Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард долларга жакындады
Экономика жана финансы министрлигинин кабарына таянсак, 2021-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 4 миллиард 933,6 миллион долларга жетти.
Мунун 4 миллиард 182,95 миллион доллары тышкы, ал эми 750,11 миллион доллары ички карыз.
Кабарда келишинче, быйыл январь-май айларында мамлекеттик карызды төлөө үчүн бюджеттен 13 миллиард 178,1 миллион сом бөлүнгөн. Анын 8 миллиард 340,7 миллион сому тышкы карызды, 4 миллиард 837,4 миллион сому ички карызды төлөөгө жумшалган.
О.э. министрлик билдиргендей, тышкы карыздын негизги бөлүгүн төлөө 2023-2028-жылдарга туура келет. Ошол кезде Кыргызстан жыл сайын тышкы карыз үчүн 350 миллион доллардан 400 миллион долларга чейин каражат бөлүп турушу керек болот.
Комментарий: Каржы министрлигинин маалымат кызматы былтыр тараткан кабарда, 2020-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 169 миллион 600 миң доллар экендиги айтылган. Демек, бир жылга жакын убакытта Кыргызстандын мамлекеттик карызы 764 миллион долларга көбөйгөн. Өкмөт 2020-2023-жылдарда мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу максатында стратегия иштеп чыккан. Бирок ошого карабастан мамлекеттик карыз өсүп жатат. Мунун себеби эмнеде? Бул абал анын ички башкаруу системасына байланыштуубу? Жок, андай эмес. Кыргызстандын карызга батып барышы негизи эл аралык башкаруу системасы тарабынан атайын пайда кылынган нерсе. Бул жараянда Кыргызстандагы саясий чөйрөнүн ролу анын коррупцияга батып калышында. Ушул коррупцияга баткан схеманы тышкы колонизатор мамлекеттер өнүктүрүп барат. Аларга Кыргызстан көбүрөөк карызга батып калышы үчүн карыздардын бир бөлүгүн өздөштүрүп алуу жөнүндө ойлоно турган коррупционер чиновниктер керек. Эл аралык саясаттын өкүлдөрү дал ушул арам тамак саясий топтон пайдаланат. Себеби, ал топ мамлекет үчүн карыз алып жатканда “оор өнөржайды өнүктүрүү үчүн, же болбосо, бүгүнкү күнгө чейин таланып-тонолуп кеткен ири ишканаларды калыбына келтирүү үчүн” деп карыз алышпайт.
Эл аралык система ушундай түзүлгөн дейсиң, ал система боюнча ири жана жетекчи мамлекеттер дүйнөнүн бардык жеринде жайгашкан кен-байлыктардан пайдалана алышат. Алсыз мамлекеттер болсо, өз аймагында жайгашкан байлыктардан да өз алдынча пайдалана алышпайт. Мисалы, Кыргызстандагы “Кумтөр” алтын кенин канадалык компания ээлеп алган, ал компанияны Кыргызстан ондогон жылдардан бери чыгарып жибере чыгара албай жатат. Себеби, бул дүйнөлүк компаниялардын артында эл аралык капиталисттик система турат. Алар өз кызыкчылыгын коргоо үчүн эл аралык сот системасын түзүп алышкан. Эл аралык мыйзамдарды кабыл алышып, өздөрүнүн бардык аракеттери үчүн ыңгайлуу шарттарды мыйзамдаштырып алышкан.
Кыргызстандын проблемасы – үстүбүздө эл аралык капиталисттик система турганында. О.э. ушул система түзгөн глобалдык саясатта жана Ислам дини арам кылган эл аралык мыйзамдардын бар болуп турушунда. Материалдык пайдадан башкасын эсепке албаган капиталисттик түзүм колдонулуп жаткан соң, Кыргызстан эч качан карызынан кутула албайт.
Абдурахман Адилов