بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Шам калкын канкор режимге кул кылып берүү маселесинде Россия менен Түркия бир пикирде
Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы устаз Ахмад Абдулваххаб ушуларды баса белгиледи:
«Шам калкын канкор режимге кул кылып берүү маселесинде Россия менен Туркия ортосунда келишпестик жок, келишпестик муну кайсыл жол менен ишке ашырууда. Мисалы, Россия согуш жолу менен аракет кылып Сирия ишин мүмкүн болушунча батыраак жыйынтыктамакчы. Ал эми, түрк режими жана анын артындагы турган АКШ болсо, шашылбай, бул ишти Америка каалагандай саясий жол менен чечмекчи. Бирок, эки абалда тең жыйынтык бир. Бул жөнүндө Россиянын Сириядагы ыйгарым укуктуу элчиси Александр Ефимов Орусия менен Түркия Идлиб туурасында келишип алышканын баса белгилеп, бул келишим «Сирия режимин кайрадан бийликке алып келүү» зарылдыгын бекер кылбайт деди. Александр Ефимов бул келишимдер «Россия күчтөрүнүн жардамына таянган Сирия армиясы азат кылган жерлерди бекемдөөгө салым кошконун» о.э. бул келишимдин айрым элементтерин ишке ашыруу жараяны «күтүлгөндөн көбүрөөк убакытты талап кылганын» баса белгиледи. Ал мындай деди: «Ошондой болсо да, биз бул маселеде Түркия тарап менен түрдүү багыттарда иштөөнү улантып жатабыз»».
Роя гезити, №344, 2021-жыл, 23-июнь.