АКШнын “өзгөчө жеңиши”
Америка калкына кайрылган президент Жо Байден, 20 жылдык согуштан кийин АКШ аскери Афганистандан жеңилип чыгып кетишин “өзгөчө жеңиш” катары баалады. 20 жыл бою аскерий машыгуудан өткөрүлгөн жана заманбап аскерий жабдуулар менен камсыздалган 300 миңден ашык Афганистан улуттук коопсуздук күчтөрү Талибанга каршы күрөштө АКШнын үмүтүн актабаганын айткан Байден сөзүн төмөнкүдөй улантты:
“Мен бул согушту бүтүрүү тууралуу чечим кабыл алдым. Бул чечим Америка үчүн эң туура жана эң жакшы чечим экенине күмөнүм жок”, “Эми бул согушту бүтүрүүнүн убагы келди. Жаңы дүйнөдө жашап жатабыз. Терроризм коркунучу дүйнө жүзүнө жайылды. Бул жерде менин жоопкерчилигим 2001-жылдагы коркунучтарга каршы күрөшүү эмес, 2021 жана андан кийинки коркунучтар каршысында АКШны коргоо. Ал жерде (Афганистанда) миңдеген аскерлер турушу менен АКШнын коопсуздугу камсыздалбайт. Менин билишимче, террор коркунучу уланууда, бирок ал өзгөрдү. Башка мамлекеттерге да жайылды. Ошондуктан, биздин стратегиябыз өзгөрүшү керек”, – деди.
Комментарий: 20 жылга созулган Афганистан согушу Американы жардын кырына алып барып койду. Мужахид афган калкы Британия жана СССРди чөгөлөткөнү сыяктуу эле, АКШ жана анын коалициясын да жеңилүүгө мажбурлады. АКШнын Афганистандан чыгып кетиши мусулмандар үчүн улуу жеңиш болуп эсептелет. Бирок, ал Талибанды сүйлөшүү столуна тартуу менен согуш майданындагы жеңилүүсүн жеңишке айландырууга жетишти. Себеби, Америка дагы бир аз убакыт Афганистанда калганда, тумшугу ташка тийип, кордук менен чыгып кетерин жакшы билет болчу. Муну Байден: “Кытай менен Россия биздин Афганистанда калышыбызды каалап жатышат, эгер ошондой кылсак алардын каалоосу ишке ашмак”, – деген сөздөрү менен моюнга алды. Ушундай болгон соң, аброюн сактаган абалда, Талибандын мойнуна бир нече шарттарды илип чыгып кетиши албетте Америка үчүн жеңиш болуп эсептелет.
Дагы эскерте кетүүчү нерсе, Батыштын сүйлөшүү столдорундагы саясий куралы согуш майданында мусулмандарга каршы колдоно турган куралдарынан бир нече эсеге кооптуу. Батыш согуш майданында бурчка тыгылып калганда ушул куралын ишке салат. Мисалы, Сирия жана Иракта ушул куралдан пайдаланып, жеңишти мусулмандардан тартып алды. Ошондуктан, мусулмандар АКШ аскерлерин согуш майданынан кандай кууп чыккан болсо, АКШ дипломаттарын да кудум ошентип сүйлөшүү столунан кууп жибериши керек. Баскынчы АКШ менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр саясий тузак болуп, 20 жылдык жихаддын жана Аллах жолунда төгүлгөн кандардын натыйжасын жокко чыгарат. Себеби, ал шарттар боюнча Талибан Америка менен жакшы мамиледе болууга мажбур. Муну Талибандын маалымат катчысы Забиулла Мужахиддин: “Биз АКШ жана бүт дүйнө жүзү менен жакшы мамиледе болууну каалайбыз”, – деген билдирүүсү тастыктап турат.
Негизи Талибандан күтүлгөн иш, Талибан согуш майданында көрсөткөн эрктүүлүк жана тобокелди саясий майданда да көрсөтүшү керек эле. Башкача айтканда, Талибан Расулуллах ﷺ “Нусрат” талап кылган Бани Шайбан уурусу сыяктуу учурдагы саясий күчтөрдү эсепке албастан, Аллахтын күчүнө таянган абалда Халифалыкты жарыялашы жана бүгүнкү замандын ансоруна айланышы керек. Антпесе, Иран же Пакистан сыяктуу эл аралык саясатка көз каранды мамлекет болуудан башка чарасы калбайт.
Киямуддин Шариф
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…
Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…