Жапаров өлкөнүн тышкы саясаты боюнча пикирин билдирди

289
0

Жапаров өлкөнүн тышкы саясаты боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында Орусия жана Түркия менен стратегиялык кызматташтык кыйла бекемделгенин билдирди. Ал Кытай менен кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканын, коронавирус боюнча абал турукташканда бул өлкөгө сапар аларын, бардык маселелерди сүйлөшүп, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну алдыга жылдырарын баса белгиледи.

“Акыркы 4-5 жылда кошуна мамлекеттер менен кызматташтыгыбыз абдан салкындап кеткен. Кошуналар менен кылымдар бою чиелешип келген карым-катнашыбыз. Биз дайыма тең укуктуу диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты колдоп, талаш маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүүнү көздөйбүз”, – деди мамлекет башчысы.

Президент өткөн жылы Азия, Араб, Америка, Европа өлкөлөрү жана Европа Биримдиги менен кызматташуу жигердүү өнүккөнүн, жакынкы келечекте алардын кээ бирлерине баруу пландалганын кошумчалады.

        Кыргызстан буга чейин толук түрдө Орусиянын көзөмөлү астында саясат жүргүзүп келсе, учурдагы бийлик Кытай жана Батыш менен кызматташтыкты күчөтүүгө аракет кылууда. Айрыкча, Кытай менен болгон алака күчөтүлүүдө. Буга өлкөнүн экономикалык жактан оор абалга кептелиши, Орусия убада кылган ири долбоорлор тоңдурулуп турганы себеп болууда. Ошондой эле, Батыш Түркия аркылуу кызматташтыкты күчөтүп жатат. Анткени, АКШ Орто Азияга карата саясатынын бир бөлүгүн Түркия аркылуу жүргүзүүгө аракет кылат. Буга аскердик жактан кызматташуу, түрк элдеринин биримдиги сыяктуу маданий долбоорлордон тартып Борбор Азия интеграциясын күчөткөн Түркия-Кыргызстан ортосундагы мультимодалдык жол сыяктуу экономикалык жана стратегиялык долбоорлор кирет. Бул долбоорлор өз кезегинде Борбор Азияны Орусиянын таасиринен алыстатат. Демек, Жапаровдун сырткы саясаттагы азыркы позициясы көп багыттуулукка багытталып жатат. Анын мындай кадамдары ички саясатта аброюн көтөргөнү менен Орусияга жакпашы анык. Ошентсе да Кыргызстан Орусиядан жүз үйрүп кете албайт. Анткени, миллиондон ашык жарандын Орусияда эмгектенүүсү, импорттук товарлардын негизги бөлүгү Орусиядан келиши ага өлкөгө басым өткөрүүгө жол ачат. Эгерде кыргыз бийлиги Орусиянын талаптарын аткарууну кечиктире баштаса, дароо эмгек мигранттарына басым күчөйт. Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирүүдө да Орусия бийлиги мигранттар проблемасынан пайдаланган. Буга кошумча, чек ара, улуттар аралык жаңжалдар да Орусиянын негизги рычагдарынан.

Түпкүлүгүндө, бул ири мамлекеттер өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет. Демек, учурда колдонулуп жаткан капиталисттик түзүм менен элдин үмүтүн актоо мүмкүн эмес. Анткени, Кыргызстанга өнүккөн мамлекет катары көрүнүп жаткан АКШ, Европа, Кытай өлкөлөрү, а түгүл СССР дагы колонизаторлук саясаттын негизинде экономикалык жактан өнүгө алган. Башкача айтканда, алар Азия жана Африкадагы 3-дүйнө өлкөлөрүнүн сырьёлорун ит бекер ташып кетүү, алардын арзан жумушчу күчүнөн пайдалануу жана бул аймактарды өз товарлары үчүн базарга айлантып алуунун натыйжасында экономикалык өсүшкө жетишти. Демек, Кыргызстан мусулмандарынын өнүгүү жолу бул колонизаторлордон кутулуудан башталат. Башкача айтканда, башка мусулман боордоштору менен биргеликте, бүткүл дүйнөлүк Исламий Халифалыкты тикелөөлөрү шарт. Үммөт алдында мындан башка капитализм зулматынан кутулуунун жолу жок.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here