بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Аллахка калыс болуп, акыйкат үстүндө бекем турмайынча нусрат келбейт
Шамда, өзгөчө, Диръа жана Жабали Завияда болуп жаткан окуялар өтө жаман жана бул эч кимге сыр эмес.
Бирок, илим ээлеринин жетекчилердин кылмыштарына ооз ачпаганы андан да жаман. Имам мечит минбарына чыгып, колубуздан дуа кылуу, финансылык жардам берүүдөн башка эч нерсе келбейт деп жатат. Бирок, имам аларды бул абалга алып келген балээнин башын жана проблеманын түпкү маңызын унуткан же өзүн унутканга салууда. Шек-күмөнсүз, балээнин башы жана проблеманын негизи – тил бириктирүүчүлөр жана донор мамлекеттерге кул болууну ыраа көргөн согушкер топтор.
Аллах Субханаху ва Таала айтат:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قُوا أَنفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَاراً وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ عَلَيْهَا مَلائِكَةٌ غِلاظٌ شِدَادٌ لا يَعْصُونَ اللَّهَ مَا أَمَرَهُمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ﴾
«Эй момундар, силер өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар болгон тозоктон сактагыла, ал (тозок) үстүндө катуу дил жана катуу кол, Аллах аларга буюрган нерсеге баш ийбестик кылбай турган, жалаң гана өздөрүнө буюрулган нерсени кыла турган периштелер турат» [66:6]
Расулуллах A айтат:
«الْعُلَمَاءُ وَرَثَةُ الأَنْبِيَاءِ»
«Уламалар – пайгамбарлардын мураскорлору».
Биз өз позициябызды Аллахка жакын кыла турган, Анын каарынан алыстата турган негизге курушубуз зарыл. Анткени, тозок отунда аз эле мөөнөт күйүү жөнүндө ойлосок, коркууга түшөбүз. Бул отко олтургузулуп коюшубуз жөнүндө ойлосокчу… Андан бизди да, силерди да Аллахтын Өзү сактасын. Дүйнөнү ниъматтары, баары бул от алдында эч нерсе эмес, муну салыштырып да болбойт.
Ошондой болгон соң, силер, Шам калкы, айрыкча, согушкерлер жетекчилердин кызмат берүү туурасындагы убадаларына да, камакка алуу жөнүндөгү коркутууларына да алданып калбагыла.
Нусрат бекем туруу, курмандык берүү жана Аллахтын Өзүнө калыс болуу менен келет. Акыры, бизден мурдагылар курмандыктар бербегенде жана Аллах Азза ва Жалланын нусраты аларга келбегенде, Ислам да бизге келмек эмес. Биздин карманган позициябыз тарыхтын барактарына эле жазылбайт. Балким, Аллах Азза ва Жалланын алдында да албетте жооп беребиз. Демек, Аллах Азза ва Жалланы ыраазы кылуучу амалдарды кылалы жана каарына туш болуудан сактаналы. Себеби, Анын каарына учуроо бул дүйнө жана Ахыреттеги зыяндан башка нерсе эмес.
﴿وَاتَّقُواْ يَوْماً تُرْجَعُونَ فِيهِ إِلَى اللَّهِ ثُمَّ تُوَفَّى كُلُّ نَفْسٍ مَّا كَسَبَتْ وَهُمْ لاَ يُظْلَمُونَ﴾
«Аллахка кайтарыла турган күндөн корккула! Андан соң ар бир жанга кылган иши үчүн толук акысы берилет жана эч кимге адилетсиздик кылынбайт» [2:281]
Роя гезити, №352, 2021-жыл, 18-август.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…