Роя гезити

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү 2022-жылы 18-январь күнү жарыялаган билдирүү:

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис режими Исламга согуш ачты

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү 2022-жылы 18-январь күнү жарыялаган билдирүү:

Тунистеги жетекчилер Ислам ибадаттарын тебелөө жана Аллахтын динине кол салууда баарынан алдыда бара жатышат. Алар Исламды башкаруудан четтетишти, Аллахтын шариятын мамлекет жана коомдон бөлүштү, «терроризмге каршы күрөштү» шылтоолоп Исламга каршы согуш ачышты… бул нерселер аздык кылгандай, бүгүн жума намазын токтотуу менен Исламдын калган ибадаттарын да бекер кылышууда. Диний иштер министрлиги 2022-жылы 13-январь күнү «коронавирус эпидемиясынын жайылышын чектөө» деген жалганды айтып 14, 21-январда эки күн жума намазын токтотуу жөнүндө токтом чыгарды. Бул 12-январь күнү өкмөт тарабынан чыгарылган жыйындарга тыюу салуу туурасындагы токтомго шайкеш саясий токтом. Максат – 14-январда демонстрацияга чакырган президенттин атаандаштарынын жолун тосуу.

Диний иштер министрлиги саясатчылардын колундагы жөн гана оюнчук болуп, алардын каалоосун орундатуу негизинде – ал тургай, алардын каалоосу Исламдагы улуу ибадаттардын бирине тыюу салууну талап кылса да – фатва чыгарат. Бул Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзбөгөн залимдердин жума намазын токтотушу коронавирус пандемиясына да, адамдардын саламаттыгын сактоого да тиешеси жок. Тескерисинче, өкмөт адамдардын транспорт каражаттары, базарлар, мекемелердин алды сыяктуу жерлерде топтолуп калышын алдын алышы жана алардын кыйынчылыктарын жеңилдетип, саламаттыгына кам көрүшү зарыл эле. Жума намазын саясий күрөшкө айлантуу Тунис жетекчилеринин жүзүндөгү шерменделик тагы болуп кала берет. Негизи, алар Исламдын эң акыркы байланыштарынын бирин үзүүдөн да уялбай жатышат.

Ушуга ылайык, «Тахрир» (Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты тарабынан чыгарылган апталык саясий гезит) гезитинин №375-санында башкы макалада мындай делет: «Чыныгы козголоңдор узак убакытты талап кылбайт. Ким козголоңдор үчүн ондогон жылдар керек деген болсо, анын бул сөзү жалган болуп, адамдарды алдоо үчүн айтып жатат. Бул сөз эң кеминде козголоңчулардын рухуна сокку берип, кайратын өлтүрөт».

Гезитте мындай суроо берилген: «Биз, мусулман эмеспизби?! Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ﷺ биз үчүн үлгү эмеспи?! Ал Ислам мамлекетин тикелеп, Араб жарым аралындагы залим режимди кулатып, пайдубалы:

﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلاَّ لِلَّهِ﴾

«Өкүм кылуу Аллахтын Өзүнө гана таандык»                                                               [6:57]

аятында камтылган пикирий негиздин пайдубалын түптөбөдүбү?! Бул канча жылды талап кылды?! Шек-күмөнсүз, бул мамлекет бир нече жылда эле дүйнөнүн биринчи мамлекетине айланды жана кыска жылдар ичинде эле ошол убакта эң ири империялар болгон Фарс жана Румду кулатууга кудуреттүү болду.

Күчтөр тең салмактуулугуна келсек, кеп пропорциялуулукта. Расулуллах ﷺдын заманында да улуу империялар жана алардын үлкөн армиялары болгон, аларга бардык араб уруулары моюн сунган. Араб урууларынын аларга каршы күчү жетпеген, тескерисинче, алар бул империяларга каршы согушуусу биякта, ал тургай, аларды жеңүү жана көз карандысыз болуу жөнүндө ойлоп да көрүшпөгөн. Бүгүн биз жашап жаткан заманда да колонизатор мамлекеттердин армиялары күчтүү, массалык кыргын кылуучу куралдарына ээ… Бирок, бул жеңилген күчсүз мусулман башчылары бүгүнкү колонизатор күчтөр көп жылдардан бери мусулман калктарга каршы күрөшүп, жеңе албаганын түшүнбөй жатышат».

Тахрир гезити тыянактап айтат: «Козголоңчулар – Расулуллах ﷺ баскан жолдо болушса гана максатка жетишет. Анын жолу жөнөкөй жана эң аз башарий мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон жол. Адамдар бул жол анбия жана расулдарга таандык жол деп айтпашы үчүн Аллах анын башарий жол болушун каалады».

 

Роя гезити, №375, 2022-жыл, 26-январь.

turkistonkg

Recent Posts

Көркөм эсептелүүчү хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Көркөм эсептелүүчү хулктар Бордошун өзү менен тең көрүү жана өзүнөн…

13 hours ago

“Коопсуз шаар” долбоору аймактарда да колдонулат

"Коопсуз шаар" долбоору аймактарда да колдонулат Ички иштер министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорун өлкөнүн бардык аймактарына…

15 hours ago

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат Ливанда 17-18-сентябрда эки күн катарынан пейжер жана…

17 hours ago

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

3 days ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago