Ибн Алинин кулатылышын колдоп-кубаттаган. Бүгүнкү күндө да өлкө калкы берген курмандыктар текке кетпеши үчүн саясий багытты туура тарапка өзгөртүүгө олуттуу аракет  кылууда. Өз калкынын ишеничтүү насаатчысы жана аларды өз калкын алдабаган, эч качан алдабай турган Хизб-ут-Тахрир режимдин саясаттарынан сак болууга чакырып, режимдин саясатын «Туниске жана анын элине каршы кылмыш» деп эсептейт. О.э. Хизб расмий чөйрөлөрдө ойнолуп жаткан, акыбеттери дагы эле көрүнүп жаткан ыплас саясий максат үчүн берилип жаткан акчалардан да, илманийликти колдонгон жана Исламды бийлик, мыйзамчылык жана мыйзамдан алыстаткан ыплас демократиялык түзүмдүн кылмышынан эскертет. Бүгүнкү күндө Хизб чет элдик уюмдардан, негизинен, Эл аралык Валюта Фондунан жардам алуудан эскертүүдө. Себеби, бул, өлкөбүз башынан өткөрүп жаткан экономикалык кескиндиктин негизги себептеринен бири болуп, Тунисти кайра колонизаторлордун чеңгелине салып берет.

Хизб-ут-Тахрир эскерткен нерселердин баары реалдуулукта болгонун ар бир ынсаптуу байкоочу билет… Саясий чөйрөнүн колонизатор Батыштын кучагына кириши бүгүн өлкөбүз жетип келген акыбетке себепкер болду… Хизбдин күрөшү коопсуздук кызматына да, сот системасына да каршы каратылбаган. Себеби, ал Уммат перзенттерине каршы күрөшпөйт. Хизбдин күрөшү колонизатор Батышка жана анын өлкөлөрүбүздөгү малайларына каршы каратылган. Бул мунасасыз күрөш, анда кошоматчылыкка орун жок.

Аллахтын уруксаты менен, устаз Тарик Рофиъ зордукчулук менен камакка алынганына жана жасалма айыптоолорго карабастан, өз даъватын улантат. Хизб-ут-Тахрир да Ислам мамлекетин тикелөө аракетинде шаръий саясий жол менен бара берет».

 

Роя гезит, №392, 2022-жыл, 25-май.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

2 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago