Жаңылыктар

Кыргызстан бийлиги чыныгы кылмышкерлер менен күрөшпөстөн мусулмандарга жалаа жабууда

Кыргызстан бийлиги чыныгы кылмышкерлер менен күрөшпөстөн мусулмандарга жалаа жабууда

Кыргызстанда быйыл кылмыштуулуктун деңгээли былтыркыга салыштырганда бир катар көрсөткүчтөр боюнча өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, январь-июнь айларында жалпысынан өлкө аймагында 23,5 миң кылмыш, 12 миң жорук катталды. Алардын көбү Бишкекте жана Чүй аймагында жасалган. Былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда кылмыштар 1,5 эсе, жоруктар 30% көбөйдү. Анын ичинен адам өлтүрүү 26%, зордуктоо фактылары 34% көп катталды. Паракорчулук 1,5 эсе, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары 36% көп болду.

Кыргызстан боюнча Аллахтын мыйзамында да оор кылмыш болуп эсептелген көрүнүштөр бийлик алмашкан сайын өсүп жатат. Бирок, ар келген бийлик аталган кылмыштарды жоюунун ордуна пакиза муслималардын жана момун мусулмандардын үйүнө бастырып кирип, кылмыш жоопкерчилигине тартууну адатка айландырып алды. Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик да бул салтты улантып, Пайгамбарыбыз с.а.в дын акааратталышына каршы акцияга чыкканы үчүн 29-мартта бир катар муслималардын үйүнө бастырып кирди. Алардын айрымдары сот жоопкерчилигине тартылуу астында турат! Буга кошумча социалдык тармактарда «лайк» басканы же исламий маалыматты бөлүшкөнү үчүн жыйырмадай адамга кылмыш иши козголду. Булардын артынан Чүй облусунун кылмышкер күч органдары Аксы районунан 41 жаштагы А.Б аттуу муслима эжебизди алып келип убактылуу кармоочу жайга камаганы белгилүү болду. Ушул орунда суроо туулат, жогорудагыдай чыныгы көйгөйлөр турганда бийлик эмне үчүн мусулмандарга жалаа жабууда?

Мусулмандарга жалаа жабуу иштеринде бийлик кафир колонизатор кожоюндарынын жана коңшу мамлекет бийликтеринин Исламга каршы тукурууларына моюн сунуп жатканы анык. Экинчиден, азык-түлүк кымбаттап, жумушсуздук жана жакырчылык күн санап өсүп жатат. Натыйжада бийликке нааразылыктар күчөп барууда. Ушундан улам, бийлик элдин көңүлүн «диний экстремизм» менен алаксытууга өтүүдө. Хизб мүчөлөрүнө жана аны колдоочуларга карата болуп жаткан бул жана мындан башка окуялар ушуну көрсөтүүдө. Негизи, бийликтин учурдагы милдети элди проблемадан алаксытуу эмес, проблеманын туура чечимин таап, адамдардын көйгөйлөрүн чечүү болушу керек эле.

Түпкүлүгүндө, «диний экстремизм» жок нерсе, бул колонизаторлордун Исламга каршы күрөшүү үчүн ойлоп тапкан жомогу. Кала берсе, Акаевден тартып бүгүнкү күнгө чейинки бийликтердин баарынын бийликке келип кетиши – алардын өздөрүнүн мыйзамына ылайык – экстремизмге туура келет.

Эй бийлик ээлери, силер да Үммөттүн бир бөлүгүсүңөр, андыктан Үммөттүн перзенттери болгон Хизб мүчөлөрүнө жалган-жалаа жаап, жабыр көрсөтүүчү залимдерден болуп калбагыла! Үммөт бүгүн кыйын абалда турат, анын көйгөлөрүн абзел көрүнүштө чечүү менен алектенгиле. Ал эми, эң туура чечимдер Исламда жатат. Анткени, силер башкарып жаткан капиталисттик мыйзамдар кылмышты азайтууга эмес, анын көбөйүшүнө жол ачып берет! Андыктан, чирик капиталисттик мыйзамдардын ордуна Аллахтын азиз жана адилет өкүмдөрүнө негизделген Ислам жаза-чара түзүмүн колдонууга жүздөнгүлө!

Эй орган кызматкерлери, ар кайсы төңкөрүштөрдө ар кандай күчтөр тарабынан кандай ташбараңдарга алынганыңарды эстегиле, эми болсо күчүңөрдү муслима жана мусулмандардан чыгарып атасыңарбы?! Акылыңарга келгиле! Аллах Таала айтат:

«Мумин жана муминаларга жазыксыз азар бергендер өздөрүнө жалган жалааны жана анык күнөөнү жүктөп алышты» [33:58]

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

1 day ago

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

3 days ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

7 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 weeks ago