Питер Хронек: Борбор Азиядагы коопсуздукка байкоо салып турабыз
Кабар: 25-29-сентябрь күндөрү расмий сапар менен Кыргызстанда болгон АКШнын Монтана штатынын адьютант-генералы Питер Хронек АКШ Афганистандагы кырдаалга жана Борбор Азиядагы коопсуздуккка байкоо салып турганын билдирди.
“Биз үчүн Кыргызстандын жана бул аймактагы бардык өлкөлөрдүн коопсуздугу, аймактык бүтүндүгү, көз карандысыздыгы өзгөчө мааниге ээ. Коопсуздук жаатында Кыргызстан каалаган өлкө менен кызматташа алат. Афганистандагы окуялар кандай нукка бурулбасын АКШ ар дайым аскерлерди окутуу, алардын кесиптик деңгээлин көтөрүү, техникалык жактан колдоо жаатында Кыргызстан менен кызматташат”, – деди Хронек.
Америкалык генерал иш сапары учурунда өзгөчө кырдаалдар министри, чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугуп, Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүккө да барды. Ал Кыргызстандын аскерий жетекчилиги менен кызматташууну талкуулады.
Комментарий: АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгарын жарыялагандан кийин региондогу мамлекеттер менен Афганистандан чыгарылган аскерлери жана техникалары үчүн аскерий база ачуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Бирок, АКШнын бул аракети Россиянын катуу каршылыгына дуушар болду жана Путиндин өзү Борбор Азиядагы өлкө башчылардын ордуна кескин жооп берип койду. Ошондон кийин АКШ Орто Азиядагы Россиянын аскерий базаларынан пайдалануу боюнча орус өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү тууралуу кабарлар пайда болду. Демек, Россия АКШга регондо аскерий база ачууга уруксат бербегени менен ага өзүнүн аскерий базаларынан пайдаланууну сунуштаган. Эгер Америка буга ыраазы болсо, Россия бир ок менен эки коён аткан болот. Россия бул аркылуу бир тараптан Афганистандагы кырдаал жана “террорчулар коркунучунун” алдын алуу милдетин Американын мойнуна жүктөсө, экинчи тараптан Россиянын аскерий базаларына жайгаштырылган америкалык аскерлердин аракетин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот жана алардын каалагандай аракет кылышына жол бербейт.
А бирок, АКШ өкмөтү Афганистандагы 20 жылдыкк баскынчылык согушунда берген курмандыктарынан жана жүз миллиарддаган доллардык чыгымдарынан оңой эле баш тарта койбойт. Ошондуктан, анын регионду толук бойдон Россияга таштап чыгып кетпестиги анык. АКШ мына ушундай эки тараптуу аскерий кызматташтык жана башка каржылык жардамдар аркылуу региондогу мамлекет башчыларды өзүнө тартууга аракет кыла берет. Учурда кыргыз бийлигинин Россияга “таарынып” турганы да ага пайдалуу болушу мүмкүн.
Абдурахман Адилов
Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде "Бардыгы…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу Урматтуу бир туугандар…
Басма сөз баянаты Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө…
Басма сөз баянаты Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз! 2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана…
Басма сөз баянаты Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда…
Басма сөз баянаты Яхудий вужуду Ливан жана Фалестинде мусулмандарды кыргын кылып жатканына себеп – исламий…