Жаңылыктар

Афганистан мусулмандарына насаат жолдогон Оман султанатынын муфтийине насаат

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Афганистан мусулмандарына насаат жолдогон Оман султанатынын муфтийине насаат

Ал-Алам веб-сайтында хижрий 1443-жылы 9-мухаррам, миладий 2021-жылы 17-август күнү мындай кабар жарыяланды:

«Оман султанатынын муфтийи Ахмад ибн Хамд Халилий афган калкын «баскынчылар үстүнөн жетишкен фатхул мубин жана насрул азиз» менен куттуктады.

Ал Твиттерде жазган куттуктоосунда мындай деди: «Биз афган боордошторубузду баскынчылардын үстүнөн жетишишкен фатхул мубин жана насрул азиз менен куттуктайбыз. Аллахтын акыйкат убадасы жүзөгө чыккандыгы менен баарыбызды жана Ислам Умматын куттуктайбыз. Афган боордошторубуздан бардык проблемаларды биримдикте чечүүнү, ара жолдорго кетип калбоону, боорукеңдик, тынчтык жана келишүүчүлүк өкүм сүрүшүн, Аллахтын адилеттүү шариятын колдонуу жана ийгиликсиз тогут мыйзамга байланыштуу ар кандай нерсени четке кагып Аллахтын арканын бекем кармоону үмүт кылабыз».

Ал дагы мындай деди: «О.э. Аллахтын уруксаты менен, жакынкы күндөрдө Акса мечитибиз жана бардык басып алынган жерлерибиз азат кылынышын күтүп жаткан арзууларыбыз ишке ашышын үмүт кылабыз. Аллах Тааладан Өз жардамы менен бул нусратка бизди жетиштиришин сурайбыз. Бул нусраттын натыйжасында Уммат Аллахтан алысташканы жана өз ара бөлүнүшү себептүү бешенесине түшкөн шерменделик тагынан кутулат».

Роя:

Биз Оман султанатынын муфтийинин Афганистан мусулмандарына жолдогон бул насаатын жогору баалайбыз. Муфтий Аллах Субханаху ва Тааланын шариятын колдонууга, Аллахтын арканын бекем кармап, кан төгүүдөн сактанууга чакырыптыр. Бул – Афганистан жана афган калкын душмандан кызганган насаат. Биз да өз кезегибизде мусулмандарга насаат кылууга таянып, азирети муфтийге насаат жолдойбуз. Азирети дал ушундай насаатты биринчи Оман султанатындагы акимдерге жолдошу абзел болот. Аларды колдорунан кармап, жеке абалдарга жана айрым кылмыштарга, жаза-чараларга тиешелүү мыйзамдарга гана чектелбестен, башкаруу, экономика, таалим, ички саясат жана тышкы саясат сыяктуу турмуштун бардык тармагында шарият өкүмдөрүн толук колдонууга мажбурлашы зарыл эле. Бу дегенибиз, Оман султандыгындагы башкаруу түзүмү Ислам түзүмүнөн, Халифалык түзүмүнөн бүтүндөй алыс экенин түшүндүрөт.

О.э. Оман султанатынын азирети муфтийине Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн чын жүрөктөн ушуну да насаат кылабыз: Оман султандыгын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинин негизги бир бөлүгү болушу үчүн даъват кылыңыз. Анткени, Халифалык гана мусулмандарды бириктирет, алар менен биргеликте басып алынган бардык жерибизди, алардын катарында, мубарек Фалестинди азат кылууга аракетке келет, Исламды даъват жана жихад менен бүткүл дүйнөгө пикирий жетекчилик катары алып чыгат.

 

Роя гезити, №353, 2021-жыл, 25-август.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

5 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

7 days ago