Таъзия
Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизб ут-Тахрир жамааты өзүнүн активдүү мүчөсү, көптөгөн адамдар хидаят табышына себепкер болгон жана өзү жакшы көргөн нерсени башкаларга да ыраа көрүп келген боордошубуз Юсупов Момун агабыз мубарак Рамазан айында каза болгонун терең кайгыруу менен кабарлайт.
Боордошубуз Юсупов Момун 1960-жылы Ош облусунун Кара-Суу шаарында төрөлгөн. 7 баланы – 4 уул, 3 кыз – ыймандуу, таквалуу, Аллахтын дини жолунда кызмат кылуучу кылып тарбиялады. Боордошубуз Хизбдин пикирлери менен таанышкан күндөн баштап, анын активдүү мүчөсүнө айланды. 1998-жылы Хизбдин сабына кошулган соң даъватты көтөрүп чыгууда залимдин зулуму, жаманатты кылуучунун жаманаттысына көңүл бурбастан активдүү иш алып барды. Өз кезегинде Хизбдеги жоопкерчиликтүү милдеттерди аманаткөйлүк менен өтөгөн боордошубуз таква, сабыр жана итаат кылууда башкаларга үлгү болду.
Кечээ, 15-апрель күнү жамаат менен куптан намазын окуп – боордошубуз бардык намаздарын жамаат менен, мечитте окууга адаттанган эле – таравих намазынын да бир бөлүгүн окугандан кийин өзүн начар сезе баштаган. Мечиттегилерге кыйналып жатканын айтып, үйүнө кеткен жана түнкү саат 1.00 чамасында Аллахка аманатын тапшырды.
Биз Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтан Момун агабыздын солих амалдарын өзүнө шерик кылышын, күнөөлөрүн магфират кылып, Өзүнүн кеңири бейиштеринен орун беришин сурайбыз.
Боордошубуздун артында калган жакындарына көркөм сабыр тилеп, терең кайгыруу менен таъзия билдиребиз. Аллах сиздерди көркөм сабыр кылуунун артынан жакшылыктар менен сыйласын.
Албетте, ар бир мусулмандын, айрыкча, даъват аманатын көтөрүүдө үзөңгүлөш болгон боордошубуздун каза болушу бизди терең кайгыга батырса да, биз Аллахты ыраазы кыла турган сөздөн башкасын айтпайбыз:
الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ
“Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз”. [2:156]
Хизбут-Тахрир – Кыргызстан