Садыр Жапаров КМШ саммитине катышат
Кабар: Президент Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитине катышуу үчүн 28-январда Санкт-Петербургга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Армения, Азербайжан, Беларус, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстандын президенттери катышат. Ошондой эле, саммитке мейман катары Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев катышары күтүлүүдө. Бейформал саммит Россиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен өткөнү жатат..
Комментарий: Мындан туура 30 жыл мурда т.а. 1991-жылы 26-декабрда СССР Жогорку Кеңешинин жогорку палатасынын сессиясында СССРди жоюу жөнүндөгү №142-декларация кабыл алынган. Ошентип СССР толук чачырап кетти. Россия СССРдин эл аралык уюмдардагы мураскору болуп белгиленди о.э. Советтер союзунун бардык карыздарын төлөө жана активдерине ээлик кылуу укугуна ээ болду. Россия өзүнүн мурунку колонияларын көзөмөлдө кармап калуу үчүн Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештиги уюмун (КМШ) түздү. А бирок, бул уюм көптөгөн жылдар бою болгону расмий жолугушуулардан жана көпчүлүгү аткарылбаган токтомдорду кабыл алуудан ары өтпөдү. Ал саясий жана экономикалык жактан таасирдүү уюмга айлана албады. Ал көбүрөөк символикалык кызматташтык болуп келди.
Бирок, акыркы жылдары Россия бул уюмдан да өзүнүн аскерий максаттары жолунда пайдаланууга аракет кыла баштады. Ушундай максатта 2020-жылдын күз мезгилинде ШКУ жана ЖККУ менен кызматташтыкта биргелешкен машыгууларды өткөрдү. Мындан тышкары, КМШнын алкагында бул уюмга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтары ортосунда кызматташтык жана ишмердүүлүктөрдү координациялоого, “терроризм” жана “экстремизм”ге каршы күрөштө кызматташтыкты күчөтүүгө умтулууда. Бул иште Россияга айрыкча “афган коркунучу” пайдалуу болууда.
Буга кошумча түрдө, акыркы кездерде АКШнын Украина шылтоосунда НАТО аркылуу чыгышка кеңейип жатышы жана Россияга жакын кирип келиши Путинди олуттуу кабатыр кылууда. Ошол себептен да, Путин АКШга бир тараптуу милдеттенмелерди сунуштап, ага ультиматум койду. Россия АКШга койгон шарттарында, АКШ мурда СССРдин курамында болгон жана НАТОго мүчө болбогон мамлекеттердин аймагында аскерий базаларды курбашы, ар кандай түрдөгү аскерий ишмердүүлүк үчүн алардын инфраструктурасынан пайдаланбашы жана алар менен эки тараптуу аскерий кызматташтыкты өнүктүрбөшү керектиги айтылган эле. Бул Американы “арткы фронттон” тыйылууга т.а. Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташуудан тыйылууга чакырык эле. Санк-Петербургда болуп өтүүчү бейформал саммитте да Путин негизинен ушул маселени көтөрүшү күтүлөт. О.э. региондогу мамлекеттерди АКШ жана НАТО менен кызматташуудан, аскерий базага жер берүүдөн тыйылууга чакырып, аларды мунун акыбети жаман болушунан эскертиши мүмкүн.
Абдурахман Адилов
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…