بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хаят Тахрир Шам Шам тогутунан эмнеси менен айырмаланат?!
Хаят Тахрир Шамга караштуу «Ватад» нефть компаниясы күйүүчү май продукцияларынын баасын токтоосуз кымбаттатууда. Муну менен бирге, Идлиб жана анын айланасында негизги товарлардын баасы да кымбаттап жатат. Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы устаз Ахмад Абдулваххаб басма сөз билдирүүсүндө бул туурасында мындай деди: «Азат кылынган региондор деп аталып жаткан жерлерде баанын көтөрүлүп кетиши төмөнкү бир нече себептерге барып такалат: товарлардын белгилүү бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн монополия кылынышы жана атаандаштыкка жол бербөө. Бул монополия адамды ушул товарлардын баасына өкүмдар кылып, бааларды каалагандай кымбаттата турган кылат, өз кезегинде, бул кымбатчылыкка себеп болот. Кымбатчылыкты керектөөчү төлөп жатат… Керектөөчү – бул Шам тогуту астында жашоого ыраазы болбой, малын-жанын курман кылган жана үй-жайынан ажыраган мухажир. Анын үстүнө, бул жакта товарлардын баалары жогору болушунан тышкары, аларга чегарадан өтүүдө салынып жаткан салыктар да бар. Муну менен бирге, монополия кылынган күйүүчү май продукцияларынын баасын кымбаттатуу, өз кезегинде товарлардын бир шаардан башка шаарга алып баруу-транспорт каражаттарын да жогорулатууда. Мына ушулардан кийин адамдарды алдап, «бааларды иреттөө» деген шылтоо менен баалардын асманга көтөрүлүп кеткенинен чалгытышууда!».
Ахмад Абдулваххаб билдирүүнүн аягында ушуларды баса белгиледи: «Кымбатчылыкка каршы күрөшүү бааларды иреттештирүү менен эмес, сунуш жана суроо-талап мыйзамын ишке ашыруу, монополисттерге каршы күрөшүү, товарларга салык салбоо менен болот».
Роя гезити, №346, 2021-жыл, 7-июль.
Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде "Бардыгы…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу Урматтуу бир туугандар…
Басма сөз баянаты Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө…
Басма сөз баянаты Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз! 2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана…
Басма сөз баянаты Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда…
Басма сөз баянаты Яхудий вужуду Ливан жана Фалестинде мусулмандарды кыргын кылып жатканына себеп – исламий…