Өзбекстан менен Тажикстан 36 келишимге кол койду
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүдөгү сапарында эки өлкө ортосунда 36 келишимге кол коюлду. Алардын арасында тажик товарларын Өзбекстандын аймагы аркылуу эркин өткөрүү, өзбек-тажик инвестициялык компаниясын түзүү, Тажикстандагы Заравшан дарыясында эки ГЭС куруу жөнүндө макулдашуулар бар.
«Cапардын жүрүшүндө 1 миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлду. Айрыкча транспорт жана транзиттик коридорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Мындан ары темир жол, автомобилдик жана авиакаттамдарды өнүктүрүүнү сүйлөштүк», – деди Мирзиёев.
Белгилүү болгондой, апрелдин соңундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан соң кыргыз тарап Тажикстан менен чек араны жаап, жарандарынын ары-бери каттоосуна чектөө киргизген. Мындай кадам Жапаровдун Орусиядагы сапарынын артынан дароо жасалган. Бул өз кезегинде тажик бийлигинин импорт-экспорт мүмкүнчүлүгүн чектеп, кошумча түйшүк жараткан. Эми Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбү сапарында кол коюлган келишимдер тажиктерге товарын сыртка чыгарууга жаңы мүмкүнчүлүк түзөт.
Өзбекстандын Борбор Азиядагы лидерлик үчүн жасап жаткан дымагы жана коңшу өлкөлөр менен түзүлгөн стратегиялык келишимдер Орусия кызыкчылыктарына тескери келүүдө. Мындан улам, Мирзиеевдин сапарынын артынан эле Орусиядагы легалсыз жүргөн 200 миң өзбек мигранттарын депортациялоо боюнча эскертүү берилди. Буга чейинки кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал дагы Орусия тарабынан уюштурулганы ачыкка чыккан. Муну эксперттер Орусиянын Борбор Азия интеграциясына каршы эскертүүсү катары баалаган. Анткени, Орусия Борбор Азия өлкөлөрүндөгү таасирин мигранттарга басым жасоо, чек ара чырын чыгаруу, улуттар аралык жаңжалды козутуу, аймактар аралык келишпестиктерди чыгаруу жана ички оппозицияны бийликке каршы колдоо сыяктуу рычагдар аркылуу сактап келүүдө. Андыктан, Борбор Азия калктары Орусиянын мына ушул ыплас оюндарынан этият болушу керек. Айрыкча, терроризм шылтоосу менен теракттарды жасап, жасалма диний коркунучту пайда кылуусунан да этият болуусу зарыл. Анткени, мындай туруксуздуктар артынан ЖККУ уюмундагы келишимдер шылтоосу менен Орусиянын аскердик экспансиясы башталышы мүмкүн. Колонизаторлордун мындай ыплас аракеттерине каршы туруу үчүн дини, тили, маданияты, салты жакын болгон Борбор Азия калктары Ислам мабдасынын айланасында биригиши шарт. Ансыз да мусулмандар мына ушул биригүүнү эңсеп турган чакта мындай иш оңой жана ушул күч гана колониялык ыплас саясатка каршы тура алат!
Мумтаз Маверанахрий
Турак жайды каржылоо долбоору арам баткагында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде "Бардыгы…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыйман, ислам, ихсан жана Кыямат тууралуу Урматтуу бир туугандар…
Басма сөз баянаты Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө…
Басма сөз баянаты Халифалык тикеленгенде чыныгы жеңишти майрамдайбыз! 2024-жылы 28-сентябрда Судандын Шенди, Атбара, Портсудан жана…
Басма сөз баянаты Пакистан өкүмдарларынын басып алынган Кашмир жөнүндө карманган начар позициясы баскынчы Индияны кайраттандырууда…
Басма сөз баянаты Яхудий вужуду Ливан жана Фалестинде мусулмандарды кыргын кылып жатканына себеп – исламий…