Афганистан

Россия “Талибан”ды террорчу уюмдар тизмесинен чыгаруу шартын билдирди

Россия “Талибан”ды террорчу уюмдар тизмесинен чыгаруу шартын билдирди

БУУнун Коопсуздук Кеңеши “Талибан”ды террорчу уюмдар тизмесинен чыгаргандан кийин гана Россия аларды террорчу уюмдар тизмесинен чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу РФ президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдирди.

Анын айтымында, эгер талибдер “адам укуктарын коргоонун негизги принциптерин бузбаса” БУУнун Коопсуздук Кеңеши тийиштүү чечим кабыл алышы мүмкүн.

 “Алгач Коопсуздук Кеңешинин бардык мүчөлөрү жаңы өкмөт өзүн жакшы кармоого даяр экендигине ишеним пайда кылышы керек. Бардыгында ушундай көз караш пайда болгон соң процедура башталат”, – деди Кабулов.

О.э. Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечиминен кийин гана “Талибан”ды террорчу уюмдар тизмесинен чыгарышын кошумчалады.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши талибдерди 2003-жылы террорчулар тизмесине киргизген. Ошол эле жылы Россиянын Жогорку соту да “Талибан”ды террорчу уюм деп тааныган.

 Комментарий: АКШ “Талибан”ды аскерий жактан жеңишине көзү жетпеген соң сүйлөшүүлөр аркылуу саясий айла-амалдар тузагына түшүрүү жана ушул аркылуу жеңилгенин жашыруу максатында Катар өкмөтүн “Талибан”дын Дохада саясий офис ачышына уруксат берүүгө мажбурлады. 2013-жылы “Талибан” Дохада өзүнүн расмий офисин ачып, ошондон кийин Батыш мамлекеттери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

 2015-жылы расмий Вашингтон “Талибан”ды террорист эмес, куралдуу козголоңчулар деп эсептешин билдирди. АКШнын ошол кездеги президенти Обаманын расмий өкүлү Эрик Шульц “мындай айырмалоо америкалык аскер Боуи Бергдалды Гуантанамо камагында кармалып турган бир нече туткунга алмаштыруу учурунда маанилүү” экендигин айткан.

 АКШнын мындай аракети капиталисттик мамлекеттер өз кызыкчылыгы жолунда ар кандай ишке даяр экендигин, кызыкчылык үстүндө ал тургай өз  баалуулуктары менен  ишенимдеринен да баш тартышы мүмкүн экендигин көрсөтүп турат.

 Мисалы, АКШ каржы министрлиги тарабынан “Талибан” кыймылы антитеррордук санкциялар тизмесине киргизилген. О.э. АКШ улуттук антитеррор борбору да “Талибан”ды террорчу уюм деп эсептейт. Бирок, “Талибан” кыймылы АКШ мамлекеттик департаментинин “чет өлкөлүк террорчу уюмдар” тизмесине киргизилген эмес. Колонизатор кафирлер абалга карай эки жүздүү саясат жүргүзүү, өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу жана саясий манёврлар үчүн кеңири майдан калтырат.

 Россия өкмөтү да БУУнун артынан 2003-жылы “Талибан”ды террорчу уюмдар тизмесине киргизгени менен, кызыкчылык пайда болгон убакта “Талибан”ды расмий өкмөттүк деңгээлде күтүп алды. Москвадагы эң кымбат мейманканага жайгаштырып, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эми болсо талибдерди террорчу уюмдар тизмесинен чыгаруунун шартын жарыялап жатат. Эгер эртең сүйлөшүүлөргө зарылдык пайда болсо, “Талибандын” расмийлерин эч бир экиленбестен Москвага чакырып, алардын “террорчу” экендигин унутуп коёру турган иш. Андайда бүгүн айтып жаткан шарты т.а. “адам укуктары” эсине да келбей калат.

 Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Мужтахиддин сообу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

13 hours ago

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…

2 days ago

Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды

Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…

2 days ago

Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык

Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…

2 days ago

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago