Палестина – Үммөттүн тагдырий маселеси!
Ыйык Рамазан айында жөөттөрдүн Аль Аксо мечитине кылган баскынчылыгынан улам дүйнөнүн төрт бурчунда мусулмандар акцияларды уюштурууда. Бул иш-чараларда «Армиялар Аксого» ураандары жаңырып, жөөт вужудунун аракеттерине каршы пикирлер айтылууда. Бул окуялардан улам Палестина маселесинин тарыхын жана саясий өңүтүн ачыктоо зарылчылыгы туулду.
Жакынкы Чыгыш анын ичинде Палестина аймагы адамзат тарыхында маанилүү аймактардын бири болгон. Перстер б.з.ч. 538-жылы Куддуста Вавилондуктардын үстүнөн жеңишке жетишти. Кийин б.з.ч. 332-жылы Александр Македонский бастырып келди. Андан кийин Куддусту б.з.ч. 63-жылы Рим ээледи. Византиялыктар доорунда, Ираклий падышачылыгы учурунда перс падышасы Кисронун кошуундары батыш тараптан бастырып келип, Сирия менен Палестинаны ээледи. 614-жылы перс кошууну Куддусту ээлеп алды. Бирок, Ираклий кайтып келип, өз күчтөрүн топтоду жана 623-жылы перстерди жеңди. Мына ушул доордо Мадинада Ислам мамлекети тикеленди жана Расулулла с.а.в.дын каты Ираклийге жетип барды. 636-жылы Умар р.а. учурунда Куддус фатх кылынды. Ушул доордон баштап Куддустун башка бир жаңы тарыхы башталды.
Куддустун тарыхы төмөндөгүдөй болот:
«(Алла) бир түнү Өз пендеси (Мухаммадды), ага аят-мужизаларынан көрсөтүү үчүн (Меккедеги) Масжидул Харамдан (Куддустагы) Биз айланасын берекелүү кылып койгон Масжидул Аксага саякат кылдырган (бардык айып-кемчиликтен) таза Зат. Чындыгында Ал угуучу, көрүүчү». [17:1]
636-миладий жылы Абу Убайда р.а кол башчылыгындагы кошуун Куддусту алганда, Умар ибн Хаттаб р.а Куддустун ачкычтарын патриарх Сафрониюстан өткөрүп алды.
Куддустун ыйыктыгынын дагы бир далили, анын Каъба кыбыла болуп өзгөргөнгө чейин, 16 ай бою мусулмандар үчүн намаздарында жүздөнө турган кыбыла болгондугу.
Умар р.а Куддустун ачкычтарын өткөрүп алган учурда, куддустуктарга тынчтык-амандык жана ибадатканалардын корголушу жаатында бир хужжат берди. О.э. алардан жизя алуунун ордуна Куддуста жөөттөрдөн бир да кимсе алар менен бирге жашабоосун шарт кылып, ахднама алды. Бул ахднама азырга чейин бар, аны патриархтар бүгүнкү күнгө чейин өздөрүндө сактап келишүүдө.
Ушул мезгилден тартып Куддус даруль-Исламга айланып, анын үстүнөн Ислам өкүмдөрү жүргүзүлдү. Анын тынчтык-амандыгы мусулмандардын амандыгына байланыштуу болуп калды. Анын калкы Ислам жарандыгына ээ болду. Ошентип, Куддус корголо турган Ислам диярына айланды. Ошондуктан, коргоо жана сактоо о.э. ага бирер душман кол сала турган болсо же бирер зордукчул баскынчы аны ээлеп ала турган болсо, аны кайтарып алуу бардык мусулмандарга кыямат күнүнө чейин парз болуп калат.
Азыркы учурда дүйнөдө “мекен” түшүнүгүнүн так аныктамасы жок. “Азыркы Палестина еврейлерге тиешелүү, ал жерде эң алгач еврейлердин бабалары жашашкан” дешет. Эгер мындай пикирлөөдөн келип чыксак, анда АКШ индеецтерге тиешелүү болушу керек болчу. Кафир империалисттер мындай аныктамалардан адамдарды адаштыруу үчүн гана колдонушат. Негизи, Исламда даруль-Ислам жана баладуль-Ислам түшүнүктөрү бар. Ислам өкүмдөрү менен жашаган мамлекеттин аймагы даруль-Ислам (т.а. Исламий Мамлекет) болуп саналат. Эгер Ислам Мамлекети аймагынан бирер өлкөлөрдү душмандар басып алышса, ал жерлер даруль-Ислам өкүмүнөн чыгып кетсе да, бирок, баладуль-Ислам (т.а. исламий өлкөлөр) болгон бойдон калат. Жана ал жерлерди даруль-Исламга кайтаруу үчүн аракет кылуу важиб болот.
Ошентип, Куддус Ислам диярына айланган соң, кийин, XI кылымда европалыктар Куддус шаарына бастырып киришти. Алар шаардагы бардык мусулмандарды өлтүрүп, союп, отко күйгүзүп жок кылышты. Ал жердеги жөөттөрдү жөөт ибадатканасына топтоп, өрттөп жиберишти. Кийин Салахуддин Айюбий жүрүш кылып, Куддуска кирди. Бирок ал насронийлерди кылычтан өткөргөн жок. Балким, бирер аял, бөбөк же кары адамга азап жеткирбестен, бардыгын шаардан чыгарып жиберди. 1517-жылы Израил аймагы Халиф Селим Iдин учурунда Усманий мамлекетке караган жана 400 жыл бул мамлекеттин башкаруусунда болгон. 1799-жылы Палестинага Наполеон чабуул жасап, Газа, Рамла, Ладом жана Яффа шаарларын басып алган. Наполеон жөөттөргө Палестинаны алып берүүнү убада кылган эле. Кийин Франция малайы Ибрахим паша жөөттөргө Палестинаны алып берүүнү убада кылып, 1832-жылы Палестина Ибрахим-паша тарабынан каратылып, Дамашк вилаятына кошулган. Наполеон Палестинада жеңилип, Египеттен бүтүндөй айдалып чыгарылгандыгы себептүү о.э. 1840-жылы кол коюлган Лондон келишимине ылайык, Ибрахим пашанын жеңилип Египетке кайтып келгендиги себептүү, бул убаданын экөөсү тең ишке ашпай калды.
Усманийлер доорунда да Куддус азиз бойдон сакталып турду. Кийин Абдулхамид рахимахуллох Куддуста сионисттерге жер сатылышына каршы туруп, сионизм жетекчиси Теодор Герцльге мындай жоопту жолдоду: «Доктор Герцльге жеткирип койгула, ал бүгүндөн кийин бул ишке эч кандай күч сарптабай эле койсун. Себеби, мен бул журттун бир карыш жери да башкаларга өтүп кетишине ыраазы эмесмин. Анткени, бул журт менин жеке мүлкүм эмес, балким, ал үммөттүн мүлкү. Үммөт болсо бул өлкө топурагын өз каны менен сугарган. Ошондуктан, эң жакшысы, жөөттөр миллион-миллион алтындарын өздөрүндө сактап коюшсун».
Сионизм жана еврей мамлекетинин негиздөөчүcү болуп Теодор Герцль эсептелет. Ал 1896-жылы өзүнүн «Еврей мамлекети» деген китебин жарыялаган. Кийинки жылы болсо еврей конгресин жетектеп калган. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Британия тышкы иштери министри Артур Бальфур декларация кабыл алып, анда Британия Палестинадагы еврейлердин улуттук конгрессин колдорун билдирген. Англис офицери Томас Эдуард Лоуренс да Файсал кошуунуна кол башчылык кыла баштаган. Усманий армияны кошумча күчтөрүнөн үзүп коюу үчүн Хижаз темир жолун бузууга киришкен учурда ал Британияга бир телеграмма жиберди. Бул телеграммада: «Биз бул Усманий мамлекетке сокку беришибиз жана аны кайтадан бириге албай турган даражада бир нече майда бөлүктөргө майдалап ташташыбыз керек», — деп жазган. Ага бул убаданы ишке ашыруу планын түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Британия Улуттар Лигасында таасир күчүнө ээ болгондугу үчүн, Палестина үстүнөн мандат укугуна ээ болуп алды. Ушундан кийин Палестинага жогорку комиссар кылып Герберт Самуэлди 1920-жылдан 1925-жылга чейин башкы комиссарлык кызматына дайындады. Ал болсо жөөт болчу. Бул ишти Британия өзү менен Франция арасындагы Сайкс-Пико келишимин аткаргандан кийин иш жүзүнө ашырды. Франция менен Британиянын ортосунда «Сайкс Пико» келишимине кол коюлуп, Жакынкы Чыгыштагы Сирия, Ливан – Франциянын колуна тийсе; Иордания, Месопотомия – Англиянын карамагына өттү. Палестина бул келишимге киргизилбеген эле. Себеби, Палестина кийинчерээк жөөттөргө мекен болуп калуусу үчүн ага карата атайын бир план иштелип чыгылган. Палестина маселесин чечүү үчүн Британия ишке киришти жана бул аймакта саясий, экономикалык, административдик шарттары корголгон “еврей үй-бүлөсү” түзүлдү. Ушуну менен 1920-жылы көз каранды Трансиордания аймагы түзүлүп, ал жерге еврейлердин көчүп келүүсүнө уруксат берилди. Ошентип, Британия Улуттар Лигасы тарабынан берилген 25 жыл мөөнөткө чейин Палестинанын үстүнөн мандатка ээ болуп алды. Анын мындан максаты Палестинаны жөөттөргө мекен кылып даярдап берүү т.а. Бельфур убадасын аткаруу эле. Мына ушундайча бүгүнкү күндөгү кагаздан жасалган карышкыр мамлекет — «Израил» пайда болду.
Британия Палестинада еврейлер үчүн саясий, административдик жана экономикалык шартты түзүп берүүгө мандат алды. Мандат документи 1922-жыл 24-июлда жарыя кылынган болсо, Палестина өкмөтүнүн конституциясы 1922-жылы 10-августта жарыя кылынды жана биринчи, экинчи жана үчүнчү ак китеп иштелип чыгылды, о.э. бир канча текшерүү комиссиялары келди. 1930-жылы Британия «Ак китеп» келишимин жарыялап, еврейлердин Палестинага иммиграциялануусуна каршы токтомду жокко чыгарды. 1947-жылы 29-октябрда БУУ ассамблеясы Палестинаны бөлүп жиберүү жөнүндө резолюция кабыл алды. Бул кооптуу 181-резолюция Палестинаны бөлүп жиберүү кылмышы менен бирге башка бир кылмышты да т.а. Куддуска эл аралык түс берүү кылмышын да алып келди. Куддуска эл аралык түс берүү негизи Рим папасы сунуш кылган пикир эле. Бул пикирден максат, капыр Батыштын Куддус иштерине аралашышы үчүн жол ачып бөрүү эле. Бул резолюциядан кийин Британия БУУнун сунушу менен Палестинанын үстүндөгү мандаты түгөнгөнү туурасында токтом кабыл алды. 1948-жылы Британиянын мандаты бүттү жана ал өзүнүн танкалары менен курал-жарактарын жөөттөргө калтырып, Палестинадан чыгып кетти.
14-майда Давид Бен-Гурион еврей мамлекетинин эгемендүүлүгүн жарыялады. Аны дароо Америка, Россия жана Британия тааныды. Ошондон кийин Палестинаны коргоо үчүн жети араб мамлекетинин кошуундары алып кирилгендиги жарыя кылынды. Алар киргенден кийин кыргындар башталды жана согуштар күчөп кетти. Кийин эки тарап ортосунда төрт жума ичинде тынчтык келишими орнотулду. Бул болсо, жөөттөргө көп өлчөмдө курал-жарак алып кирип алышына мүмкүнчүлүк жаратып берди. Ошону менен бирге, өз аймагын кеңейте алды. Америка Палестинаны бөлүштүрүү туурасында токтом чыгаруу үчүн Британия менен биргеликте бул маселени өз мойнуна алды. Бирок, Американын ниети Британияны өз колонияларынан чыгаруу жана анын ордун ээлөө болгондуктан, азыркы учурда Жакынкы Чыгыш региону жалаң өз таасирине өтө турган аймак болушуна бар күчү менен уруна баштады. Ошондуктан, Палестина жана арабий аймак маселесин ушул чөйрөгө киргизди. Себеби, ал нефть булактарына ээ болуп алууга бар күчү менен умтулат. О.э. ал Жолон деңсөөсүндө жана башка жерлерде өзүнүн аскердик базаларын куруу сыяктуу Палестина жана анын айланасындагы маселелердин чечиминин натыйжасында келе турган пайдаларга да ээ болууну каалоодо.
1949-жылдын баштарында Родосто «Израил» менен Египет, Иордания жана Саудия ортосунда башка-башка сүйлөшүүлөр башталды. Палестинанын жалпы майданы 24620 чарчы чакырым эле. Родос тынчтык келишиминен пайдаланып, жөөттөр андан 19000 чарчы чакырым жерди тартып алышты. Мандат доорунда Палестинада шаар жана уруулардан тышкары, 822 кыштак бар эле. Жөөттөр 486 кыштакты ээлеп алышты. Иордания аймагында 316 жана Египет аймагында 10 кыштак калды. Жөөт мамлекети жаңы аймактарда жөөт турак-жайларын кура башташты, өздөрүнүн бул аймактарга жайгашууларын ого бетер күчөтүштү. Мына ушул кыянатчыл келишимдер жана бүтүмдөргө кол коюу жана сүйлөшүүлөрдүн баары жөөттөрдүн бой көтөрүүлөрүн гана ашырды. Басып алууларын болсо такыр кемитпеди, балким тескерисинче, Палестина жерлери биринин артынан бири колдон кетип жатты.
1948-жылы сентябрда Газада Палестин өкмөтү дайындалып, анын башына Абдулла ибн Хусайн келди. Ушундан кийин соңку баскыч доору т.а. араб мамлекеттеринин жана Палестина азаттык уюмунун, бул уюм Палестина режимине айлангандан кийин болсо, бул режимдин жөөттөр менен келишимдерге кол коюу салтанатынын дооруна кезек келди. 1959-жылы Палестин өкмөтү Египет менен Сириянын биригишинин натыйжасында кулады. Кийинчерээк 1964-жылы Палестина азаттык уюмун түзүштү жана башка уюмдар да ага кошулду.
Палестина азаттык уюмунун кошуун күчтөрү кирип келди жана мусулмандарды куугунтукка алуу, жөөттөрдү коргоп, алардын кызыкчылыктарын сактоо о.э. палестиналыктарды күзөтүү үчүн Палестин полициясына айланды. 1967-жылы 6-июнда Израил армиясы Египеттин газадагы аскерин талкалап, Синай жарым аралына чегинүүгө мажбур кылды. 1989-жылы 30-мартта Тунисте өткөн 20-сессияда Ясир Арафат Палестина президенти болуп дайындалды. 13-сентябрь 1993-жылы Вашингтондо өткөн конференцияда Ясир Арафат менен Израиль премьер-министри Исхак Рабин өз алдынча башкаруу декларациясына кол коюшту. Ал эми 10-12-октябрда Палестин улуттук администрациясы түзүлдү. 28-сентябрь 1995-жылы Вашингтондо ПУА менен Израил ортосунда сүйлөшүү болуп, анда Палестин парламенти 82 адамдан туруп, 5 жылга шайлана турган болду. 4-сентябрь 1999-жылы Египетте өткөн сүйлөшүүдө 2000-жылдын сентябрына чейин чек ара маселеси тактала турган болду. Бирок Израилге жаңы премьер Ариэль Шарондун келиши менен сүйлөшүүлөр кайтарылды. Декабрь 2001-жылы Израиль Арафаттын бийлигин террорчуларга жардам берүүдө деп айыптап, “Фатх”,” 17-бөлүк” жана «Танзим» кыймылдарын террористтер деп атады. Ошентип 2005-жылы А. Шарон эч кандай эки тараптуу сүйлөшүүнү кабыл албай турганын билдирди. Газа секторунда “Хамас” кыймылынын таасири күчөп, 2006-жылы февралда болгон парламенттик шайлоодо 133 орундун 73үнө ээ болду. 2007-жылдын февраль айында Фатх-Хамас коалициялык бийлиги түзүлдү. Бирок көп өтпөй эки тараптын ыркы келишпей, 14-июнда Фатхтын лидери Махмуд Аббас өзүн Палестина президенти деп жарыялады. Ал эми Хамас сектор Газадагы бийлигин сактап калды. 23 ноябрь 2008-жылы М. Аббас кайрадан президент болуп шайланды. Палестина өкмөтүнүн жооптуулары Палестина калкын «Палестина мамлекети» деп аталмыш, болбогур, куру-кулку нерсеге сатып жиберишүүдө. Жөөттөр алардын койнун «кулку жаңгакка» толтуруп, бул болбогур нерсени Ослодо аларга «сатышкан» эле. Палестина өкмөт башчысы бул корлорчо баш ийүүнү, кордукка, баш тартууга ыраазы болууну «күчтөр таразасы душман пайдасына ооп турат» деген далил менен актоого урунууда. Араб жана мусулмандардын акимдери да муну кудум ушул себептин өзү менен акташууда.
Палестинаны азыркы учурда официалдуу түрдө БУУга мүчө болгон 134 өлкө тааныйт. Ошентсе да БУУнун туруктуу мүчөсү болгон АКШ, Британия, Франция тарабынан таанылбагандыктан, БУУга толук ыйгарымдуу мүчө болуп эсептелбейт. Себеби мүчөлүк ушул туруктуу мүчөлөрдүн уруксаты менен гана ишке ашат.
23 сентябрь 2011-жылы Махмуд Абас БУУнун башкы секретары Пан Ги Мунга Палестинанын БУУга толук ыйгарымдуу мүчө болуп кирүүсүн суранып кайрылды. Ал эми Израиль БУУга 11-май 1949-жылы мүчө болуп кирген.
2010-жылдын сентябрында АКШ президенти Б. Обама БУУ саммитинде араб-израиль конфликти жөнгө салынса Палестина эгемендүүлүк алышы мүмкүндүгүн билдирген. Ошентип, малай акимдер мубарек Палестина жерин, суудай аккан мусулман кандарын жасалма эгемендүүлүккө айырбаштамакчы болушуп, анын да өтөсүнө чыга албай жатышат. Ал эми Америкага таянган жөөт вужуду ар бир баскынчылыгынан илхом алып, зулумдуктарды дагы да күчөтүүдө. Акыры Трамптын учуруна келип, бул аракеттер Иерусалимди жөөт вужудунун борбору катары жарыяланышына чейин жетип келди. Ошондой эле Трамп Батыш Жээкти жана Иордан дарыясын «Израилге» кошууну макулдады.
Учурда Палестина яхудий вужудунун ичиндеги «мамлекет» болуп, анын Иорданияга өткөн жолдорун яхудий вужуду көзөмөлдөйт. Бул мамлекет портко да, аэропортко да ээ эмес. Ал порт жана аэропорт куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенине карабастан, Асдуд жана Хайфадагы яхудий вужудунун портторунан пайдаланат.
Курал жагынан алып караганда, Палестина толук куралсызданган мамлекет болуп, бул мамлекетте эки багытта гана коопсуздук аракетине уруксат берилет. Биринчиси, ал ички коопсуздук (полиция) маселелери. Экинчиси шарттуу багыт болуп, ал яхудий вужудунун коопсуздугун сактоо. Америка планында анык жана катъий баса белгиленгендей, Америка жана яхудий вужуду бул мамлекетти моюнга алышы үчүн, ал Хамас жана Жихад кыймылын о.э. башка куралдуу уюмдарды төрт жыл ичинде толук куралсыздантышы жана бул жараян тышкы байкоочулардын көзөмөлү астында ишке ашырылышы керек.
Америка планына ылайык, Акса мечити Иорданиянын макамын сактоо шарты менен – яхудийлердин коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүндө болуп, анда бардык адамдарга ибадат кылууга урухсат берилет. Биринчи кезекте яхудийлер аны өздөрүнүн ибадатканасына айлантышат. О.э. яхудий вужуду мусулмандардын белгилүү бир тобуна ал жерде намаз окууга урухсат берүү жоопкерчилигин алат. Бул түрдөгү мусулмандар «тынчтык менен келген мусулмандар» болот. Ал эми, яхудий вужуду «тартипти бузуучулар» деп эсептеген адамдар, мисалы, даъват кылган жана дарс бергендер мечитке киргизилбейт. Ошентип, Америка планында сунушталган «келечектеги Палестина мамлекети» мамлекет эмес жана ал мамлекет түшүнүгүнө да жакын келбейт деп айтуу мүмкүн.
Булардын каршысында мусулман өлкөлөрүнүн башчылары адаттагыдай куру кыйкырыктардан ары өтүшпөдү. А түгүл, Марокко, Судан, Дубайга окшогон өлкөлөрдүн саткын акимдери жөөт вужуду менен ачык дипломатиялык мамилелерди жолго салуу кербенин жарыялап жиберишти. Башкалары болсо азырынча жашыруун алакаларды бекемдеп жатат.
Бул алакалар тууралуу Эрдоган: “Биздин Израиль менен разведка кызматындагы алакабыз эч качан үзүлгөн жок, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Биз бул жерде кээ бир мамлекеттер сыяктуу эң жогорку чекиттеги адамдар менен кээ бир проблемаларды башыбыздан өткөрүп жатабыз. Эгер эң жогорку чекитте мындай проблемалар болбогондо, Израил менен мамилебиз таптакыр башкача болмок”, – деп билдирген.
Трамптан кийин келген Жо Байден администрациясынын позициясы да, Палестинага карата мурунку өтмүшдөштөрүнүкүнөн айырмаланбайт. Анткени, АКШ жетекчилигине кимдер келбесин, бул мамлекет жөөттөргө дос, мусулмандарга кас мамлекеттердин сап башында турат. Ошондуктан да, бүгүнкү биз күбө болуп турган кыргын уланып жатат.
Кафир державалардын колдоосуна таянган яхудийлер аларды жамдап турган улуттук мекенге ээ болдук деп ойлошууда. Бирок, алар мунун артында Аллахтын каалоосу турганын билишпейт. Себеби, Аллах аларды бүтүндөй жок кылуу үчүн бир жайга топтоону каалады.
Аллах Таала айтат:
﴿فَإِذَا جَآءَ وَعۡدُ ٱلۡأٓخِرَةِ لِيَسُۥٓـُٔواْ وُجُوهَكُمۡ وَلِيَدۡخُلُواْ ٱلۡمَسۡجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٖ وَلِيُتَبِّرُواْ مَا عَلَوۡاْ تَتۡبِيرًا﴾
«Качан кийинки (бузукулуктун) убакыт сааты келгенде, (алар дагы) жүздөрүңөрдү кара кылуулары, абалкы ирет киргендери сыяктуу Масжидул (Акса)га кирип, (аны тебелеп-тепсөөлөрү) үчүн о.э. ээлеп алган (бардык) жерлерди ойрон кылуулары үчүн (дагы душмандарыңарды силердин үстүңөргө жиберебиз)» [17:7]
Бухарий Ибн Умардан риваят кылган хадисте айтылат: Мен Расулуллах Aдын мындай дегенин уктум:
«تُقَاتِلُكُمْ الْيَهُودُ فَتُسَلَّطُونَ عَلَيْهِمْ، ثُمَّ يَقُولُ الْحَجَرُ: يَا مُسْلِمُ هَذَا يَهُودِيٌّ وَرَائِي فَاقْتُلْهُ»
«Яхудийлер силерге каршы согушат, силер алардын үстүнөн өкүмдарлыкты колго аласыңар. Ошондо, ал тургай таш да: «Эй мусулман, мына менин артымда яхудий турат, кел аны өлтүр», – дейт». Бул, Расулуллах A:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалык болот», деп убада берген Халифалык доорунда болот. Аллахтын урухсаты менен Халифалык дүйнөнүн чыгышына-батышына өкүмдарлык кылуу менен улуу мамлекетке айланат о.э. Азиз жана Хамид Заттын туура жолуна даъват кылат. Муслим Савбандан риваят кылган хадисте Савбан айтат: Расулуллах A айтты:
«إِنَّ اللَّهَ زَوَى لِي الأَرَضَ، فَرَأَيْتُ مَشَارِقَهَا وَمَغَارِبَهَا، وَإِنَّ مُلْكَ أُمَّتِي سَيَبْلُغُ مَا زُوِيَ لِي مِنْهَا»
«Аллах жерди мага көрсөттү, ошондо анын күч чыгышынан күн батышына чейин бардык жайларын көрдүм. Аныгында, Умматымдын бийлиги мага көрсөтүлгөн жайларга чейин жетип барат». Бирок, биздин максатыбыз Батыш сыяктуу калктарды колония кылуу, аларга зулум өткөрүү, байлыктарын талап-тоноо эмес. Тескерисинче, адамдар топ-топ болуп Исламга кириши, кафир болгон кимселердин сөзү төмөн, Аллахтын сөзү жогору болушу о.э. аларды адамдарга кулдук кылуу караңгылыгынан роббаний хидаят нуруна алып чыгуу биздин милдет. Бул болсо, Аллахтын убадасы. Эртеңки күн күтүп жаткан киши үчүн жакын.
Туркистон