بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Мароккодогу саткын режим яхудий вужудунун жарааттарын дабалоо үчүн биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрмөкчү!
Марокконун аба күчтөрүнө караштуу жүк ташуучу самолёт (израилдин) аба күчтөрүнө караштуу Хатзар базасына конду. Ушул аптада АКШ жетекчилиги астында бир нече мамлекеттер катышкан эл аралык биргелешкен аскерий машыгуулар өтүшү күтүлүүдө.
Бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Бул аскерий машыгуулар Марокко режиминин бир катар кыянаттарынын, тарыхтагы кара барактарынын бири. Яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу үчүн жашыруун келишим түзүү, аскерий жана коопсуздук макулдашуусуна кол коюу – булардын баары режимдин шерменде тизмесине кошулууда. Бир кездерде араб режимдери баскынчы яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырышы үчүн дарбазаларды ачып берген, муну менен Мисирдин мурунку президенти Анвар Садаттын алдындагы тоскоолдуктарды алып салган, 1982-жылы Фес конференциясында араб мамлекеттерин яхудий вужуду менен тынчтыкка жетишүүгө ачыктан-ачык чакырган тарап ушул Марокко режими болот!
Марокко режиминин бул кадамы мамлекеттеги королдор мунафыктык кылып жатышканын о.э. «Куддус комитети» деген нерсеге жетекчилик кылуу менен Фалестин маселесин жок кылууга урунуп жатышканын ачыкка чыгарды. Андыктан, алардын аскерий күн тартибинде Фалестинди, же Сеутаны, же Мелильяны азат кылуу жок. Алардын негизги камылгасы – чириген күрсүлөрүн аларды жек көргөн элдин каарынан сактап калуу жана көз карандылык саясатты улантуу үчүн шектүү союздарга кирүү.
Албетте, мындай аскерий манёврларды алып баруу коркок яхудий вужудуна эч кандай кошумча күч-кубат бербейт. Жок, бул сыяктуу провокациялык маневрлар Мароккодогу саткын режимдин батыраак кулашына о.э. Марокко калкынын мурунку заманына батыраак кайтуусуна салым кошот. Белгилүү болгондой, алар мурун Аксанын кайраттуу сакчылары болуп, Фалестинди азат кылууга чоң салым кошушкан.
Роя гезити, №347, 2021-жыл, 14-июль.
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…