بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы Навид Батты азат кылуу талабы менен Судандагы Пакистан элчилигине барды
2021-жылы 14-июнь күнү Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) жетектеген делегациясы Хартумдагы Пакистан элчилигине баянат тапшыруу үчүн барды. Делегация төрагасын Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын борбордук алакалар комитетинин төрагасы устаз Насир Риза Мухаммадусман, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын межлисинин мүчөсү устаз Сулайман Дасис, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын борбордук аракалар комитетинин мүчөсү устаз Абдукадир Абдурахман, Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү мухандис Ахмад Жаъфар коштоп барышты. Пакистан элчиси же анын орун басарына тапшырылышы белгиленген бул баянат «Пакистанда Навид Баттын зомбулук менен уурдалганын токтотууга чакыруу» деп аталган. Бирок, Хартумдагы Пакистан элчилигинин өкүлү делегация менен жолугушуудан жана баянатты кабыл алуудан баш тартты!
Ушуга байланыштуу Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи:
Пакистан элчилигинин өкүлүнүн мындай аракети күтүлбөгөн нерсе эмес. Себеби, Ислам Умматынын калыс бир перзентин мыйзамсыз түрдө уурдап кетип, тогуз жылдан бери разведка абагында сотсуз камап келген өкмөттүн кызматкери ушундай кылышы табигый. Пакистан өкмөтү Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү Навид Батты 2012-жылдын 11-майда уурдап кеткен. Навид Баттын болгон «айыбы» чынчыл, калыс саясий муфаккир болгону о.э. өз өлкөсүн сүйүп, аны Америкага малай кызматкер өлкө эмес, эгемендүү өлкө болушун, Американын Афганистандагы баскынчылыгына каршы басымды азайтуу үчүн Уруулар регионундагы өз элин кыргын кылган өлкө болбошун каалаганы болду. Навид Батт Пакистандагы саткын генералдар жана малай расмийлерди сындап келген. Алар Американын өлкө армиясындагы маанилүү объекттерине жана өкмөттүн мекемелерине өз таасирин киргизип алышына жол беришкен.
Роя гезити, №344, 2021-жыл, 23-июнь.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…