Афганистанда “эң төмөнкү айлык” 5000 афгани болуп белгиленди
Афганистанда Талибан администрациясы жумушчу-кызматкерлердин, анын ичинде мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин маяналары жөнүндө жаңы токтом кабыл алды. Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн Финансы министрлигинин басма сөз катчысы Ахмад Вали Хакмал билдирди.
Эң төмөнкү айлык 5000 афгани (болжол менен 52 доллар) болуп белгиленгенин билдирген Хакмал бул токтом тез арада күчкө кирерин айтты.
Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, Талибандын жетекчиси мулла Хайбатулла Ахундзаданын айлык маянасы 228 750 афгани (болжолдуу 2400 доллар), убактылуу өкмөттүн премьер-министринин орун басары Мухаммад Хасан Ахунддун айлык маянасы 198 250 афгани (болжолдуу 2060 доллар) жана министрлердин айлык маяналары 137 250 афгани (болжолдуу 1430 доллар) болуп белгиленген.
Комментарий: “Эң төмөнкү айлык акыны белгилөө” Исламга жат болгон капиталисттик түшүнүк. Тарыхтан белгилүү болгондой, Батыш мамлекеттеринде өнөр жай ыңкылабы жүз берген соң, капиталисттер өздөрүнүн завод жана фабрикаларында катардагы адамдарды аз гана каражат акысына оор шарттарда көптөгөн сааттарга иштетишчү. Үй-бүлөнүн негизги муктаждыктарын камсыздоо үчүн бүткүл үй-бүлө мүчөлөрү, жада калса жаш балдар да капиталист байдын колунда күнү-түнү иштөөгө туура келген.
Ал эми, социалдык теңдик теориясын көтөрүп, жумушчулардын куткаруучусу катары майданга чыккан социализм адамдар оор шартта иштеп жаткан капитализмди жараксыз түзүм деп ага каршы үгүт жүргүзө баштады. Социализмдин пикирине ылайык, завод жана фабрикалардан түшүп жаткан киреше адамдардын ортосунда тең бөлүштүрүлүшү керек эле.
Мындай пикир кечке чейин оор шартта иштегенине карабастан, оокатын араң өткөрүп жаткан жумушчулар табына таасир кылышы, акыбетте капитализм түзүмү коркунуч астында калышы табигый эле. Бирок, бул учурда капиталисттер дароо ишке киришип, жумушчулар үчүн бериле турган маянанын эң аз өлчөмүн жана жумуш саатын белгилөөгө мажбур болду. Түпкүлүгүндө, бул капитализм түзүмүнө туура келбейт эле. Бирок, жумушчулардын оор шарттарда көп саатка иштеши аларда катуу нааразылык жаратпашы үчүн ушундай кылууга мажбур болду.
Исламда болсо, жумушчулар тайпасы, арийне “эң төмөнкү айлык” деген нерсе болбойт. Жумушчуга бериле турган акы жумуштун түрүнө, чоң-кичинелигине, оор-жеңилдигине жана жумушчунун бул ишке жөндөмдүүлүгүнө карап, жумуш берүүчү менен жумушчу ортосунда өз ара макулдук менен белгиленет, эч бир тарапка зулум кылынбайт. Эгер, жумушчунун кылган иши акысына алган маянасы турмушуна жетишсиз болсо, же оору, майыптык, карылык себептүү иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болбосо, анын негизги муктаждыктарын камсыздоого мамлекет жооптуу болот. Мамлекет аларды зекеттен түшкөн каражаттан же байтулмалдан камсыздайт. Албетте, бул өкүмдөр Халифалык мамлекетинде колдонула турган шаръий өкүмдөр. Дагы бир айта ктүүчү нерсе, Халифалык мамлекетинде жарандарга карата олчойгон коммуналдык төлөмдөр жана болор-болбос шылтоо менен белгиленген штрафтар жана ар түрдүү салыктар болбойт. Эгер, салыкка муктаждык жаралса жалаң гана байлардан муктаждыкка ылайык алынат, бирок ал да жыл сайын эле салына бербейт.
Киямуддин Шариф
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…
View Comments
buy lasuna sale - himcolin generic himcolin pill
buy generic probenecid over the counter - tegretol 400mg for sale carbamazepine 400mg tablet
betamethasone online buy - buy monobenzone online where can i buy monobenzone
buy alendronate 35mg pill - buy nolvadex cheap provera 10mg us
プレドニンジェネリック йЂљиІ© - гѓ—гѓ¬гѓ‰гѓ‹гѓі гЃ©гЃ“гЃ§иІ·гЃ€г‚‹ г‚ёг‚№гѓгѓћгѓѓг‚Ї гЃ©гЃ“гЃ§иІ·гЃ€г‚‹
eriacta reader - zenegra pull forzest owl
buy generic amoxicillin over the counter - buy amoxicillin cheap order ipratropium generic