Америка континенти

Германия менен Америка Вашингтондо «Түндүк агым – 2» долбоорун талкуулады

Германия менен Америка Вашингтондо «Түндүк агым – 2» долбоорун талкуулады

АКШ менен Германия Орусиянын энергоресурстарды өз коңшуларына карата курал катары колдонуусуна каршы турат. Бул тууралуу 15-июлда Вашингтондо Жо Байден Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолуккандан кийин билдирди. Байдендин ырасташынча, Германия менен АКШ НАТОнун Чыгыш Европадагы өнөктөштөрүн Орусиянын басымынан бирге коргойт.

Меркелдин айтымында, «Түндүк агым – 2» долбоору боюнча Германия менен АКШнын көз карашы эки башка болсо да Украина транзиттик өлкө боюнча калат. Анткени, «Түндүк агым – 2» долбоору Украинаны алмаштыруучу эмес, кошумча долбоор болуп эсептелет. Эгер Орусия Украинага карата басым жасаса Европа Орусияга санкция жана башка куралдарын колдонот.

“Түндүк агым-2” түтүгү менен Орусиянын газын Украинанын аймагына кирбей туруп, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германияга жеткирүү каралган. Бул долбоор аркылуу Орусия энергоресурстарын Украинанын аймагы аркылуу экспорттобой калат. Натыйжада Украина транзит үчүн алып жаткан каражат да токтойт. Мындан улам, АКШ “Түндүк агым-2” ишке кирсе, Москванын Украинага карата басымы күчөйт деген пикирде. Ошондой эле Германия аркылуу Европага экспорттолгон энергоресурстар себептүү Орусиянын экономикасы бутка турушун каалабайт. АКШ тескерисинче, Орусиянын карыздар баткагынан чыга албаган, эбегейсиз аймакты ээлесе да Казакстан сыяктуу алсыз мамлекетке айланышын каалайт.

Эске салсак, Балтика деңизинин түбүнө жаткырылчу куурдун курулушу АКШнын санкцияларынан улам 2019-жылдын аягында токтоп калган. Бирок жакында Жо Байден бул маселени чечүүгө даяр экенин белгилеп, долбоорго катышкан немис компанияларына санкция салуудан баш тарткан. Орусия аны ушул жылдын аягына бүтүрүүгө аракет кылууда.

Белгилүү болгондой Германия менен Америка ортосунда келишпестик Трамптын башкаруусу учурунда күчөп кеткен. Трамп Германиядан НАТОнун ички аскерий каражатына кошумча акча берүүсүн талап кылган. Ошондой эле Америка менен Германия ортосундагы соода балансы да акыркы учурда Германия тарапка ооп кеткен. Маселен, 2016-жылы Америка менен Германия ортосундагы соода 165 миллиард еврону түзсө, анын 107 миллиард евросун Германиянын экспорттук товарлары түзгөн. Ошондой эле, Германия жаңы газ куурунан тышкары энергиясынын 60-70%ын Орусиядан алат. Мына ушул жагдайлардан улам Трамптын учурунда Германия менен болгон алака курчуп кеткен. Учурда Америка экономикалык жана финансылык кризистердин туткунунан кутула албай жатат. Чыгышта болсо Кытай экономикалык державага айланып, Америка базарларын ээлеп ала баштады. Мындан улам, Америка Европа менен бирге Кытайга каршы туруу позициясын карманууга мажбур!

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago