Дин комиссиясы “Хидаят” борбору менен кызматташат
Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Бириккен Араб Эмирликтеринин “Хидаят” борборунун директору Али Рашид ал-Нуайми менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, диний билим берүү, экстремизмди алдын алуу боюнча тажрыйба алмашуу, диний уюмдардын кайрымдуулук иштери тууралуу сөз болуп, тараптар кызматташтыкты өнүктүрүп, чыңдоого ишеним билдиришти.
“Хидаят” борбору – экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюм.
Түпкүлүгүндө, “экстремизмди” Исламга каршы күрөшүү үчүн Америка ойлоп тапкан. “Экстремизм” бир куфр термини болуп, ал ушул учурда жалаң гана Исламга жана мусулмандарга каршы иштетилип жатат. Бирок ушул терминге түшө турган (экстремисттик) жол менен бийликке келгендерге болсо этибар берилбейт. Тескерисинче, эл аралык саясаттын басымы астында алардын демократиялык акы-укуктары мамлекет тарабынан кепилдениши талап кылынат. “Экстремизм, терроризм…” терминдери артында капиталисттик дүйнөлүк башкаруу системасы турат. Алар Исламдын дүйнөлүк башкаруу системасына кайтышынын алдын алыш үчүн иштетилет.
Демек, биз мусулмандар куфр коюп берген атамалар менен алек болбой, мабдаий дааватты көтөрүп чыгып, мойнубуздагы важиб милдеттерибизди аткарууга олуттуу этибар каратышыбыз керек! Эгер мабдаий даъватты үммөткө көтөрүп чыгууда суздук кылсак, куфр акыйдалары биз бошотуп койгон чөйрөнү ээлеп бара берет. Алар, биздин көз алдыбызда имамдарды өз жолдошторуна айландырып барышууда. Алар биз көңүл бурбай калган бардык тармактарды өз көзөмөлүнө алышмакчы. Андыктан, Ислам терисин жамынган дин комиссиясынын аракеттерине, аларды өз жүгүртөктөрүнө айланткан куфр саясатына кайдыгер карабайлы. Тескерисинче, куфрдун ар бир аракетине исламий мабдаъий позицияларыбыздан туруп какшаткыч сокку берүүнү көз ирмемге да токтотпойлу!
Мумтаз Маверранахрий
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…