بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Фалестин жетекчиси Махмуд Аббас адаттагыдай Фалестин маселесин жок кылуу үчүн демилге көтөрүүдө!
Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өз сайтында жарыялаган түшүндүрмөдө Фалестин президенти Махмуд Аббастын жума күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында айткан сөздөрүнө раддия билдирип, ушуларды баса белгиледи: «Аббастын арты үзүлбөгөн билдирүүлөрү тешик чакага суу куюу сыяктуу. Мисалы, көп жылдар мурун анын Азаттык Уюму яхудий вужудун моюнга алуудан баш тартуу менен коркуткан, бирок бул коркутуусу абага учуп жок болду. Себеби, Азаттык Уюмунун позициясы яхудий вужудунун коопсуздугун коргоо жана Фалестин маселесин жок кылуу болуп эсептелет».
Түшүндүрмөдө ушуларга басым жасалды: «Аббастын альтернативалары мурункулардан да ыплас болуп, кыянат жана кылмышта Осло келишиминен айырмаланбайт. Анын сунуштары бир жыл ичинде Фалестин маселесинен калган нерсени да жок кылат. Т.а. Аббастын «Фалестин калкы эл аралык коргоо менен камсыздалышы керек» деген чакырыгы баскынчылык үстүнө баскынчылыкка чакыруу болуп эсептелет. Себеби, эл аралык күчтөрдүн кириши дагы бир баскынчылык болуп, анын зомбулугу яхудийлердикинен калышпайт. Босния жана Герцеговина жана башка өлкөлөрүбүздөгү окуялар буга жандуу күбө. Тынчтык чечимин аткарууда, регион жана Фалестинде терроризмге каршы күрөшүүнү улантууда бекем турган Аббас кыянатта бекем турушун баса белгилеп, анын режими «терроризмге каршы күрөшүү» астында Исламга каршы согушуп жатканын ачык билдирди».
Түшүндүрмөнүн акырында мындай делет: «Фалестинди Аллахты гана дос туткан, колонизаторлордун долбоорлоруна жана токтомдоруна моюн сунбаган, Аллах Тааланын:
﴿وَأَخْرِجُوهُم مِّنْ حَيْثُ أَخْرَجُوكُمْ﴾
«Силерди (кууп) чыгарган жайдан аларды да кууп чыккыла!» [2:191]
деген аятын ишке ашыра турган жетекчилер азат кылышат».
Роя гезити, №358, 2021-жыл, 29-сентябрь.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…