Тажикстандын эң көп карызы Кытайдан экендиги айтылды
“Экинчи жарым жылдыктын башында Тажикстандын мамлекеттик карызы 3,8 млрд долларды жетти. Бул цифра республика ИДПсынын 44,6 пайызына барабар”, – деп кабарлады Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххорзода.
Жылдын башынан бери мамлекеттик карыз 100 млн долларга өскөн.
Министрдин айтымында, мамлекеттик карыздын 3,3 млрд доллары тышкы карыз (87 пайыз), ал эми ички карыз болсо 500 млн долларга (13 пайыз) барабар.
Анын айтымында, мамлекеттик карыздын деңгээли мамлекеттин стратегиялык документтери нормаларына жана эл аралык каржы институттарынын сунуштарына туура келет.
Тажикстандын тышкы карыз боюнча эң чоң кредитору Кытай болуп жатат (1,2 млрд доллар), эл аралык каржы базарларында мамлекеттин облигациялары (евробонддор) жайгаштырылышы эсебинен карыздар 500 млн долларды түзөт.
О.э. Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана Эл аралык валюта фондунан да салыштырмалуу түрдө ири өлчөмдөгү карыздар бар.
Комментарий: Кытай, башка эл аралык каржы уюмдарынан айырмаланып, берип жаткан карыздары о.э. алардын пайыздык ставкалары жөнүндөгү маалыматтарды ачыктабайт жана карыз алуучу мамлекетке ар түрдүү демократиялык реформаларды өткөрүү, адам укуктарын коргоо сыяктуу шарттарды койбойт. Ошол себептен да акыркы жылдарда Кытай Орто Азиядагы диктатор режимдер үчүн негизги кредиторго айланып барууда. А бирок, Кытайдын өзүнүн экономикалык кызыкчылыктары бар. Жеңилдетилген кредиттердин негизги шарты Кытай каржылаган долбоорлорго кытайлык компаниялардын катышуусу. О.э. айрым булактарда келишинче, Кытайдын инвестиция боюнча келишиминде атайын бир берене бар болуп, ага ылайык мамлекеттер Кытайдан алган карызынын акысына эгемендүүлүгүнүн бир бөлүгүнөн баш тартышы керек о.э. Кытай менен эл аралык сотто соттошуу укугунан ажырашат.
Экономикалык жактан Борбор Азиядагы эң алсыз мамлекет болуп эсептелген Тажикстан Кытайдын “Эксимбанк”ынан алган карыздарынын акысына Кытай компаниялары үчүн эшигин чоң ачып койду. Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Тажикстандагы алтын кендеринин жарымынан көбүрөөгү кытайлык компанияларга берилген. Кытайдын компаниялары алтын кендердин 60 пайыз акциясына ээлик кылууда.
Мындан тышкары, тажик өкмөтү Кытайга карызы үчүн жерлерин берип жатат. Былтыр декабрь айында Тажикстан парламенти Кытай менен Тоолуу Бадахшан аймагын кытайга өткөрүү тууралуу 2011-жылдын январь айында түзүлгөн мамлекеттер аралык келишимди ратификациялады. Памир жеринин 1,1 миң квадрат километри үчүн Кытай Тажикстандын тышкы карызынын маанилүү бөлүгүн кечкен. Баса белгилей кетүүчү нерсе, парламент 100 пайыз макулдаганына карабастан, бул факт коомчулуктан жашырылды. Тажикстандын жарандары бул тууралуу октябрь айында гана кытайлык гезиттерден билишти.
Өкүнүчтүүсү, тууганчылык жана коррупция баткагына батып калган бул өкмөттөрдө элдин атынан алынып жаткан карыздар өз ордуна жумшалбай таланып кетет. Бул тогуттар алынып жаткан карыздардын жок дегенде бир бөлүгүн болсо да экономикалык өнүгүүнүн кепилдиги болгон оор өнөржайга жаткыруу жөнүндө ойлонуп коюшпайт. Алар алынып карыздардын жана өлкө байлыктарынын эсебинен бийлигин бекемдөө, өзүнүн жашоосун жана балдарынын келечегин камсыздоо жөнүндө гана ойлонушат. Натыйжада, карапайым калктын жаңы төрөлгөн балдары да мойнунда карыз менен төрөлүүдө.
Абдурахман Адилов
Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…
Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…
Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!! Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…
Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…