Жаңылыктар

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты өткөргөн иш-чаралар

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты өткөргөн иш-чаралар

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Ислам өкүмдөрү жана алардын түрдүү турмуштук түзүмдөргө тиешелүү чечимдери жөнүндө коомдук пикирди калыптандыруу үчүн өлкөнүн шаар-айылдарында өткөрүп келе жаткан өзүнүн массалык иш-чараларынын алкагында 2021-жылы 21-июнь күнү Хартум шаарында массалык иш-чараларды өткөрдү:

Хизб Хартум борборундагы «Жаксон» аянтында «Күйүүчү май продукцияларына карата мамлекеттик колдоонун бекер кылынгандыгынын реалдуу себептери жана түпкү чечимдер» деген ар дайымкы саясий кайрылуусун жолдоду. Кайрылууда адамдарды чалгытуу үчүн өкмөт жүйөлөп жаткан жалган себептер жана мунун артында турган түпкү себептер о.э. бул Эл аралык Валюта Фондунун жана Дүйнөлүк Банктын көрсөтмөлөрүнө моюн сунуу экендиги жөнүндө сөз болду;

Хизб 2021-жылы 22-июнда Вад-Маданий шаарындагы чоң базардын аянтында «Көк Нил менен Түштүк Кордофанга автономдук башкаруу макамын берүү – бөлүп салынган Суданды дагы да бөлүп жаруу» деп аталган саясий кайрылуу жолдоду. Кайрылууда бүгүнкү өткөөл өкмөттүн улуттук өкмөттөрдүн жолун ээрчип, Жуба келишими сыяктуу саткындык келишимдерге кол койгону о.э. Көк Нил жана Түштүк Кордофан районуна автономдук башкаруу макамы берилип жатканы, бул кылмыштар эртең кезектеги бөлүнүүгө алып келери айтылды;

Хизб ушул маселе боюнча Умму Дурмандын батышындагы «Ливия базарында» 2021-жылы 23-июнда «Көк Нил менен Түштүк Кордофанга автономдук башкаруу макамын берүү – бөлүп салынган Суданды дагы да бөлүп жаруу» деп аталган саясий кайрылуу жолдоду;

Хизб Казориф шаарында 2021-жылы 24-июнда «Автономдук башкаруу – бөлүнүүнүн жана байлыктар таланып, жок кылынышынын башталышы» деген саясий кайрылуу жолдоду. Кайрылууда автономдук башкаруу долбоору чоң кыянат болуп, бул долбоордон АКШнын пландарын аткаруу көздөлгөндүгү, түштүктүн бөлүнүшү артынан бүткүл Суданды майда-майда мамлекетчелерге бөлүп салуу көздөлгөнү айтылды.

2021-жылы 27-июнда Духайнат шаарчасындагы «Калакла Лафа-Маркетте» Хизб мүчөлөрү «Кожоюндук шарияттыкы, бийлик Умматтыкы» деп аталган саясий баян өткөрүштү. Баянда Хизб мүчөлөрү кожоюндук парламент аркылуу өзүнө мыйзам чыгарып алган калктыкы эмес, шарияттыкы экендиги жөнүндө сөз сүйлөштү;

Хизб 2021-жылы 28-июнда Умму Дурманда «Адам ойлоп тапкан түзүм ийгиликсиз, чыныгы чечим – Халифалык» деген саясий баян өткөрдү. Баянда сөзгө чыккандар Суданда «эгемендүүлүктөн» тартып ушул күнгө чейин арты-артынан алмашып жаткан өкмөттөр, жарандык болобу, аскерий болобу, айырмасыз, алар дунявий өкмөттөр болуп, алардын ар бири өлкөнү башкара жана өнүктүрө алышпаганы, тескерисинче, өлкөнү кыйроо жакасына алып келишкени жөнүндө сүйлөштү;

2021-жылы 2-июлда Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын мүчөлөрү Касти шаарында «Судандагы башкаруу кризиси жана өткөөл доор маселеси» деген саясий баян өткөрүштү. Баянда Хизб мүчөлөрү: «Британия өлкөдөн чыгып кеткенден кийин да Судан калкы саясий туруктуулук ниъматынан куру калып жашоодо, себеби, кээде Европа элчиликтери аркылуу өкүм жүргүзүлгөн жарандык башкаруу астында, кээде Американын аскерий башкаруусу астында эч ким эч бир проблеманы чече албады», – дешти;

2021-жылы 9-июль күнү Хизб мүчөлөрү Касти шаарында өткөргөн «Халифалык мамлекетиндеги таалим негизи» деген саясий баянда Исламда таалимдин негизи исламий акыйда болуп, таалим программалары ушуга ылайык иштелип чыгары, мунун тескериси болуп, бүгүнкү күндө кафирлер мусулман өлкөлөрүндөгү таалим программасына ачыктан-ачык аралашып жатканы туурасында сөз сүйлөштү.

 

Роя гезити, №348, 2021-жыл, 21-июль.

turkistonkg

Recent Posts

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

24 hours ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 day ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 day ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 day ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

2 days ago

Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган саясий кайрылуу

Басма сөз баянаты Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган…

2 days ago