Талибан кошуна мамлекеттерди АКШ базаларына уруксат бербөөгө чакырды
Талибан кыймылы Афганистанга кошуна мамлекеттерди өз аймагында чет элдик базаларды жайгаштырбастыкка чакырды.
Маалымат каражаттарында АКШнын Борбор Азия регионунда аскерий базаларын жайгаштыруу планы жөнүндө көптөгөн кабарлар тарап жатканы себептүү Талибан ушундай билдирүү таратты.
Билдирүүнүн тексти “РИА Новости” агенттигине келип түшкөн.
“Биздин жерибизден башкалардын коопсуздугуна каршы пайдаланылбастыгын бир нече жолу билдирдик жана башкаларды да жерлери жана аба мейкиндигинен мамлекетибизге каршы пайдаланбастыкка чакырабыз ”, – деп айтылат Талибандын билдирүүсүндө.
Эгерде андай кылбаса “бардык кыйынчылыктар үчүн жоопкерчилик мындай катага жол берген тараптын мойнунда экендигин” баса белгилеген жана кошуна мамлекеттерди чет элдик күчтөрдү жайгаштырбастыкка олуттуу чакырган.
Буга чейин Американын “Wall Street Journal” басылмасы АКШ Афганистандан аскерлерин чыгарган соң, аларды Борбор Азия мамлекеттеринде жайгаштырышы мүмкүн экендигин, бирок учурда бул боюнча келишимдер жоктугун кабарлаган. Вашингтон 11-сентябрга чейин Афганистандан аскерлерин толук чыгарып кетерин билдирген.
Комментарий: АКШ Афганистандагы 20 жылдык баскынчылык согушунда жеңилди. Америка Талибан кыймылын аскерий жол менен жок кыла албаган соң, Талибанды сүйлөшүүгө тартуу жолу бар экендигин түшүнүп жетти. Себеби, Американын афган согушунан жеңилгенин көрсөтпөгөн абалда чыгып кетиши үчүн мындан башка вариант жок эле. Бул вариант Американын Афганистандагы стратегиясына айланды. Ошол себептен да ал Талибан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү жана келишимге ылайык, быйыл 11-сентябрга чейин Афганистандан чыгып кетиши керек.
А бирок, АКШнын 20-жыл бою берген курмандыктарынан жана жумшаган жүз миллиарддаган долларынан баш тартып, региондон жөн эле чыгып кетпеши анык. Мындан тышкары, 20 жылдан бери ташып келген курал-жарак, аскерий техника жана башкаларын кайрадан өз өлкөсүнө алып кетүү да кошумча чыгымдарды талап кылат. Ошол себептен да АКШ Афганистандан чыгып бара жатып Борбор Азия республикаларынын биринде аскерий база ачууга аракет кыла баштады. АКШнын региондогу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен аскерий база боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралуу кабарлар пайда болду. Бул болсо, Россияга жакпай турган иш. Россия бирер республика АКШ убада кылган акчага азгырылып аскерий база үчүн жер берип жиберишинин алдын алуу жана АКШга региондо ким кожоюн экендигин көрсөтүп коюу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды уюштурду. Бул аркылуу региондогу мамлекеттерге кубатын жана “тынчтыктын гаранты” экендигин, ал эми АКШга болсо каалаган убакта региондо жаңы “баш оору” пайда кылууга кудуреттүү экендигин көрсөтүп койду. Мындан тышкары, бир кезде АКШнын аскер базасын чыгарып жиберүүнү убада кылып, бирок убадасын аткарбаган Бакиевдин тагдыры эмне болгону Борбор Азиядагы президенттердин эсинен чыга элек…
Афганистанга кошуна мамлекеттер АКШга аскерий база үчүн жер бербей турган болсо да бул нерсе – Талибан кыймылынын эскертиши же мусулман мусулманга каршы кафирге жардам бербеш керек деген этибарда эмес – Россиядан корккону себептүү болот. Бул малай жетекчилердин өзүнө койсо, колонизатор кафир кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн эч бир ойлонбостон өз элин курмандыкка чалып жиберишет. Бул сөзүбүзгө кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуя мисал боло алат. Ал эми Талибан да билдирүүсүндө: “Биздин жерибизден башкалардын коопсуздугуна каршы пайдаланылбастыгын бир нече жолу билдирдик о.э. башкаларды да жерлери жана аба мейкиндигинен мамлекетибизге каршы пайдаланбастыкка чакырабыз”, – деп айтуу менен кафирлердин Үммөттү мамлекетчелерге бөлүп таштоо планын моюнга алууда.
Абдурахман Адилов