Жаңылыктар

Индия Ассам штатындагы мусулмандарды кууп чыгарууну күчөттү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Индия Ассам штатындагы мусулмандарды кууп чыгарууну күчөттү

Индиянын Ассам штатындагы мусулмандар жашаган Дарранг районунан 1200 үй-бүлөнүн көчүрүлгөнү тууралуу окуяга түшүндүрмө берип, Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жаатынын төрагасы доктор Насрин Наваз мындай деди: «Ассам штатында мусулмандарды жарандык жана жашоо укуктарынан ажыратуу, калкка зомбулук саясатты жүргүзүп, мечиттерди бузуу жана үй-жайларды өрттөө о.э. аларды кылымдап жашап келген жерлеринен кууп чыгаруу Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына каршы этникалык тазалоо саясатын чагылдырууда. Ушунча кылмыштарга карабастан, дагы эле бир да мамлекет аралашкан жок. Айрыкча, мусулман мамлекеттери Ассам мусулмандарын рохинжа ага-ини жана эже-карындаштары менен бир тагдырдан куткаруу үчүн аракет кылышкан жок. Мусулман акимдердин жападан жалгыз позициясы бул үрөй учурган кылмыштарды курулай каралап коюу гана болду. Ошол эле убакта, бул малайлар Ислам жана мусулмандарды катуу жаман көргөн жана Кашмир мусулмандарына каршы жырткыч кылмыштарды жасап жаткан индус режими менен саясий жана экономикалык мамилелерди сактап келишүүдө…

Ислам жана мусулмандардын кызыкчылыгын коргоочу мамлекет болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекети жок болгон соң, ал жердеги мусулмандарды эч ким коргобойт. Чындыгында бир нече кылым Ислам башкаруусу көлөкөсүндө жашаган Индия калктары Халифалык мамлекети адилетти, коопсуздук жана бейпилдикти камсыздаганына жашоосунда күбө болушкан жана көпчүлүгү Исламды кабыл алышкан. Ошолордун неберелери 1924-жылы Халифалык мамлекетинин кулатылышына каршы алдыңкы сапта туруп күрөшкөн. Халифалыктын кулатылышынын акыбети Индияга жана бүткүл дүйнөгө караңгылыктан башка нерсе алып келбеди. Шек-күмөнсүз, ырас, бул улуу мамлекетибиз кайра тикеленбесе, Индия, Мьянма, Чыгыш Түркстан жана башка өлкөлөрүбүз бир күн да коопсуздук, тынчтык, бейпилдик жана бакыт-таалай ниъматына жетише албайт».

 

Роя гезити, №361, 2021-жыл, 20-октябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

13 hours ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

2 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

2 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

3 days ago