Жаңылыктар

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты: залим режим кулатылмайынча шайлоолордун мааниси жок

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты: залим режим кулатылмайынча шайлоолордун мааниси жок

Батыш Халабдын Атариб шаарында Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты «Залим режим кулатылмайынча, шайлоолордун мааниси жок, Башар менен Баширдин ортосунда эч кандай айырма жок» деп аталган демонстрация өткөрдү. Чоң жамиъ мечитинен башталган демонстрациянын катышуучулары укоб байрагын көтөрүп, режимди кулатууну жана анын жалган шайлоолорун бекер кылууну талап кылышты о.э. канкор режимге каршы фронтторду ачууга чакырышты. Демонстранттар ушул плакаттарды көтөрүп чыгышты: «Бул шайлоо сахнасынын пардасы – эл аралык коомчулук, режиссёру – Америка», «Башар жана анын мыйзамдуулугун жокко чыгарган козголоң Башарды ээрчип жаткандарды да жакында жок кылат». Дагы бир плакатта эл аралык коомчулуктан чечим сурап жаткандарга мындай делди: «Биз Аллахтан башка эч кимден жардам сурабайбыз жана Ал ыраазы боло турган нерседен башкасына ыраазы болбойбуз».

Түндүк Идлибдеги «Тибатул имам» качкындар лагеринде «Асад да, шайлоолору да мыйзамсыз» деген демонстрация өткөрүлдү.

Ал эми, кече өлкөнүн түштүгүндөгү Даръа шаарында өткөрүлгөн демонстрацияны режимдин күчтөрү окко алышты… Алар Баширдин Даръал Махатта районундагы Сарая имаратынын жанындагы аскерий посттордо жайгашкан күчтөрү эле… Акыбетте, бир нече демонстрант жараланды. Активисттер тарабынан таратылган видеодо Даръада өткөн демонстрацияда жаштар шаар борборуна кирип жатышканы, посттогу режимдин аскерлери аларга ок атып жатканы көрсөтүлгөн. Бул чабуулда төрт демонстрант жараат алды. «Ахрари Хивран» журналисттер уюму кабарлашынча, канкор Башир жасалма шайлоолордо жеңип чыккандыгы жарыяланышы артынан демонстранттар Даръал Махаттага кирип барып, анын орнотулган чоң сүрөтүн жыртып салышты.

 

Роя гезити, №341, 2021-жыл, 2-июнь.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

2 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

5 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

7 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

7 days ago