Жаңылыктар

Талибан ката жолго кадам таштадыбы?!

Талибан ката жолго кадам таштадыбы?!

Устаз Хасбуллах Нур

Талибан кыймылы өткөргөн маалымат конференциясы анын Афганистанды башкаруу жолундагы компасы сыяктуу болгон. Талибандын маалымат конференциясында айткан сөздөрүнөн Афганистандын ичинде жана сыртында алып бара турган мунасага барбоо позициясы көрүнүп турган. Мисалы, Талибан кыймылынын расмий сүйлөөчүсү Забихуллах Мужахид негизги этибарды ушул пункттарга каратты: жалпы мунапыс жарыяланды, чет элдик күчтөргө жардам берген кимселер да кечирилди… Забихуллах Мужахид элчиликтердин коопсуздугун камсыздоого, бийликке кошулгандардын баарынын кепилдиги эсепке алынышына, массалык маалымат каражаттарынын эшиктери баарына ачык болушуна убада берди. О.э. адам укуктары жана аялдардын укуктары жөнүндө да айтылды.

Талибанга карата позиция белгилөө үчүн анын бул кайрылуусун Афганистандын ичинде да, сыртында да өтө көпчүлүк күтүп турган. Талибандан ушундай кабарын күтүп жаткандар да билдирүү чыгарды. Көптөгөн тынчтандыруучу нерселерди өз ичине алган бул билдирүүдө Талибан жетекчилери менен америкалыктар ортосунда узак жылдарга созулган Доха сүйлөшүүлөрү өз мөмөсүн бергени айтылды. Бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларынын бири – Талибан Американын аброюн кайра тикелөөнү кепилдеген болсо, Америка белгилүү бир шарттар менен анын Афганистан бийлигине кайтышын камсыздады. Келишүүдө Талибан тарабынан көптөгөн жан берүүлөр көрсөтүлгөнүнө, өлкөнүн ичиндеги жана сыртындагы ар бир тараптын көп абалдарда кызыкчылыктары ар түрдүү болушуна жана Талибан сүйлөшүүнүн натыйжаларын аткарууну кепилдегенине карабастан, америкалыктар Талибан менен тымызын аркан тартыш саясатына келишип алышты. Муну менен Талибандын Америка сызып берген жолдон жүрүшү т.а. эл аралык түзүмгө кириши жана аны ээрчиши кепилдениши керек болгон.

Ички жактан алганда, Талибан менен тартылып жаткан аркан саясаты сүйлөшүүлөр, демонстрациялар жана куралданган каршылык кыймылы аркылуу болду. Сүйлөшүүлөргө Абдуллах Абдуллах жана Афганистандын мурунку президенти Хамид Карзай жетекчилик кылды. Демонстрациялар болсо, өлкөнүн айрым шаарларында болуп өткөн, болуп жаткан болсо, Түндүктөгү куралданган каршылык кыймылына Ахмадшах Масъуддун уулу Ахмад Масъуд жетекчилик кылды. Булардын баары АКШ тарабынан Дохада сызып берилген жол боюнча кадам ташташы үчүн жасалды.

Тышкы жактан болсо, өздөрүн Талибандын досу жана афган калкынын боордоштору катары көрсөткөн Пакистан, Түркия жана Иран сыяктуу мамлекеттердин ар бирине өзүнчө роль бөлүштүрүп берилген.

Талибанды Доха сүйлөшүүлөрүнө тартып жаткан мамлекет Пакистан болот. Талибан кыймылынын колдоочусу да, анын жан тамырын камсыздап берген, дагы эле камсыздап жаткан тарап да ушул Пакистан болот. Мисалы, жакын күндөр ичинде ал Афганистанга өтүүчү чегараларды ачып берди жана ал жерден Талибанга ички басымды жумшартуу үчүн азык-түлүк кербендери агып кирди…

Түркияга келсек, Эрдаган аны өлкөсү Талибан кыймылы менен кызматташып жатканына өтө кубанычта экенин билдирди. Ал Талибан жетекчилеринен муътадил билдирүүлөр айтылганын алкыштап, телевидение аркылуу сүйлөгөн сөзүндө: «Кыйынчылыкта да, жеңил учурда да Талибан тарабында туруу убадага жана боордоштукка бек туруу дегени», – деди. Ал: «Афганистанда түрк күчтөрүнүн жайгашуусу жаңы администрация үчүн эл аралык майданда күч тартуулап, аракетин жакшыртат», – деп кошумчалады.

Ирандын позициясы да, бир аз уялып болсо да, Талибанды колдоп-кубаттоо болду. Анын президенти Ибрахим Раисий мындай сөздөрдү айтты: «Американын Афганистандагы аскерий ийгиликсиздиги бул өлкөдө туруктуу тынчтык орнотулушуна мүмкүнчүлүк жаратат. Иран мунун ишке ашышына албетте жардам берет». Ал бардык афган партияларын өлкөдө улуттук жарашууга жетишүү үчүн аракет кылууга чакырды.

Бул үч мамлекет (Пакистан, Түркия жана Иран) туура жол көрсөтүүчү насаатчынын терисин жамынып алышып, баары Американын талаптарын аткаруу үчүн арканды тартышууда.

Россия менен Кытайга келсек, алар да өздөрүн Талибан кыймылына дос кылып көрсөтүшүүдө. Россия тышкы иштер министрлиги Кабулдагы өз элчилигинин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо үчүн Талибан менен келишим түзгөнүн билдирди. Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай деди: «Россия Талибандын Афганистандагы башка күчтөр менен сүйлөшүүгө даяр экендиги жөнүндөгү билдирүүсүн жогору баалайт». Ал: «Россия Афганистан боюнча Москва уюштура турган ишти кайра баштоого даяр», – деди. Ал: «Россия сүйлөшүүгө чакырат жана аны иш жүзүндө аткарууга аракет кылат», – деп баса белгиледи. Мурда Чеченстан отунда өрттөнгөн Россия Кавказ өлкөлөрүн да, ал жердеги Россияга нааразы болгон калкын да жакшы билет. Ошондуктан, бул кафир мамлекет Талибанды Исламдан алыста кармап турууга катуу аракет кылууда.

Кытайдын позициясына келсек, Кытайдын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы анын «өлкөсү Талибан кыймылы менен байланышып жатканын жана байланыша беришин» билдирди. Кытай Эл аралык Байланыштар Институтунун Түштүк-Чыгыш Азия уюмунун айтымында, Кытайды Талибан менен үч негиз байлайт: саясий, экономикалык жана коопсуздук. Себеби, Афганистандагы саясий туруктуулуктун Кытайдагы абалга салмактуу таасири бар. Экономикалык негизге келсек, Кытай баалуу минералдык ресурстарга бай Афганистанга эбак эле инвестиция жаткырган. Мындан тышкары, курулуп жаткан «Бир алкак, бир жол» долбоору да Кытайды Европа менен кургактык аркылуу байланыштырат. Ушул көз караштан алганда, Афганистан да ойрон кылынган экономиканы кайра тикелөөгө Кытайдын инвестицияларына өтө муктажмын деп эсептөөдө. Ал эми, Кытайдын көбүрөөк тынчсызданышы анын колонизаторлук чеңгелинен чыгууну каалап жаткан уйгур калкынын Афганистанга чектеш жайгашкандыгы. Негизи, Кытай Афганистанда ар кандай Исламдын болушунан коркот. Себеби, уйгур калкын исламий туйгулар аракетке келтириши мүмкүн. Ушул себептен улам, Кытай Талибанды Исламдан алыс тутуу үчүн аракет кылып арканды ушул тарапка тартууда.

АКШга келсек, сценарийди ойлоп тапкан да, анын аткарылышын көзөмөлдөп жаткан да Америка болот. Ал оюн арканынын негизги бөлүгүн колунда кармап, өз максаты үчүн каалагандай аракеттендирүүдө.

Европа мамлекеттеринин позициясына келсек, алардын абалы да коркууда калгандардын абалынан айырмаланбайт. Бонн, Париж, Лондон сыяктуу борборлордон Талибанды коркутуучу билдирүүлөрдү укпаган күнүбүз болбоду. Бул мамлекеттер Талибанды эгер келишилбеген жолду тандай турган болсо, эл аралык валютадан чектөө менен коркутуп жатышат о.э. Американы жемелешип, Афганистанда демократияны кура албады деп айыпташууда.

Талибандын мойнуна салынган экономикалык аркандарга келсек, Эл аралык Валюта Фонду Афганистандын өзүнүн корунан пайдалана албашын маалымдады. Фонддун маалымат катчысы: «Биздин Эл аралык Валюта Фондубуз эл аралык коомчулуктун пикири негизинде аракет кылат», – деди. Башка тараптан, акча которгон Western Union компаниясы Афганистанга бардык акча которууларды убактылуу токтотконун жарыялады. Белгилүү болгондой, бул акча которуулар калк үчүн маанилүү финансылык булак болуп эсептелет. АКШ администрациясындагы бир расмийдин «Франс-Пресс» маалымат агениттигине кабарлагандай: «Афганистан өкмөтүнүн Борбордук Банкынын АКШдагы 9 миллиард долларлык активдери Талибанга берилбейт».

Бул саясаттардан максат – Талибанды Исламдан алыстатуу… Анын ар бир кадамы жан берүү болушу керек. Германия тышкы иштер министринин бул сөздөрү бардык колонизаторлордун ниетин айгинелейт: «Эгер, Талибан Халифалыкты жарыя кыла турган болсо, Германия аны колдоп-кубаттоону токтотот».

Демек, бул мамлекеттердин коркуп жаткандыгынын себеби жана коркуу жөнүндөгү тилектеш пикири – Халифалык.

Талибан кыймылына ушуларды айтабыз, алар жан берүү жолуна кадам ташташты жана бул жарга алып баруучу жол. Силерден мурда Судандагы Инказ өкмөтү да ушул жолдо кадам таштаган жана жарга кулаган… Мисирдеги Мурсий да ушул жолдо кадам таштап, ал да заматта кыйроого учурады. Хамас кыймылы да демократия оюнуна ыраазы болуп, кылган иши Фаластиндин калган жерлерин да ыдыратуу болду. Эми, алдыңарда Тунистеги Нахза кыймылы турат. Ал Исламдан бүтүндөй суурулуп чыкканын жарыя кылды жана анын жетекчилери «биз илманий партияларбыз» деп ачык айтышты. Бирок, мындай жан берүүлөрү аларга таптакыр пайда бербеди, тескерисинче, бийликтен баштарын ийип чыгып кетишти. Демек, силер, Талибандар да билип койгула, илманийликке ыраазы болууга жана ага кошулууга Аллах ыраазы болбойт. Себеби, Аллах аруу жана Ал аруу амалдарды гана кабыл кылат. Силер эгер бул дүйнөдө күч-кубат жана Ахыретте нажат берген куткаруучу жолдон жүрүүнү кааласаңар, бул аркандардын баарын үзүп салгыла жана Аллахтын арканын бекем кармангыла. Жалгыз – Аллахтын арканы нажат жана куткаруучу. Жалгыз ушул жол гана бекем туура жол. Ишиңердин даярдыгын көрүп, Америкага согушта жетише албаган максатына жетишине жол бербегиле!

Роя гезитинен

turkistonkg

Recent Posts

2025-жылдын 3-марты – Халифалыктын кыйрашына 101 жыл толду

Басма сөз баянаты 2025-жылдын 3-марты – Халифалыктын кыйрашына 101 жыл толду Ушул күнгө байланыштуу, Хизб…

16 hours ago

Мээримдүүлүк – жакшы кулктардан

Мээримдүүлүк – жакшы кулктардан Момундардын эң жакшы кулктарынын бири – бул мээримдүүлүк. Бирок момундардын кимге…

18 hours ago

Эл аралык мыйзамдын калптары жана эл аралык соттун эки жүздүүлүгү

Басма сөз баянаты Эл аралык мыйзамдын калптары жана эл аралык соттун эки жүздүүлүгү Эл аралык…

2 days ago

Коомдогу негизги оорулар

بسم الله الرحمن الرحيم ПИКИР – баа жеткис БАЙЛЫК (3) Коомдогу негизги оорулар Коомдогу оорулардын…

2 days ago

Менин үммөттүмдүн бир тайпасы…

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Менин үммөттүмдүн бир тайпасы... Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

Өзбекстан бийлиги таравих намазына барган өспүрүмдөрдү cуракка алууда!

Өзбекстан бийлиги таравих намазына барган өспүрүмдөрдү cуракка алууда! Өзбекстанда берекелүү Рамазан айы кирип келиши менен…

3 days ago