Роя гезити

Ахыретте зыян көрүүчүлөрдөн

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

﴿وَمَن يَبْتَغِ غَيْرَ الإِسْلاَمِ دِيناً فَلَن يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ﴾

«Кимде-ким Исламдан башка динди кааласа, анда (анын «дини» Аллахтын алдында) эч качан кабыл алынбайт жана ал Ахыретте зыян көрүүчүлөрдөн (болот)»

Баса белгилеп айтсак, яхудийлер да, христиандар да – кафирлер. О.э. бутпарастар жана Аллахтан башкасына сыйынган ар бир адам – кафир. Мусулман – Мухаммад Расулуллах ﷺ алып келген Исламга иътикад кылган киши. Кафир – Ислам дининен башка динге иътикад кылган адам жана кайрымомун жана кайрымусулман. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ الدِّينَ عِندَ اللهِ الإِسْلاَمُ﴾

«Албетте Аллахтын алдында кабыл боло турган дин – Ислам дини гана»                       [3:19]

﴿وَمَن يَبْتَغِ غَيْرَ الإِسْلاَمِ دِيناً فَلَن يُقْبَلَ مِنْهُ﴾

«Кимде-ким Исламдан башка динди кааласа, анда (анын «дини» Аллахтын алдында) эч качан кабыл алынбайт»

                                                                                                                                     [3:85]

Демек, кайрымусулмн – кафир. Ал өлсө тозокко түшөт. Мында бутпарас да, яхудий да, христиан да, коммунист да бирдей. Себеби, алардын баары кафир болуп, кайрымомун жана кайрымусулман болуп саналат… Кыямат күнү баары тозокто түбөлүк калышат. Куръан аяттары Исламды дин деп кабыл албаган ар бир кимсени кафир деген. О.э. кайрымусулмандарды кафир деп этибар кылып, аларды кафирлерге жана кафир болбогондорго бөлүп ажыратпаган. Аллах Таала христиандарды мындай деген:

﴿لَّقَدْ كَفَرَ الَّذِينَ قَالُواْ إِنَّ اللّهَ هُوَ الْمَسِيحُ ابْنُ مَرْيَمَ﴾

«Аллах – Масих бинни Марям деген кишилер кафир болушканы анык»                             [5:17]

﴿لَّقَدْ كَفَرَ الَّذِينَ قَالُواْ إِنَّ اللّهَ ثَالِثُ ثَلاَثَةٍ﴾

«Аллах — Үчтүн (т.а. Аллах, Марям, Ийсанын) бири, деген кимселер да анык кафир       болушат»                                                                                                                       [5:73]

Ахли китептер т.а. яхудий жана христиандар жөнүндө мындай деген:

﴿يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لِمَ تَكْفُرُونَ بِآيَاتِ اللّهِ﴾

«Эй китеп берилгендер, эмне үчүн Аллахтын аяттарына кафир болдуңар»                      [3:98]

Мушриктер менен ахли китептер кафирликте бирдей экендиги жөнүндө мындай деген:

﴿مَّا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُواْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلاَ الْمُشْرِكِينَ أَن يُنَزَّلَ عَلَيْكُم مِّنْ خَيْرٍ مِّن رَّبِّكُمْ﴾

«Ахли китептерден болгон кафирлер да, мушриктер да силерге Роббиңер тарабынан бир жакшылык түшүшүн каалашпайт»                                                                               [2:105]

﴿لَمْ يَكُنِ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَالْمُشْرِكِينَ مُنفَكِّينَ حَتَّى تَأْتِيَهُمُ الْبَيِّنَةُ﴾

«Китеп ээлеринен жана мушриктерден болгон кафир кимселер тээ аларга ачык күбөлүк келгенге чейин (куфрдан) ажыроочу болушпады»                                                                            [98:1]

﴿إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَالْمُشْرِكِينَ فِي نَارِ جَهَنَّمَ﴾

«Албетте китеп ээлеринен жана мушриктерден болгон кафир кимселер жаханнам отунда болуп, ошол жайда түбөлүк калышат                                                                           [98:6]

Расулуллах ﷺ Бану Назир яхудийлерин көчүрүп жибергенде Аллах Тааланын ушул аяты түшкөн:

﴿هُوَ الَّذِي أَخْرَجَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ مِن دِيَارِهِمْ لِأَوَّلِ الْحَشْرِ﴾

«Ал ахли китептен (яхудийлерден) кафир болгон кимселерди, биринчи топтогондо эле өз мекенинен кууп чыгарган Зат»                                                                                         [59:2]

Бул Куръани Карим тексттери жана башкалары яхудий да кафир, христиан да кафир, мушрик да кафир экенине, баары ыйман келтирбегендерден болуп, тозоко түшөрүнө далалат кылууда.

Хизб-ут-Тахрирдин амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Рашта

 

Роя гезити, №392, 2022-жыл, 25-май.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago