بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
АКШ Британия жана Австралия менен биргеликте түзгөн аскерий союздун мааниси жана көлөмү
Суроо: АКШ Британия жана Австралия менен биргеликте түзгөн аскерий союздун (AUKUS коргонуу альянсынын) мааниси жана көлөмү кандай? Бул альянс Кытайга каршы түзүлдүбү? Же Британия жана Американын Францияга карата соккусубу? Анткени, Франция мындан мурун Тунисте Британия таасирине чекит койгон болсо, анын Гвинеядагы малайлары Америка малайларына каршы мамлекеттик төңкөрүш жасашты. Андан тышкары, Франция Америкадан көз карандысыз аскерий күч түзүүгө катуу аракет кылып келет.
Жооп: Бул суроолордун жообу айкын болушу үчүн ушуларды карап чыгабыз:
Бүгүнкү күндө АКШнын негизги стратегиялык максаты – Кытайдын өсүп келе жаткан таасирине каршы күрөшүү о.э. анын эл аралык экономикалык жана регионалдык аскерий кооп-коркунучтарын алдын алуу экени эч кимге, өзгөчө Кытайга сыр эмес. Ошондуктан, Кытай – алгач жарыя кылынганда эле – бул аскерий союздун максаттарын түшүнүп, ал кабыл алгыс нерсе экенин билдирди. О.э. бул союз «суук согуш менталитети» жана «идеологиялык тарапкечтик» негизинде түзүлгөнүн, «ядролук куралдарды жайылтпоо» жөнүндөгү келишимди бузуп жатканын баса белгиледи. «Кытайдын Вашингтондогу элчилигинин маалымат катчысы Лю Пэнъюй баса белгилегендей, бул мамлекеттер башка тараптардын кызыкчылыктарына каратылган же зыян жеткире турган эксклюзивдүү блокторду түзбөшү о.э. биринчи кезекте суук согуш менталитетинен жана идеологиялык тарапкечтиктен баш тартышы зарыл»… («Ал-Жазира», 2021-жыл, 16-сентябрь).
Ошентип, Кытай:
а) Шек-күмөнсүз, Кытай бул кадам жаңы ядролук альянс катары ага каршы каратылганын, ал кудум Советтер Союзуна каршы түзүлгөн НАТО сыяктуу болорун түшүнүп турат. «Ал-Жазира» «Вашингтон Пост» гезитинен цитата келтирет: «Бул союз Австралияга дизель кыймылдаткычтагы субмариналардын ордуна алдыңкы ядролук реакторлор менен аракеттенген суу астында жүргөн кемелерге ээлик кылуу жана пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. О.э. Австралияга ушундай бир чабуул кылуу жөндөмдүүлүгүн берет, эгер кандайдыр бир жаңжал чыкса, Кытай Австралиянын бул жөндөмүн эсепке алууга мажбур болот». («Ал-Жазира», 2021-жыл, 17-сентябрь). Башкача айтканда, бул келишим Австралияны суу астында жүргөн атомдук кемелер жана АКШнын Томагавк тибиндеги ракеталары менен камсыздайт. Муну менен Австралия Азиядагы Кытайга каршы жүзүктөрдүн бири катары аскерий жөндөмдүүлүгүн бекемдейт.
б) Кытай анын өсүп келе жаткан таасирине каршы каратылган АКШнын стратегиясы Вашингтондогу администрациянын өзгөрүшү менен өзгөрбөшүн жакшы билет. Бул стратегиянын негизги максаты – Кытайдын айланасындагы ага каршы мамлекеттерди күчөтүү о.э. Кытайды кошумча кооп-коркунучтар менен курчап алуу. Ошентип, Америка ачык деңиз зоналары жана навигация эркиндиги деп Кытайдын айланасындагы деңиздерди аскерийлештирүүдө. Муну өзүнүн аскерий техникасын түздөн-түз алып баруу аркылуу ишке ашырабы же Япония, Түштүк Корея, Австралия, Индия жана башка Кытайга каршы Азия топторун аскерий жактан түздөн-түз жана ачык колдоп-кубаттоо аркылуу ишке ашырабы, айырмасы жок. Америка Ирак жана Афганистандагы согуштары себептүү Кытайдын өсүп келе жаткан таасирин токтотуу саясаты кечиккенин түшүнүп турат. Өз кезегинде, Кытай да бул кечигүү Вашингтонду Кытайдын өсүп келе жаткан таасирин токтотууга үндөп жатканын билип жатат. Бул өтө кооптуу. Себеби, Трамп администрациясынын Япония жана Түштүк Кореяга ядролук куралдарды жеткирүү идеясы жана бүгүнкү күнгө келип Байден администрациясы Австралияга суу астында жүргөн атомдук кемелерди убада кылышы АКШнын Кытайга карата саясатынын кооп-коркунучун дагы да күчөтөт жана бул саясат мындан кийин эл аралык конвенцияларга моюн сунбайт.
а) «АКШ администрациясынын жогорку даражадагы чиновниктери «Коргонуу тармагындагы бул кызматташтык Кытайдын региондогу таасири күчөп жаткан учурда болуп жатканын» билдирди. АКШ президенти Жо Байден өз билдирүүсүндө: «Британия жана Австралия менен түзүлгөн AUKUS коопсуздук келишими бул мамлекеттерге эң заманбап манёвр кылуу жөндөмүнө ээ болуу о.э. тез өнүгүп жаткан кооп-коркунучтарга каршы туруу мүмкүнчүлүгүн берет», – деди».
б) «Британия премьер-министри Борис Жонсон АКШ жана Австралия менен үч тараптуу коргонуу кызматташтыгы Индия-Тынч океаны регионунда коопсуздук жана туруктуулукту сактоо үчүн биргеликте аракет кылууга багытталганын айтты. Анын сөдөрүнө ылайык, бул кызматташтыктын негизги милдети – Австралияга суу астында жүргөн атомдук кемелерге ээ болуусуна жардамдашуу».
в) Башка тараптан, Австралия премьер-министри Скотт Моррисон «анын өлкөсү салттуу суу астында жүргөн кемелерди сатып алуу боюнча 2016-жылы Франция менен түзүлгөн ири келишимди бекер кылганын, себеби, ал АКШ жана Британия жардамында ядролук реакторлор менен аракеттенген суу астында жүргөн кемелерди курууну абзел көрүп жатканын билдирди. О.э. ал Австралия ядролук куралга ээ болууга умтулбай жатканын, ядролук куралдарды жайылтпоо жаатында өз милдетин аткарууну улантып жатканын» кошумчалады.
а) «Франция тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Австралиянын суу астында жүргөн кемелерди сатып алуу боюнча Франция менен түзүлгөн мурунку келишимди бекер кыларын «Арттан сайылган бычак» деп сындады. Жан-Ив Ле Дриан «Франc Инфо» радиосуна берген интервьюда Франция кыянатка кабылып, ачууланып жана ызааланып жатканын, бул жагдайга Австралия Франция менен түзгөн келишимди бузуп, суу астында жүргөн атомдук кемелерге ээ болуу боюнча АКШ жана Британия менен кызматташтык келишимин түзүшү себеп болгонун билдирди…». («Ал-Жазира», 2021-жыл, 16-сентябрь). Жан-Ив Ле Дриан дагы мындай деди: «Президент Макрондун талабына ылайык, Кошмо Штаттардагы жана Австралиядагы элчилерибизди кеңешүү үчүн тезинен чакыртып алдым. Бул ыкчам чыгарылган чечим болсо да, Австралия жана Кошмо Штаттардын 15-сентябрдагы олуттуу билдирүүлөрү бул чечимдин туура болгонун актайт». («arabic.euronews.com», 2021-жыл, 17-сентябрь). Ле Дриан «Франc Инфо» радиосуна берген интервьюда дагы мындай деди: «Мен өтө ачууланып жатам… Союздаштардын ортосунда мындай нерселер болушу мүмкүн эмес… Бул – жаакка тартуу». («Deutsche Welle», 2021-жыл, 17-сентябрь). Элчилерди чакыртып алуу туурасындагы чечимден мурда «Франция өкмөтү Вашингтондо жума күнү өткөрүлө турган иш-чараны бекер кылды. Белгилүү болгондой, бул иш-чара Америка козголоңу убагында Франция чоң роль ойногон чечүүчү деңиз согушуна багышталган эле». («Ал-Жазира», 2021-жыл, 17-сентябрь).
б) Франция куралдуу күчтөрүнүн министри Флоранс Парли «Австралия салттуу суу астында жүргөн кемелерди сатып алуу боюнча Франция менен түзгөн ири келишимди бекер кылышы кооптуу жана өтө жаман кабар…» деп баалады. («Ал-Жазира», 2021-жыл, 16-сентябрь).
а) Франция Трамп администрациясынын саясатын ачык сындап, аны кабыл албастыгын айткан эле. Бул нерсе Түркия менен Греция ортосундагы Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги кризисте ачык көрүнгөн. Байден администрациясы келип, Афганистандан Европа мамлекеттеринин Кошмо Штаттарга көз карандылыгын көрсөтүп койгон таризде чыгып кеткен соң (бул мамлекеттер көз каранды эмес, союздаш катары көрүнүүнү каалашат) Франция Европа Союзунун курамында Америкадан (т.а. НАТОдон) көз карандысыз аскерий күч түзүү идеясын алга сүрдү. Башкача айтканда, Франция АКШнын Европа мамлекеттери үстүндөгү аскерий жетекчилигине дагы каршы болуп калды о.э. Американын Африкадагы таасирине каршы аракет кылууга батына баштады. Бул нерсе Гвинеядагы аскерий төңкөрүштө о.э. Франциянын Африкадагы Жээк мамлекеттеринде ишке ашырган аскерий аракеттеринде ачык көрүндү. Булардын баары Американын Францияга карата нааразылыгын жаратты.
б) Британиянын Европа Союзунун мамлекеттери менен алып барган Брексит сүйлөшүүлөрүнөн кийин Британия-Франция мамилелери кескин жамандашты. Эки мамлекеттин эч бири кескиндикти басаңдатууга аракет кылганы байкалбады. Бул абалды Европа Союзунан чыгып кеткен Британия Франция жана Европанын менен түзүлгөн келишим жана шарттар учурунда кежирдик кылып туруп алышында көрүүгө болот. Франция жана Европа Союзу мамлекеттери союздагы башка мамлекеттер Британияны ээрчип, ушул таризде союздан чыгып, союз келишимин бузууга тоскоолдук кылмакчы болгон көрүнөт. Бирок, бул нерсе Франция-Британия мамилелеринин болуп көрбөгөндөй жамандашуусуна алып келди. Алардын эл аралык саясаты сезилээрлик даражада бири-биринен ажырады. Франция Кайс Саиддин акыркы чечимдери аркылуу Тунисте бийликти колго алган соң, Британиянын эч бир кызыкчылыгын эсепке албай, ага каршы Америкадан жардам ала баштады. Мындай абал экөөсүнүн тең саясатында мурун болбогон.
в) Буга чейин, 2021-жылы май айынын башында Жерси аралы кризиси жүз берген. Белгилүү болгондой, Жерси Британия королдугуна караштуу арал болуп, Франция аймагынан болжолдуу 20 км. алыстыкта жайгашкан. Ошондо Британия Европа Союзунан чыккандан кийин француз балык улоо кемелеринин Британияга караштуу балык кармай турган аймактарга киришине жол бербөө үчүн өзүнүн аскерий кемесин жиберген. Франция аралды электр энергиясынан үзүп коюу менен коркутту, кийин Британия көргөн чараларга жооп катары, француз балыкчыларын коргоо үчүн өзүнүн полиция жана жээк сакчыларынын кемелерин жиберди. Булардын баары эки малекет ортосундагы мамилелердин чыңалуусу ылдамдап кеткенинен кабар берет. Бул абал Британияны Францияга сокку берүүгө жана Американы ага каршы коюуга үндөдү. Бирок, булардын баары Британиянын адаты жана айла-амалы боюнча жашыруун ишке ашырылды. Американын «Нью-Йорк Таймс» гезити жазат: «Лондон жана Вашингтон расмийлеринин айтымында, Британия өкмөтү Тынч океанында суу астында жүргөн атомдук кемелерди жайгаштыруу үчүн АКШ жана Австралия менен үч тараптуу союз түзүп, бул жааттагы ролун мурун эле баштаган». («Арабийя», 2021-жыл, 19-сентябрь).
г) Бирок, өзгөчө Америка үчүн эң кооптуу нерсе Франциянын Кытайга карата – Америка позициясына тескери түрдө – пацифисттик мамиледе болушу. «Париж анын союздаштары региондо Кытайга карата Франция кызыкчылыктарына коркунуч туудура турган кагылышуу стратегиясын ишке ашырышынан тынчсызданып жатат. Индия-Тынч океанындагы үч тараптуу союздук стратегияда жол берилген ар кандай аскерий жаңылыштык «Жаңы Каледония» жана «Франция Полинезиясындагы» бир миллион француз жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурат. Белгилүү болгондой, Франциянын бул эки маанилүү региону деңиз артындагы региондор катары таанылган…». Ошондуктан, Франция «кийинки жылдын башында Европа Союзунун төрагалыгын кабыл алгандан кийин Көз карандысыз Европа стратегиясынын багытын анык белгилеши, Европаны АКШнын коргонуу көлөкөсүнөн чыгарып алууга каратылган аракеттерди улантышы о.э. универсалдык күчкө айлануу үчүн Европа Союзунун эл аралык майдандагы ордун бекемдеши күтүлөт…». (2021-жыл, 22-сентябрь).
﴿بَأْسُهُمْ بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْقِلُونَ﴾
«Алар өз араларында кубаттуу, аларды биримдиктүү деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү ар түрдүү. Буга себеп, алардын акылсыз коом экендиктери» [59:14]
Бул мамлекеттерди ичинен курт кемирип бүткөн, ал тургай, алардын өз ара мамилелерин да кемирип жатат. Бул жакшылыктын кабарчысы о.э. Аллах Таала Өз дини үстөм болушун жеңилдетүү үчүн койгон сүннөттөрүнүн бири болсо ажеб эмес. Биринчи Ислам мамлекети тикеленгенде Фарс жана Рум мамлекеттеринин абалы да, алардын мамилелери да мына ушундай көрүнүштө т.а. муунтуп өлтүрүү жана ачык душмандык абалында болгон.
﴿وَإِذَا أَرَادَ اللَّهُ بِقَوْمٍ سُوءاً فَلَا مَرَدَّ لَهُ وَمَا لَهُمْ مِنْ دُونِهِ مِنْ وَالٍ﴾
«Качан Аллах кандайдыр бир коомго балээ жиберүүнү кааласа, анда, аны кайтарууга болбойт. Жана алар үчүн Андан башка аким жок» [13:11]
18-сафар, 1443-х.
25-сентябрь, 2021-м.
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…