Жаңылыктар

Путин Россия үчүн негизги коркунучту атады

Путин Россия үчүн негизги коркунучту атады

Кабар: Экстремизм Россиянын биримдигине коркунуч туудурат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин коопсуздук органдары кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу видео кайрылууда билдирди.

Путиндин айтымында, россиялыктар орган кызматкерлеринен экстремизмге каршы күрөштө жаңы ийгиликтерди күтүшөт.

Путин: “Бул Россиянын биримдиги үчүн түздөн-түз коркунуч. Ксенофобиянын, социалдык жана диний кастыктын ар кандай көрүнүшүнүн алдын алуу зарыл. Адамдардын, айрыкча, жаштардын мамлекетке каршы мыйзамсыз аракеттерге тартылышына жол берилбеши керек ”, – деди.

Звезда” телеканалынын сайтында жарыяланган видеодо Россия президенти 2021-жылдын 11 айында өлкөдө террорчулукка тиешелүү 61 кылмыштын, анын ичинде, 32 теракттын алды алынганын билдирди. 11 жылдан бери ушул сыяктуу 200дөн ашык окуянын алды алынган.

Комментарий: “Экстермизм” жана “терроризм” – бул Исламга каршы күрөшүү үчүн Америка ойлоп тапкан термин. Путин башчылыгындагы орус өкмөтү да мындан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып, региондогу мусулмандарды өз таасири астында кармап туруу үчүн жасалма теракттарды уюштуруу аркылуу позициясын бекемдеп келет.

Путиндин 21 жылдык башкаруусу учурунда Россиянын экономикасы оор абалга кептелип калды. “Росстат” декабрь айынын башында жарыялаган маалыматка ылайык, жакырчылыкта жашап жаткан россиялыктардын саны 16 миллионго (калктын 11 пайызына) жеткен. Бул расмий жарыяланган маалымат. Көзкарандысыз эксперттердин билдиришинче, россиялыктардын төрттөн бири жакырчылыкта жашайт. Социалдык тармактарда жайылып жаткан видеоматериалдарда карылар жана жумушсуздар супермаркеттерде мөөнөтү өтүп кеткен азыктар таштандыга чыгарылышын күтүп турушканын көрүүгө болот. Ушундай абал себептүү адамдар арасында нааразылык  пайда боло баштады. Путиндин рейтинги төмөндөп барууда. Путин режими элди негизги проблемалардан алаксытуу үчүн дагы кайрадан экстремизм жана терроризм “коркунучунан” пайдаланууга аркет кылып жатат.

Негизи, Владимир Путин бийликке келеринде дагы Россияда бир катар теракттар жүз берген. Мисалы:

1999-жыл сентябрь. Дагестандын Буйнакск шаарында күчтүү жардыруу болуп, “Исламий террорчу”лар айыптуу деп табылды:

1999-жыл сентябрь. Жогорудагы жардыруудан бир нече күндөн кийин Москва шаарынын Гурянов көчөсүндө кудум ушундай күчтүү жардыруу болду. 106 адам өлүп, 690 адам жараат алды:

 1999-жыл сентябрь. Арадан бир аз убакыт өтүп, 13-сентябрь күнү Москванын Каширский шоссесиндеги 8 кабаттуу үйдө 300 кг тротил эквивалентиндеги күчтүү жардыруу болду. 124 адам өлүп, 7 адам жарадар болду:

 1999-жыл 16-сентябрь. Ростов облусундагы Волгодонск шаарынын Октябрск шоссесиндеги 9 кабаттуу үйдүн алдында бомбага толтурулган ГАЗ-53 жүк машинасы жарылды. Окуя болгон жерде 18 адам, ооруканада 1 адам каза болуп, 89 адам жараат алды …

 Жогорудагы жардыруулардын уюштуруучусу болгон Путиндин ушул “кылмыштарды” ачууда активдүүлүк көрсөткөндүгү себептүү рейтинги укмуштай көтөрүлүп, 2000-жылдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетти.

Бүгүн да Путин рейтингин көтөрүү үчүн дагы кайрадан эски ыкмасынан пайдаланууда. Анын бул күрөштөгү негизги “атаандашы” адаттагыдай эле Орто Азиядан барган эмгек мигранттары болууда. Укук жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген эмгек мигранттары орус өкмөтү үчүн оңой олжо болууда. Россиялык ЖМК жана телеканалдардын атайын кызматтар “теракт”  уюштурууга даярдык көрүп жаткан орто азиялыктарды кандай  кармап жатканы жөнүндөгү видеоматериал жана кабарларды тез-тез жарыялап жатышы да, Путин  2024-жылы өтүүчү президенттик шайлоого даярдык көрө баштаганына ишара кылат.

 Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

9 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago