Жаңылыктар

Капиталисттик хазарат мөмөлөрүнөн: дүйнө климаттын өзгөрүшү себептүү өрттөнүүдө

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Капиталисттик хазарат мөмөлөрүнөн: дүйнө климаттын өзгөрүшү себептүү өрттөнүүдө

 Бул жылы дүйнөнүн беш континентинде тең өрттөр күч алды. Бул өрттөр бир нече мамлекеттерде көптөгөн адамдардын өлүмүнө, миллиондогон гектар токойлордун өрттөнүп күл болушуна алып келди. Табигый кырсыктар ушул убакка чейин эсептелип чыкпаган үлкөн зыяндарды алып келип, зыян көргөн калк кеңири көлөмдө көчүрүлүшүнө себеп болду. Франс-Пресс маалымат агенттиги билдиришинче, орус окумуштуулары бүгүнкү күндөгү өрттөр дүйнөлүк температуранын жогорулоосунун натыйжасы болгонун баса белгилешүүдө. Климаттын өзгөрүшү жана анын жер шарына аянычтуу таасири маселеси дагы эле түпкү чечимдерди күтүп турат. Бул арада жер шарынын чыгышынан батышына чейин курчап алган өрт абалдарына күбө болуп жатабыз. БУУнун отчётторунун биринде айтылышынча, «дүйнөлүк климаттын ысышынын кээ бир акыбеттери, алардын катарында, муздардын ээриши жана деңиз көлөмүнүн көтөрүлүшү кылымдар же миң жылдар аралыгында кайра ордуна кайткыс абал болуп калат». БУУнун отчётунда дүйнөдө температуранын жогорулоосу өнөр жай кылымынан мурунку доорго карата 1.5 даражага жетери божомолдонгон. Отчётто баса белгиленгендей, температуранын жогорулоосуна адамдын иш-аракети себеп болгон. Уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш өз билдирүүсүндө бул отчёт «адамзат үчүн кызыл сигнал жана коркунуч коңгуроосу. Казып алынган күйүүчү майларды өрттөөнүн натыйжасында жүзөгө келген, жылуулук борборлорунун газдары о.э. токойлордун кесилиши планетабызды муунтууда» деди.

Ооба, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экстремалдуу аба-ырайы акыркы апталарда дүйнө бойлоп кырсыктарды алып келүүдө. Күчтүү жаан артынан Европанын түндүгүндө суу ташкындары болгон болсо, түштүгүндө токойлордо өрттөр күч алды.

 

Роя гезити, №355, 2021-жыл, 8-сентябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында

Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде "Бардыгы…

23 hours ago

Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу Урматтуу бир туугандар…

1 day ago

Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө жол берип, Газаны колдошкондугу үчүн Тунис аялдарынын артынан түшүүдө!

Басма сөз баянаты Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө…

2 days ago

Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз!

Басма сөз баянаты Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз! 2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана…

2 days ago

Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда

Басма сөз баянаты Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда…

2 days ago